Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

21:51 26.2.2017

Бириккен саясий күчтөрдүн штабы түзүлөт

Аны экс-президент Роза Отунбаева жетектеши мүмкүн. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы митингдин аягында билдирди:

- Мындан ары жалгыз “Ата Мекен” фракциясынын эмес, жалпы бириккен күчтөрдүн штабы түзүлөт. Биз аны Роза Отунбаева жетектеп берсин деп жатабыз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет имаратынын алдында Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өтүп жаткан митинг аяктады. Иманалиевдин айтымында, ал эртең Ак үйдүн алдында уланат.

Салянова: Бийлик чагым уюштурууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

19:39 26.2.2017

Шеримкулов: Текебаевди айыптоо - кыргыз бийлигин айыптоо

“Мен Өмүрбек Текебаевди чыгаргыла деп талап кылбайм, эгер күнөөсү болсо, анын күнөөсүн далилдесин” деди саясатчы, экс-спикер Медеткан Шеримкулов. Ал бүгүн митингде сүйлөгөн сөзүндө бийликтин оппозицияны куугунтуктап, камоосунан пайда чыкпасын белгиледи. Ал оппозиция, позиция болуп бөлүнбөй, өлкөдө тынчтыкты сактоо зарылчылыгын айтты. Шеримкулов Текебаевди күнөөлөп, көрсөтмө берген кишилерди Орусиядан алып келип, жоопко тартуу керектигин айтты:

- Өмүрбек Текебаевге пара бергенмин деп айыптап жаткан киши жалпы кыргыз бийлигине пара бергенмин деп айыптап жатат. Кылмыш кодекси боюнча пара берген киши да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Орусиядан алып келип, аны жоопко тартууга тийишпиз.

Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында өтүп жаткан митингге 500дөй киши катышууда. Алар “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулуусун талап кылышууда.

Текебаевдин жактоочуларынын Оштогу митинги

Ош: Текебаевди колдогондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

19:39 26.2.2017

Акун: КТРК “кара жащик” болуп калды

Коомдук телеканал оппозиция мүчөлөрүн бир тараптуу каралап жатат деген дооматын укук коргоочу Турсунбек Акун УКМК алдындагы митингде билдирди. Ал КТРК жетекчиси Илим Карыпбековго кайрылып:

- Карыпбековдун “кара жащиги” болуп калды. Бир тараптуу каралап атасыңар. Убагында Карыпкуловдун “кара жащиги” болуп жүрүп, Акаевди алып түшкөн. Эми азыр Атамбаевди алып түшмөк болуп турат.

Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында өтүп жаткан митингге 500дөй киши катышууда. Алар “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулуусун талап кылышууда.

Базар-Коргондогу Текебаевдин жактоочуларынын митинги:

Базар-Коргон: Текебаевди колдогондордун митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

19:38 26.2.2017

Аэропортто кармалгандардын төртөө беш суткага камалды

Текебаевди тосуп алууга барып, аэропортто кармалган 10 адамдын төртөө 5 суткага камалды. Төртөө эки суткага, бир киши бир суткага камалды. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттык” үналгысына билдиргендей, бир адам эскертүү алып бошотулду.

Мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарган. Алар "милицияга баш ийбегени үчүн" административдик жоопкерчиликке тартылган.

Бүгүн таңда "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү партия лидери Өмүрбек Текебаевди тосуп алуу үчүн "Манас" аба бекетине барганда Сокулук районунун милициясы кармап, алып кеткен.

Жалпысынан 14 адам райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Арасында журналисттер да болгон. Алар кийин бошотулган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG