Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

“Майланышкан” мандат


Мандаттан ажыраган депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманова.

Мандаттан ажыраган депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманова.

12-февралда дагы бир мандат талашка чекит коюлду. Жогорку Сот “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урмат Ишенбековду депутаттык креслодон кол жуудурган Боршайком менен райсоттун чечимин күчүндө калтырды. Ишенбеков шайлоого саналуу айлар калганда түзүлгөн “Кыргызстан” партиясынын мандаттан зордоп ажыратылган үчүнчү депутаты болуп калды.

22-декабрда “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев үч депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушу менен БШКга кайрылган. Ал сунушка депутаттар өз колу менен жазды делген арыздарды жана фракция чечимин тиркейт.

Элмира Жумалиева аз добуш алсам мандаттан баш тартам деген арызга өзү кол койгонун танбайт. Бирок ал арыздар 21-декабрда эмес, 28-августта жазылганын, учурунда мөөнөтү коюлбаганын айтууда. Жумалиева кошумчалагандай, Урмат Ишенбеков ээлик кылган “Ала-Тоо” ресторанында бул арыздардан сырткары "500 миң доллар карызмын" деген тариздеги тил каттарга да кол койдурулган. Тил каттар “Кыргызстан” партиясынын башкы демөөрчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун уулу Руслан Чойбековдун атына жазылат.

Экс-депутаттын жүйөсүн БШК чечими менен мандат албай калган “Кыргызстан” партиясынан талапкер Гүлмира Орозалиева да бышыктады. Мандаттан айрылган депутаттардын дооматы боюнча Канат Исаевден комментарий алуу оңойго турган жок. Фракция лидери Жумалиева менен Эсенаманова депутаттык креслодон ажыраган 11-январдан бери “Азаттыкка” комментарий берүүдөн карманып келген.

Исаевдин ишендиришинче, арыздарга кол коюлганда мөөнөтү көрсөтүлгөн. Ошондо Жумалиева, Ишенбеков жана Эсенаманова 21-декабрда депутат болгусу келбей каларын августта эле алдын ала билген болуп калабы?

Төрага Туйгуналы Абдраимов баш болгон БШКнын калган жети мүчөсү фракция жана анын лидери сунуш берсе, депутаттарды четинен креслодон ажыратууга даяр. Мындан улам бир эле “Кыргызстан” эмес башка фракциялардын айрым депутаттары да сактыкта кордук жок дешкенби, айтор, БШКга барып "лидерим арыз алып келсе албагыла" деп тосмо арыз жазуу менен алек. Анткени Боршайком арыздагы кол тамганын жана датанын аныктыгын экспертизадан өткөрбөйт.

Эксперттердин эсебинде 4-октябрдагы шайлоодо ар бир добуш үчүн 100 долларга жакын каражат сарпталды. Буга шайлоочуга берилген тыйын, алардын көңүлүн алган ырчы-чоорчулардын, арак-шараптын акысы кирет. Ал эми шайлоо бүткөн соң электораты жок талапкерлердин мандаты орточо 500 миң долларды түзгөн. Ал эми "алтын" деп аталган мандаттар аты айткандай эле миллион долларга бааланган. Эмне үчүн акчалуу кыргыздар эмгек китепчесине депутат деп жазылып, андан кийин өлсөм арман жок дешет?

4-октябрдагы шайлоо өнөктүгүнө Боршайкомдун расмий маалыматы боюнча 14 партия 800 миллионго жетпеген сом сарптаган. Байкоочулар болсо парламенттик шайлоодо добуш алуу үчүн 4 миллиардга чукул сом чачканын айтып келишет. Шайлоого кеткен каражаттардын ачык көрсөтүлбөшү да элди күдүк ойго түртүп, партлидерлерди саясий коррупцияга айыптоого негиз болуп жаткандай.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG