Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Убадасын унуткан аткаминерлер


Кыргыз парламенти
Кыргыз парламенти

Кыргыз саясатчылары добуш топтоо максатында элге тоодой убада берип, бирок аны аткарбаганы кадыресе көрүнүшкө айланды.

Эл башчылары айтканын өздөрү унутуп калганы менен, алардын сөзүн илип алып аткарылышына байкоо салган уюмдар да жок эмес.

Жүзгө жакын саясатчынын элге берген убадаларына байкоо салган politmer.kg интернет баракчасы 2011-жылдан бери иштейт. “Саясатчы берген убадасы үчүн жооптуу” деген ураанды туу тутунган долбоордун координатору Наргиза Нанакеева кыргыз саясатчылары президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, шайлоо алдында элге “Айды алып берем” дегенден да кайра тартпайт деген пикирде.

Атамбаев “Каркыраны” кайтармак...

Мамлекет башчысы 2011-жылдан бери эл алдында 63 жолу убада берип, анын 13үн аткарса, сегизин таптакыр аткарган эмес. Калган 30дан ашык убадасы ишке ашуу процессинде экени жогорудагы сайтта белгиленген.

Каркыра жайлоосунун Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагы.
Каркыра жайлоосунун Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагы.

- Президент шайлоо алдында көптөгөн убадаларды берген. Мисалы, Жумгалга барганда “эгер президент болуп калсам, Каркыра жайлоосун Назарбаевдин бутуна чөгөлөсөм да алам” деп айткан. Бирок ал убадасынан ушуга чейин дайын жок. Ошол эле 2010-жылы электр энергиясынын баасын көтөрбөш керек, бул күнөө деп да айткан. Бирок убадага карабай светтин баасы кымбаттап жатканы баарыбызга маалым.

politmer.kg сайтынын эсеби боюнча буга чейинки өкмөт башчылардан эң эле сөзүнө турганы Өмүрбек Бабанов болгон. Ал элге жалпысынан 48 убада берсе, анын 16сын аткарган. 10 убадасы аткарылбай калса, калганы жарым-жартылай ишке ашкан. Убаданы эң аз бергендердин жана анысын аткарбагандардын катарын азыркы премьер-министр Темир Сариев да толуктайт. Ал буга чейин 26 убада берсе, анын төртүн аткарып, алтоосун аткара алган эмес. Калгандары качан ишке ашары белгисиз.

- Премьер-министрлер бат-бат алмашканы менен Бабанов убадага көбүрөөк турган саясатчы катары келатат. Жоомарт Оторбаев убаданы аябай аз берген жана бергендерин да аз аткарган, - деди Наргиза Нанакеева.

Убадага “март” Кулматов, “кубулма” депутаттар...

Убаданы мол берип, бирок аткара албагандардын сабында мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, азыркы Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов да бар. Калаа башчысы 26 убадасынын алтоосун гана аткарган. Кулматов экс-мэр Иса Өмүркуловдон убадага туруу боюнча кыйла артта. Деген менен ал айткандарын кеч болсо да аткарам деп ишендирүүдө. Ал таштанды талаасын жана шаар көчөлөрүн 2017-жылга чейин бүтүрөм деп дагы бир ирет убада берди.

Чүй проспектисинин башталышы. Ауэзов жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн арасында үй ордундай аңдар көп жылдан бери оңдолбой жатат.
Чүй проспектисинин башталышы. Ауэзов жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн арасында үй ордундай аңдар көп жылдан бери оңдолбой жатат.

- Биз бардык иштерди жасап жатабыз. 20 жылда жасалбаган иш бир күндө эле бүтүп калбайт. Азыр долбоорлорду даярдап, каражаттарды издеп жатабыз. Таштанды талаасын 2017-жылга чейин рекультивация кылып, завод курабыз. Жолдор да ошого чейин оңдолот.

Долбоордун авторлорунун маалыматында парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жана “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзам 2020-жылга чейин өзгөрбөйт деп сөз беришкен, бирок алардын ойлору беш жыл өтпөй караманча өзгөргөн.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коомдук бирикмесинин жетекчиси Динара Ошурахунова кыргыз саясатчылары жалпы убада берүүнү адат кылып алганын айтууда. Анын пикиринде, келаткан шайлоодо да эч ким конкреттүү убада бербейт жана анысын аткарбайт.

- Саясатчылардын убадалары жалпы эле айтылган. Бирөө да конкреттүү эч нерсе айткан эмес. “Кыргызстанды гүлдөтөм” деп коюшат. Ошондо гүл тигишеби же экономиканы өнүктүрүшөбү? Так-даана сөз бермейинче анын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын. Азырынча бизде сөзгө туруу маданияты калыптана элек. Азыркылар шайлоодон өтүү үчүн баарына даяр.

politmer.kg интернет-сайты мындан тышкары саясатчылардын ыксыз демилгелерин, ойлонбой сүйлөгөн сөздөрүн да тизмектейт. Маселен, Жогорку Кеңеш депутаты Кожобек Рыспаевдин “гимн ырдалып жатканда аялдар колдорун бооруна койбошу керек, алар үчүн ыңгайсыз” деген пикири, Турсунбай Бакир уулунун жекшембидеги эс алууну жума күнгө жылдыруу демилгеси кызуу талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG