Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Кыргызстанда диний ишенимине байланыштуу жаңы жыл майрамын белгилебеген саясатчылардын саны арбып барат.

“Жаңы жыл биздин майрам эмес, бул күндүн кыргыздарга, мусулмандарга тиешеси жок, аяз атага эмес, Кудайга ишенгиле” мындай илептүү билдирүүлөрдү динге берилген адамдардын интернет баракчаларынан көрүүгө болот. Алар шампанды мындай кой, маргарин майы кошулган тортту да арам деп эсептешет.

Соңку жылдары Кыргызстанда динчилдер саны артып бараткангабы, айтор жаңы жыл майрамын белгилебөөгө чакыргандардын үнү жогорку бийлик трибуналарынан угула баштады. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков диний ишенимине байланыштуу жаңы жыл тоспойт. Атүгүл анын сунушу менен парламент быйылкы жаңы жылдык кечеден баш тарткан жана ага кетчү каражатты майып балдардын мектебине которгон.

Жаңы жылды баладай күткөн президент

Деген менен “Кудай буюрса” деген сөздү оозунан түшүрбөгөн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жеткинчектердин балаты майрамында жаңы жылдын өзгөчө майрам экенине токтолду.

- Жаңы жыл өзгөчө майрам. Анткени бул күндү кичинекей бала болобу, чоң адамдар болобу өзгөчө сезим менен күтүшөт. Мен өзүм деле чоң ата болдум, бирок жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөм.

Ал эми премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Министрлерден Жаштар, миграция жана эмгек министри Алиясбек Алымкулов жаңы жыл майрамын белгилебейт жана диний көз карашын эч кимге таңуулабайт.

Элди аяз атага эмес, Кудайга ишенүүгө чакырган “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу жаңы жыл бузукулардын майрамы деген пикирде. Ал буга чейин 1-январды майрамдардын катарынан чыгаруу талабын парламентте бир канча ирет көтөргөн.

- Биз жашообузду Аяз ата сыяктуу болбогон жомоктор менен толтурбай өзүбүздүн майрамдарды белгилешибиз керек. Жаңы жыл башкалардан ооп келген. Бул күнү адамдар өлөрчө ичип, көчөдө калышат, же бири-бири менен жатып алышат. Кыргыздарга, мусулмандарга мындай бузуку майрамдын кереги жок.

Майрамга каршы туруу эмнени каңкуулайт?

Бакир уулунун маалыматына таянсак, парламентте ушул тапта 16 ажы, 10 кичи ажы жана 30дан ашык намаз окуган депутат бар. Анткен менен динди кармангандардын баары эле жаңы жылды тоспойт деп айтууга мүмкүн эмес.

“Республика” фракциясынын лидери кичи ажы Назарали Арипов жаңы жылды белгилөө ар бир адамдын өз эрки экенин айтууда. Анын ою боюнча 1-январь 365 күндүн башталышын билдирген шарттуу майрам.

- Бул күндү ар ким каалагандай тосуш керек. Жыл жаңырып жатпайбы. Биз майрамдабай койсок эле 2014-жыл келбей калбайт да. Мен үй-бүлөм менен дасторкон жайып белгилейм.

Жаңы жыл майрамына каршы чыккандар бул күндүн башкы символу болгон балаты, аяз ата жана аяз кыз мусулмандарга тиешеси жоктугун жүйө кармап келишет. Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев үчүн 1-январдын башка күндөрдөн айырмасы жок. Анын пикиринде, мамлекеттик майрамга каршы чыгуу мамлекеттик саясатка каршы дегенди туюнтат.

- Жаңы жыл мамлекеттик майрам болуп саналат. Мусулмандар дин башкармалыгы буга саясий жактан каршы эмес. Мен жана менин үй-бүлөм бул күндү майрамдабайт. Мусулмандардын Курман айт, Орозо айт сыяктуу маанилүү күндөрү бар.

Кыргыздар байыртадан 21-мартты жыл жаңырган күн катары майрамдашат. Коңшу өлкөлөрдөн тажик өкмөтү быйылтадан баштап жаңы жылдын башкы белгилери болгон балатыны, аяз атаны жана аяз кызды теледен көрсөтүүгө тыюу салды.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG