Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Жунусов: Президентти АКШга дарыгерлер жиберген жок


Ибрагим Жунусов
Ибрагим Жунусов

Президент Алмазбек Атамбаевдин абалы кыйла дурус, бирок ал азырынча Кыргызстанга качан кайтары белгисиз. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди.

"Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы кандай?

Ибрагим Жунусов: Биринчиден, кабарды укканда эле дарыгерлер тобу келип, дароо жардам көрсөтүштү. Алар так диагнозу тууралуу бардык анализдер алынгандан кийин айтабыз деп жатышат.

Азыр президент өзүнүн жана түркиялык дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы дурус. Бизди ишибизди улантып, кыжалат болбоого чакырды.

Бүгүн эртең менен Түркиянын вице-премьер-министри Тугрул Тюркеш чалып, ал-акыбалын сурап бардык, дарыгерлерди өзү дайындап, жардам сунуштады. Андан тышкары Измирдин, Стамбулдун губернаторлору түздөн-түз жардам көрсөтүп жатышат. Биздин Тышкы иштер министрлигинин жана президенттик аппараттын мүчөлөрү жанында болушту.

"Азаттык": Ушул тапта президент Чешмеде деген маалымат чынбы?

Ибрагим Жунусов: Президенттин коопсуздугу үчүн анын кайсы жерде экенин айта албайм. Маалыматтардын баарына эле ишене берүүгө болбойт. Анткени туура эмес да кабарлар айтылууда.

"Азаттык": Эми Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстанга качан кайтуусу пландалууда?

Ибрагим Жунусов: Президент Кыргызстанга саламаттыгы ордуна келип, дарыгерлер уруксат бергенде гана кайтат. Өзү АКШга кете берейин деп жакшы эле аракет кылды. Бирок дарыгерлер уруксат беришкен жок.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG