Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Сирия армиясы Алепподо экстремисттердин штаб-үйү жок кылынганын жарыялады


Алеппо
Алеппо

Шаршембиде тараган маалыматка караганда, Алеппонун чыгышындагы салгылашууларда“Фатех аш-Шам” экстремисттик тобунун штаб-үйү, курал-жарак сакталган кампа жок кылынган. Андан канча адам өлгөнү тууралуу кабар жок. Өз кезегинде оппозиция бул аймакты экстремисттер эмес, козголоңчулар көзөмөлдөгөнүн айтууда.

Буга чейин АКШ Сириядагы чатакты күчөтүүгө катышканы үчүн Орусияга кошумча экономикалык санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кабарлаган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест Кремлди Башар Асаддын “кандуу бийлигин” колдоп жатат жана Алепподо жарандык объектилерге чабуул жасоодо деп айыптаган. Москва менен Вашингтондун ортомчулугу менен 12-сентябрда түзүлгөн тынчтык келишими 19-сентябрда гуманитардык кербен аткылоого кабылгандан кийин бузулган. АКШ бул үчүн орусиялык аскерлерди айыптап, бирок Москва аны четке каккан. Ок атышууларды токтотуу аракети азырынча натыйжа бере элек.

XS
SM
MD
LG