Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Мэрликти мелжегендер чыга баштады


Бишкек шаарынын мэриясы.
Бишкек шаарынын мэриясы.

Бишкек менен Ош шаарынын мэрлигине азырынча бирден гана талапкер катталды. Талапкерлерди каттоо 8-январда аяктайт.

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясы Кубанычбек Кулматовду сунуштады. Ал эми Ошто коалициялык көпчүлүк Айтмамат Кадырбаевди алып чыкты. Бирок Ошто бийликчил күчтөрдүн 2010-жылы май айында убактылуу өкмөткө каршы чыккан Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөткөнү таң калуу жаратууда.

Бишкек мэрлигин кимдер мелжеп жатат?

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясы көрсөткөн Кубанычбек Кулматов 6-январда мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кулматов кыргыз тилинде эркин жазып, сүйлөй аларын далилдеди. Ал эми калган талапкерлер үчүн мындай сынак 8-январда уюштурулмакчы:

- Сынакка өзүм катышып, көрдүм. Кыргыз тилин жакшы эле билет экен. Баары видеого тартылды. Талапкерлердин арызын 8-январь кечки саат 6га чейин кабыл алабыз. Мамлекеттик тил боюнча сынак башка талапкерлер үчүн 8-январда болот.

Ош шаардык кеңеши, 25-декабрь, 2013-жыл
Ош шаардык кеңеши, 25-декабрь, 2013-жыл
Кубанычбек Кулматов азыр Чүй облусунун жетекчиси. Ага чейин Бажы кызматынын башчысы болуп турган. 2011-жылы анын жарандыгына байланыштуу чуу чыккан эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров Кулматов 2010-жылдын август айына чейин Орусиянын жараны болуп жүргөнүн айтып, учурунда аны кызматтан алуу демилгесин да көтөргөн.

Бишкек шаардык кеңешиндеги калган үч фракция: “Республика”, “Ата Мекен” жана “Замандаш” фракциялары азырынча талапкер тандай элек.

Айтмамат Кадырбаев деген ким?

Ош шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракцияларынан куралган коалициялык көпчүлүк Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин алып чыкты.

"Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын лидери Абдувахаб Нурбаев Кадырбаевдин талапкерлигин “Замандаш” фракциясы сунуштаганын жана анын убадалары көпчүлүккө жакканын кеп салды:

- Ал шаардагы проблемаларды билет экен. Анан социалдык маселелерди көтөрүп, ушул жакта көбүрөөк иштейм деди. Анан эң негизгиси - депутаттар менен чогуу иштеп, ынтымакта болобуз деди. Бизди ынандырганы ушул нерсе болду. Мэрия – бул аткаруу бийлиги. Ал шаардык кеңештин чечимдерин гана аткарат. Кадырбаев биз менен чогуу иштешем деди, ошондуктан колдоп бердик.

Бирок Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлиги коомчулукта бир топ суроо жаратууда.

“Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов 2010-жылы Убактылуу өкмөткө каршы чыгып, облустук акимчиликти басып алган Кадырбаевдин талапкерлигинин сунушталышын сынга алды:

- Айтмамат Кадырбаев менен Мелис Мырзакматов бир эле жолду басып өткөн. Керек болсо Мырзакматовдун жолу улуураак. Экөө тең Кара-Суу базарынан чыгышыптыр. Бирөө кожоюн, бирөө базарком болуптур. Кара-Суу базарынын айланасындагы 2005-2006-жылдагы айтылуу окуяларды эми баарыбыз эле билебиз да. 2010-жылы май айында Атамбаевдин бийлигине түздөн-түз каршы чыккан, керек болсо куралчан көтөрүлүш чыгарган, бийликти басып алган кишини кайра ишенимдүү түрдө бийликке көрсөтүп атканы азыркы бийликке аброй алып келбейт. Ошол Ошто эле эмес, жалпы Кыргызстандын элинде президенттин, бийликтин ишене турган башка адамдары жокпу деген суроо жаратууда.

48 жаштагы Айтмамат Кадырбаев азыр жоюлуп кеткен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Ош облусунун губернаторунун орун басары да болгон.

Ошто дагы бир талапкер, мурунку мэр Мелис Мырзакматовду “Улуттар биримдиги” партиясы менен Кыргызстан Элдик демократиялык партиясы көрсөткөнү жатат.

КЭДП лидери Артур Медетбеков Мырзакматов июнь коогасындагы эмгегин эске алуу менен сунушталганын айтууда:

- Мелис Мырзакматов 2010-жылы Ош окуясында, эки улуттун ортосундагы жаңжалда Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калыш үчүн, коопсуздук, туруктуулук үчүн күнү-түнү жүрдү. Ошол жерде эмгеги чоң.

Бишкек менен Ош шаарларында мэр шайлоо 15-январда өтөт. Талапкерлерди каттоо 8-январда аяктамакчы. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, мэрликке талапкерлерди шаардык кеңештен сырткары премьер-министр да сунуштай алат. Бирок өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул жолу мындай ыйгарым укугунан пайдаланбайт шекилдүү.

XS
SM
MD
LG