Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Учкунбек Ташбаев беш жылга кесилди


Учкунбек Ташбаев Бакиевдердин командасындагы белдүү менеджер катары аты чыккан.
Учкунбек Ташбаев Бакиевдердин командасындагы белдүү менеджер катары аты чыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Геология жана жер ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевди 5 жылга жатак абакка кести.

Биринчи май райондук соту Учкунбек Ташбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салуу менен 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева буларды билдирди:

- Учкунбек Ташбаев райондук соттун чечими менен 304 жана 316-беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөйт.

Оңду-солду сатылган лицензиялар...

Убагында Бакиевдердин командасындагы белдүү топ-менеджерлердин бири саналган Учкунбек Ташбаев Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИнин, башкача айтканда, инвестициялар жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орунбасары болуп иштеген. 2010-2011-жылдары экономика министри, 2012-жылы Геология жана жер ресурстары боюнча агенттиктин башчысы болуп иштеген.

Ага кен иштетүү үчүн лицензияны чет элдик компанияларга берүүдө кызмат абалынан пайдаланган деген айып тагылган. 2012-жылдын 30-ноябрында УКМК тарабынан камакка алынган Ташбаев менен бирге айыпталып келген Шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев баштаган агенттиктин мурдагы 7 кызматкери шалаакылык беренеси боюнча күнөөлүү деп табылганы менен сот аларды мунапыстын негизинде актаган.
ЦАРИнин түптөөчүсү Макис Бакиев камандасы менен. (Учкун Ташбаев оңдон экинчи)
ЦАРИнин түптөөчүсү Макис Бакиев камандасы менен. (Учкун Ташбаев оңдон экинчи)


​Тоо-кен өнөр жайчылар биримдигинин башчысы Орозбек Дүйшеев Кыргызстандагы баалуу кендер 2005-жылдан баштап чет элдик компанияларга жеке кызыкчылыкты көздөп, оңду-солду сатылганын айтат. Анын айтымында, учурда 1700 лицензия ар кимдин колунда жүргөнү менен 10 чакты гана кендин иштеп жатышы бул тармактын эң эле коррупциялашканынан кабар берет.

- Мына бүгүн 1700 лицензия ар кимдин колунда жүрөт. Анын 670и баалуу кендерди иштетүүгө берилген. Иштеп жаткан кендер онго да жетпейт. Демек, лицензияларды берүүдө чоң каталар кеткен. Мына ушуну тартипке салуу өтө актуалдуу болуп турат. Чалгындоо иштери же кен иштетүү үчүн уруксат берүүдө алгач мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын эске алышыбыз керек.

Буга чейин тоо-кен тармагын иштетүүгө уруксат берүүдө, өзгөчө Кумтөр сыяктуу ири алтын кендердеги коррупциялык иштер боюнча бир катар жогорку деңгээлдеги аткаминерлердин аттары аталып, аларга оозеки айып тагылганы менен кылмыш жообуна тартылганы саналуу гана. Жакында эле “Кыргызалтындын” башчысы Дилгер Жапаров 200 млн. сомду чет элдик компанияга мыйзамсыз которгону боюнча камакка алынганы белгилүү.

Ташбаев абакта алты ай гана отурабы?

Экономика министри Темир Сариевдин ырасташынча, Кумтөр кенин иштетүүдөгү өлкө кызыкчылыгына каршы келген мыйзамдарга кол коюу боюнча бир катар чиновниктин тизмеси тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген, бирок азырынча бирөө да сот жообуна тартыла элек.

- Кумтөрдөгү мыйзам бузууларга жол берген өкмөт башчылар, айрым министрлер, жогорку кызмат адамдары комиссия тарабынан аныкталып, алардын тизмеси тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Атайын кат менен Башкы прокуратурага да кайрылганбыз. Менимче, кимдин канча күнөөсү бар экенин сот органдары аныктап, жоопко тартышы керек.

Учкунбек Ташбаев 2012-жылдын 30-ноябрында тергөө абагына камалгандыктан, анын тергөө абагында жаткан ар күнү 3 күндөн эсептелет. Эгер сот өкүмүн жогорку инстанциялар күчүндө калтырса, Ташбаев алты айдан кийин боштондукка чыгат.
XS
SM
MD
LG