Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Бишкекте мэрге каршы ишембилик өттү


Ишембиликтин жүрүшүнөн.
Ишембиликтин жүрүшүнөн.

Жаш активисттердин айтымында, мэр Иса Өмүркулов өз ишин жакшы аткарбай жатат жана анын ордуна натыйжалуу иштеген киши келиши керек.

Фэйсбук социалдык тармагы аркылуу чогулган элүү чакты активист колуна мүшөк көтөрүп алып, Бишкектеги борбордук Манас көчөсүн таштандылардан арылтышты.

Акциянын уюштуруучусу Айбек Баратов бул иш-чара аркылуу Иса Өмүркулов эл күткөндөй кожоюн боло албай жатканын көрсөтүп, ага каршы кол топтоп жатышканын айтты.

- Акция "Иса Өмүркулов кызматынан кетип, анын ордуна башка адам келсин" деген петицияга кол топтоонун бир бөлүгү. Мэр өзү муну саясий кампания катары эсептейт. Бирок бул жөн гана жарандык демилге, анткени биз анын ордуна жакшы, натыйжалуу иштеген адамдын келишин каалайбыз. Биз бүгүн ишембилик өткөрөбүз деп жарыялап койсок, эртеден баштап мэрия да баарын тазалай баштады. Бул сонун нерсе, биздин демилгебиз натыйжа алып келип атат, бирок, тилекке каршы, аларды түртмөйүнчө өздөрү эч нерсе кылбайт.

Жаш активисттер Ахунбаев көчөсүнөн баштап, мэриянын имараты жайгашкан Чүй көчөсүнө чейин жерде жаткан акыр-чикирлерди жашыл жана көк мүшөктөргө салып, мэриянын алдына алып келишти.

Элүү чакты активистти мэриядан эч ким тосуп алган жок, бирок он чакты адам турду. Ишембиликтин катышуучулары беш мүнөт фонтандын жанында туруп, акциясын аяктап, бири-бирине ыраазычылыгын билдирип, мүшөктөрдү жолдо турган “Тазалыктын” таштанды машинесине салышты.

Мэриянын жанында карап турган санитардык жана экологиялык инспекциянын башчысы Нурлан Керимкулов “Азаттыкка” маегинде активисттердин ишин туура деп эсептээрин, башка тургундар да кол кабыш кылып турса деген тилегин айтты.

- "Тазалык" деген ишканабыз бар, ал жакта 1400 адам эмгектенет. Алар күнү-түнү тазалап, шыпырып жатышат. Биздин тургундардын маданиятсыздыгынан ишкананын жумушчулары эртеден кечкиге чейин шаарды кыдырып, тазалап турат. Анан таштандыларды ыргытып аткан жарандардын 50 пайызы акча төлөбөйт, ошол үчүн каражат жагынан да маселелерибиз бар. Бирок биз болушунча аракет кылып атабыз.

Керимкулов күн жылыганы менен мэрия да Бишкекти бир нече тилкелерге бөлүп, ишембиликти баштаганын кошумчалады.

Ал эми борбор калаанын мэри Иса Өмүркулов шаарды тазалоодон сырткары жолдорду оңдоп, борбор калааны көрктөндүрүп, ар тармакты өнүктүрүүгө аракеттенип жатканын "Азаттыкка" билдирди. Мэр жаштардын демилгесин саясат катары сыпаттады.

- Эми мени кетириш үчүн себеп болуш керек го деп ойлойм. Эгер олуттуу себептер болсо, мен айттырбай эле өзүм кетем. Бул акция саясат да, таштандыга эч кандай тиешеси жок. Биздин саясат менен ишибиз жок. Ал эми ушундай жаштарыбыз шаарыбыздын ар кандай тармакта өнүгүүгө көтөрүп аткан демилгелерин сый-урмат менен колдоп, эгер сын-пикирлер болсо эске алып, баарын тең аткарууга даярбыз.

Активисттер 2012-жыл соңунда Фэйсбукта “Иса кетсин” деген топ түзүп, аны кызматынан кетирүүгө интернет жана кагаз аркылуу кол топтоп келатышат. Он миң кол чогулганда мэрди кызматтан кетирүү талабын койоорун айтышат. Азыркы учурда мэрге каршы Фэйсбукта 2 миңдей, кагазда 30 кол топтолду. Демилгечилер он миңге жеткириш үчүн дагы башка акциялар өтөөрүн айтышты.

Иса Өмүркулов 2010-жылы апрелдеги элдик толкундоолордон кийин шаар башчысы болгон. Мэрдин кызмат мөөнөтү 2015-жылы аяктайт. Мыйзам боюнча, ага чейин Бишкек шаардык кеңеши аны 3/2 добуш менен кетире алат.

XS
SM
MD
LG