Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Мандат чыры: арыз, тил кат жана акча


Урмат Ишенбеков.
Урмат Ишенбеков.

Жогорку сот “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урмат Ишенбековду мандатынан ажыраткан БШК менен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ишенбеков бул партиянын мандаттан кол жууган үчүнчү депутаты болуп калды.

Буга чейин ушундай эле жол менен Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова депутаттык креслодон ажыраган. Ишенбековдун жактоочусу Эрик Ирискулбеков чечимдер мыйзамдарды одоно бузуу менен кабыл алынганын айтып нааразы. Анын айтуусунда, “Кыргызстан” фракциясы августта жаздырылган арыздарга декабрда мөөнөт коюп, жасалма документтердин негизинде депутаттарды мандаттан ажыраткан.

- Бардык документтер жасалган. Ишенбеков арызга кол койгон жокмун деп танган жок. Ал колду өзү койгон, бирок анда датасы жок болчу. Депутат ушуну далилдей албай жатат. Ал керек болсо парламент трибунасында жазган арыздарынын баары мыйзамсыз экенин, чакыртып аларын айткан. Мунун баары сотто эске алынган жок.

Айтмакчы, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев үч депутатты бирдей мандаттан ажыратуу сунушу менен БШКга 22-декабрда кайрылган. Бирок негедир Боршайком Жумалиева менен Эсенаманованы дароо депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, Ишенбеков боюнча чечимди 3-февралда кабыл алган. БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров буга карабай чечимдер мыйзам чегинде алынды деп ишендирүүдө.

- Биз мыйзам чегинде гана иштедик. БШК жазылган арыздарга экспертиза жүргүзбөйт. Документтердин аныктыгына баа бере албайт. Болгону “Кыргызстан” фракциясынын сунушун укуктук ченемдерге ылайык канааттандырдык.

Мандаттан кол жууган дагы бир экс-депутат Элмира Жумалиева чечимдерге негиз болгон арыз август айында, мөөнөтү декабрда жазылганын айтып чыкты. Агынан жарылган Жумалиева мандаттан баш тартам деген арыздан тышкары, партия жетекчилери ар бир талапкерге "500 миң доллар алдым" деп да тил кат жаздыртып алганын “Азаттыкка” билдирди.

- Бизди шайлоо алдында “Ала-Тоо” ресторанына чогулткан. Ал жерге 160тай талапкер келген. Баарыбыздан "500 миң доллар алдым" деген тил кат жаздырган. Экинчи арызга жетишттүү добуш албасам өз ыктыярым менен мандаттан баш тартам деп кол койдуртушкан. Бирок датасы коюлган эмес. 5-чакырылыштын депутаты катары ал арыздардын юридикалык күчкө ээ эместигин айткам убагында.

Жумалиева Исаевдин үстүнөн Башкы прокуратурага кайылганын, бирок арыздын түп нускасы жок документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголбой жатканын кошумчалады.

Баарыбыздан "500 миң доллар алдым" деген тил кат жаздырган. Экинчи арызга жетишттүү добуш албасам өз ыктыярым менен мандаттан баш тартам деп кол койдуртушкан.
Элмира Жумалиева

Бул боюнча фракция лидери Канат Исаевдин пикир алууга мүмкүн болгон жок. Исаев баштаган партия жетекчилери мандат талаш боюнча көптөн бери үн катпай келет.

Өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев мандат талаштын башкы себеби акча маселесинде деп эсептейт.

- Мунун баары парламентке келгендерден ыйман кеткендигин билдирет. Сөз берип, ант ичип, анан аны аткарбай койгончо андай жолго барбаш керек эле. Мыйзамдар иштеши керек эле. Эми мандаттар базардагыдай сатылып жатат. Кимдин акчасы көп болсо чечимдер ошонун пайдасына чечилет. Акчанын күчү эми билинет. Анткени прецедент түзүлүп калды.

Ушундай эле мандат чыры башка фракцияларда да бар. Эксперттердин баамында, Кыргызстанда арыздын өзү мурда, мөөнөтү кийин коюлганын тастыктоочу экспертиза жок. Ушул себептүү айрым партиялар шайлоого чейин жазылган арыздарга каалаган мөөнөтүн коюп келет.

XS
SM
MD
LG