Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Дүйнөлүк саламаттык уюму: Жаңы антибиотиктер талап кылынууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөлүк саламаттык уюму адамдагы 12 патогендүү бактерия менен күрөшүү үчүн жаңы антибиотиктер талап кылынып жатканын кабарлады.

Патогендүү заттардын көбү азыр дүйнө калкынын бир топ бөлүгүнүн организмине кирип, антибиотикке туруктуулукту жаратууда. "Дарылоого такыр болбогон бул заттарга каршы бардык мамлекеттер саламаттык секторунда чоң изилдөөлөрдү жүргүзүүсү керек" дейт аталган уюм.

Уюмдун инновациялар боюнча директору Мари Пол Кейни:

- Антибиотиктерге туруктуулук күчөп бара жатат. Бул акыбалдан чыгуунун жолу да азаюуда. Буга кайдыгер мамиле жасабай, жаңы антибиотиктерди токтоосуз чыгарышыбыз керек, - деди.

Акыркы жылдары стафилококктун, клостридиумдун дары тоготпогон түрлөрү дүйнө калкынын саламаттыгына коркунуч жарата баштады.

Мындай бактериялар кургак учук, гонорея сыяктуу оор дарттардан чыгууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG