Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Күн ысыганы тамактан уулануу көбөйдү


Адистердин айтымында, жайкы ысыкта азык-түлүктөн уулангандардын саны жылдагыдан азайган жок.

Бишкекте бул күндөрү мээ кайнаткан аптапка карабай, дүкөндөр менен ашканаларда тез бузулчу тамак-аштарды сатуу токтогон жок. Мына ошондой жерде кезекте тургандардын бирине "ууланам деп коркпойсуңбу?" деген суроо узатып:

- Ууланабыз деп коркобуз, бирок ачка болгондо алат экенсиң да. Негизи булар муздаткычта сакталышы керек да. Эми кудай сактасын,- деген жооп уктук.

Бирок кудай деле "сактансаң сактайм" дейт тура, дарыгерлердин айтымында, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага күн сайын 200гө жакын бейтап түшөт. Алардын басымдуу бөлүгү - балдар.

Ушундай себеп менен бул жерге келген Индира Бектенова бир жума мурда дарбыздан ууланганын айтты:

- Адегенде үч жарым жашар балам ооруду. Анан эмчектеги беш айлык балам чырылдай баштады. Ага сүт аркылуу өтүптүр да. Дарбызды базардан алганбыз. Биринчиси кызгылтым, экинчиси агыраак, бирок таттуу болчу. Күйөөм жакшы экен, жей берсе болот деген, жедик, ууландык. Жебей эле койсок болмок экен.

Дарыгерлердин сөзүнө караганда, ууланууга өздүк гигиенаны таза сактабоо да себеп. Көпчүлүк бул тууралуу билсе да, эмнегедир аны кармангысы келбегендер бар.

Ууланардан сактануу үчүн тамак жээр астында колду таза жууп, тез бузулчу эт жана сүт азыктарынын сөзсүз муздаткычта сакташ керек,- дейт Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын дарыгери Майрамкан Чомуева.

- Уулангандын жеңил түрүндө дене табы анча көтөрүлбөйт, ич бурап ооруп, өтөт. Оор түрүндө болсо киши кусуп, кан басымы түшүп, алсырап, шалдырайт. Ал учурда доктурга кайрылып, жазып берген дарыны ичкен оң. Анткени өзү билип дарылангандар көпчүлүк учурда бизге оор абалда келишет.

Ал эми өрүк жегенден кийин өзүн жаман сезип, ооруканага келген Замира Байгабылова ууланууга Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жоктугу себеп деген пикирде.

- Базарда сатылып аткан эт-ашты текшерген жан жок. Тамак саткан ашкана жана күркөлөр стандартка ылайык иштеп жатабы же жокпу, ага эч ким кызыкпайт. Албетте, баарын жабуу мүмкүн эмес, бирок дыкат текшерип, ишине жараша бүтүм чыгарса болот да.

Ал эми санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлеринин айтымында, анын баарын текшерип, натыйжалуу иш жүргүзүү азырынча мүмкүн эмес. Буга мыйзамдар да жол бербейт. Аталган борбордун Гигиена жана тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Мүзүрбек Картаңов текшерүү үчүн 10 күн мурда эскертүү жиберүү керектигин, бирок мыйзам бузулган күндө деле 2 000 сом айыппул чегерилерин айтты:

- Бизнес үчүн шарттарды түзөбүз, ар кандай текшерүүлөрдү азайтабыз, коррупцияны жоебуз деп өкмөт ушуга алып келди – жугуштуу оорулар көбөйүп кетти. Мыйзам сатуучуларга жеңилдик берип койду: уруксат алат, салык төлөйт, анан биздин көзөмөлүбүз жок эле иштей берет.

Ошол себептүү, санитарлар тамак-аш сатып алууда кылдат болууга кеңеш берет. Бирок көчөдө тамак саткандар өздөрүн ууланууга себепкер дегендерге макул эмес.

- Бизге күн алыс текшерүү келип турат. Уулануу мүмкүн, эгер тамактын курамында бат бузула турган азыктар болсо. Мисалы, козу карын. Ошол үчүн биз андан самса жасабайбыз. Болбосо гамбургерден болушу мүмкүн, анткени анын эти эртеден кечке отто туруп, сапаты кетет. А биздики жаңы, таза эттен жасалат анан көпкө турбай дароо өтүп кетет. Кечки саат бештен кийин такыр жасабайбыз, ашып калса өзүбүз алабыз,- деди самса саткан жигиттердин бири.

Дарыгерлердин айтымында, азыр тамак-аштан уулануу коркунучу жогору. Адатта июль-август айларында алардын саны көбөйүп, сентябрь, октябрь айларында көрсөткүч ылдыйлайт. Ошондуктан, саратанда гигиенаны сактап, тамак-ашка астейдил мамиле жасоо керектигин эскертишет.

XS
SM
MD
LG