Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Кыргыз делегациясы Батыровдун ЕККУ жыйынына катышканына нааразылыгын билдирди


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

2010-жылы июнь коогасынын негизги уюштуруучусу катары айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөгө алынган Кадыржан Батыров ЕККУнун жыйынына катышканына жана анда сөз сүйлөгөнүнө Кыргызстандан барган расмий делегация нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Батыров 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршылыгын, өзүнүн өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразы экенин айткан.

Делегациянын өкүлү Алмаш Алтымышова айрым өлкөлөр жана уюмдар Кыргызстанда кылмышкер деп таанылган Батыровго эл аралык аянтчаны өз максаты үчүн пайдалануусуна мүмкүнчүлүк берип жатканына түшүнбөстүгүн билдирди:

- Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан Кадыржан Батыров улуттар аралык жаңжалды уюштурган, улуттук кастыктын негизинде эки жана андан көп кишинин өлтүргөн деп айыпталган. Өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Ал көп жылдардан бери улуттар аралык маселени өз кызыкчылыгына пайдаланып келген, муну менен ал өлкөдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч жараткан. Кыргызстандын жарандары, алардын ичинде өзбек тектүүлөр да Батыровду 2010-жылкы июнь коогасын уюштурууп, жоопкерчиликтен качып жүргөн айыпкер катары таанышат. Бизди кылмышкер Батыров ЕККУнун жыйынын өзүнүн чагымчыл максаты үчүн пайдаланып жатканы нааразы кылат.

Расмий делегациянын өкүлү Алмаш Алтымышова Батыровдун жыйында Кыргызстанда аз улуттардын укуктары басмырланат деп айткандары чындыкка дал келбесин белгилеп, өлкөдө мектептер төрттөн ашык тилде билим берерин, анын ичинде 2200 чамалуу орто мектептин 226сы өзбек тилинде окутарын маалымдады.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетектеп турган Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда улут аралык жаңжалды козуткан, жикчилдикке чакырган, калайман башаламандык уюштурган деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG