Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Коомдук каналдан декабрда чыккан "Тоолуктардын ток шоусу" программасында жазуучу, тарыхчы Абдрахман Алымбаевдин (Баяс Турал) кыргыздарды арстанга, Кыргызстанда жашаган башка улут өкүлдөрүн чөөлөргө салыштыруусу кызуу талкуу жаратты.

Баяс Турал аталган телепрограммада кыргыздарды арстандарга, өлкөдөгү башка улуттарды чөөлөргө салыштырат. Берүү КТРК эфиринен өткөн жылдын декабрында кеткен, бирок анда эч кандай талаш жаралган эмес.

Баяс Туралдын сөзүн биринчилерден болуп талкууга салган “МК Азия” гезитинин редактору Улукбек Бабакулов болду. Ал талаш жараткан берүүнү жакында эле көргөнүн, тарыхчынын сөзү башка улут өкүлдөрүнө катуу тийгенин айтууда.

- Кыргыздар арстан, Кыргызстанда жашаган башка улуттар чөөлөр деген сөзгө нааразы болуп жатам. Бул такыр туура эмес. Менин колумда да кыргыз, орус, өзбектер иштейт. Мен арстанмын, силер чөөсүңөр десем туура болмок беле? Кыргызстанда ар бир адам улутуна карабай бирдей укуктуу. Мындай басынткан болбойт. Ар улут өкүлдөрү менен сый мамиледе болушубуз керек.

КТРК берүүлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтөт

Бабакулов аталган программанын автору же тарыхчы жазаланышын каалабайт. Тек гана коомдук канал өлкөдө жашаган ар улут өкүлдөрүн кайраштырбай, тескерисинче, ынтымакка үндөгөн берүүлөрдү көбөйтсө деген тилеги бар. Ошол эле учурда жазуучунун сөзүн ашынган улутчулдук катары баалагандар да аз эмес.

Илим Карыпбеков

Илим Карыпбеков

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков “Тоолуктардын ток шоусундагы” талаш жараткан сөз үчүн канал жетекчилиги өкүнүп жатканын билдирди. Анын айтымында, атайын комиссия бир жума ичинде берүүнүн өзөгүн иликтеп, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карайт.

- Берүүлөрдү көзөмөлдөөдө кемчиликтер бар экенин моюнга алам. Учурда ушул иштерди жакшыртып жатабыз. Берүү мурдагы жетекчинин убагында тартылган, ошентсе да мындан кийин чекиликтер кайталанбайт деп сөз берем. КТРК ар түрдүү пикирлерге ачык. Бирок мындан ары улут аралык мамилени козуткан программаларды тыкыр текшерет.

Медиа тармагына адистешкен юрист Акмат Алагушев улут аралык мамилени козуткан сөз үчүн телеканал же программанын автору эмес, ошол сөздү сүйлөгөн адам жоопко тартыларын айтууда.

- Кылмыш-жаза кодекси боюнча программада сүйлөгөн адам жоопко тартылат. Алгач экспертиза өткөрүп, сөз кандай мааниде айтылганын так аныктоо кажет. Негизи берүүнүн автору же телеканал жоопко тартылбайт.

Ал ортодо УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов талаштуу берүү боюнча атайын кызмат териштирүү баштаганын “Азаттыкка” тастыктады.

Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинде "улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалаганда, эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат" деп жазылган.

Көп улуттуулук Манастан башталган...

Кыргыздар илгертен башка улут өкүлдөрүн сыйлап, эриш-аркак жашоо кечирип келишкен. Мындай оюн Кыргыз Эл баатыры жана жазуучусу Бексултан Жакиев ортого салды.

Бексултан Жакиев

Бексултан Жакиев

- Биз кыргыздар кыйынбыз деп өтө мактана бергендин кереги жок. Ар улуттун өз өзгөчөлүктөрү бар. Башка элди басынтып, кемсинткен болбойт. Биздин көп улуттуулугубуз Манастан башталат. Манасты 15 жашында Алтайда хан көтөргөндө кыргыз, казак, моңгол, калмактар аралаш жашашкан. Кийин Ала-Тоого көчкөндө кошо келишкен.

Кыргызстанда 80ге жакын улуттун өкүлдөрү жашашат. Жалпы элдин 73 пайызга жакынын кыргыздар, 15% өзбектер, 6 пайыздан ашыгын орустар, 1 пайыздайын дунгандар жана 5 пайыздан ашыгын дагы башка улут өкүлдөрү түзөт. Адистер улуттар аралык мамилени чыңдоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу ат көтөргүс экенин баса белгилешет.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG