Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Өмүрбек Текебаев эки айга камалды


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев билдирди:

- Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди эки айга камоо боюнча чечим чыгарыптыр. Биз бул маселени эртең парламенттин жыйынына алып чыгабыз. Текебаев менен чогуу иштешип келген депутаттарга адилет сөзүңөрдү айткыла деп айтабыз. 28-февралда болсо биздин мөөнөтсүз митинг УКМК алдында уланат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңкы саат үчтө “Манас” аэропортунан кармалып, камакка алынган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. "Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон", деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Текебаев бул доону четке кагып, өзүнө карата козголгон иш күтүлгөнүн, УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG