Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Белоконь: Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы калп


Валерий Белоконь
Валерий Белоконь

Париждин апелляциялык соту эл аралык арбитраждык соттун чечимин жокко чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбесин “Валерий Белоконь” акционердик коому сайтына жазып чыкты. Анда айтылгандай, Эл аралык арбитраждык соттун чечими кайра даттанууга жатпайт. Маалыматта ошондой эле сот чечими чыккандан берки убакыт аралыгында Кыргызстандын карызы 16,5 млн доллар эмес, 17,78 млн долларга жеткени да айтылган. Мындан тышкары "кыргыз тарап компенсация төлөөнү кечиктирүү үчүн мамлекеттик бюджеттин миллиондогон долларын коротуп жатат" деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз өкмөтү 22-февралда Париждин апелляциялык соту эл аралык арбитраждык соттун чечимин жокко чыгарды деген маалымат тараткан. Анда сот өзүнүн чечими менен юридикалык чыгашалар үчүн Валерий Белоконду 300 миң еврого жыкканы тууралуу да айтылган эле.

Валерий Белоконь Кыргызстандан компенсация алгандан кийин, 1 млн долларды Латвиянын бюджетине салык катары төлөрү да айтылган.

Валерий Белоконь Бакиев бийлигинин тушунда “Инсан банкын” сатып алып, кийинчерээк аны “Манас банк” кылып өзгөрткөн. Кыска убакытта банктын жалпы акча жүгүртүүсүнүн көлөмү 5,2 млрд. долларга жеткен. Апрель окуясынан кийин банк арам акчаларды адалдаган деген шек менен улутташтырылган. Белоконь бул үчүн кыргыз өкмөтүн сотко берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG