Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Отунбаева: Текебаев чындык үчүн күйгөн адам


Отунбаева: Текебаев чындык үчүн күйгөн адам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

УКМК имаратынын алдында өтүп жаткан митингде экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү бардык саясый күчтөрдү чогулуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Учурда УКМК имаратынын алдына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу жана оппозицияны куугунтуктоону токтотуу талабы менен митинг өтүп жатат. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортунда Туркиядан келгенде кармалган. Бир күн мурун Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

XS
SM
MD
LG