Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Өспүрүмдүн диний окуусу үчүн ата-эне жазаланабы?


Бангладештеги медреседе окуп жаткан балдар. Дакка. 2-апрель, 2009-жыл
Бангладештеги медреседе окуп жаткан балдар. Дакка. 2-апрель, 2009-жыл

Жумгал районунун бийлиги балдарын чет өлкөгө диний билим алууга жөнөткөн ата-энелерге акчалай айып салуу чечимин кабыл алды.

16 жашка чейинки өспүрүмдөрдү чет өлкөлөргө диний билим алууга жөнөткөн ата-энелерге салынчу акчалай жазанын көлөмү сот өкүмүнөн көз каранды. Баласына негизги орто билимди бербей туруп, чет жактарга окууга жөнөткөн ата-энелерге жаза чегертүү үчүн сотко райондук бийлик кайрылат. Мындай чечим райондо өткөн координациялык кеңештин жыйынында кабыл алынган. Бул тууралуу Жумгалдын акими Абылгазы Исагулов “Азаттыкка” билдирди.

- Өспүрүмдөрдүн Бангладешке мыйзамсыз кетип калышы сыяктуу окуялар кайталанбашы үчүн ушундай чечим алдык. Жыйынга билим берүү тармагынын, диний чөйрөнүн өкүлдөрү да катышты. Азыр ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анткени мындан кийин балдар чет өлкөлөргө кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт да.

Кыргыз мыйзамдары боюнча, негизги орто билимди ала элек 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн чет өлкөдө билим алуусуна тыюу салынат. 2012-жылы Жумгал районунан 10-15 жаштагы онго жакын өспүрүм Бангладештеги медреселерге кетип калганы аныкталган. Бул факты боюнча УКМК текшерүү иштерин жүргүзүп, балдардын көбү кайтып келген. Учурда ал жакта дагы эки бала окуп жүргөнү айтылууда.

Өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев жумгалдыктардын мындай чечиминен кабары жок экенин айтат. Анын билдиришинче, азыркы убакта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча иш алып барууда.

- Муфтият балдарды диний билим алуу үчүн чет өлкөлөргө жөнөтпөйт. Мурда чет жакка бараткан өсүпүрүмдөргө муфтият тарабынан мүнөздөмө берилип келген. Биз азыр бул мүнөздөмөлөрдү берүүнү токтоттук. Ага чейин чет жактагы окуу жайлар менен сүйлөшүп, кайсы медресе кандай багытта окутарын аныктайбыз.

“Акчалай жаза Бангладеш жолун тосо албайт”

Деген менен диний аалым Чубак ажы Жалилов Бангладешке аттангандардын ата-энесине жаза колдонуу чечимине сын көз караш менен кароодо. Анын пикиринде, акчалай жаза чет өлкөгө агылган өспүрүмдөрдү токтото албайт. Себеби аталган өлкөлөргө балдарды ата-энелер өздөрү жөнөтүшөт.

Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

- Айып салуу менен бул маселеге чекит коюу мүмкүн эмес. Диний эмес, башка окууга кетип жаткандарды кантип аныкташат? Бул үчүн эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Эми баары эле ата-энесинин макулдугу жок кетип жаткан жок да. Ата-энелери ажырашса да, жок дегенде биринен уруксат алышса керек.

9-класска чейинки негизги орто билимди албай туруп, чет өлкөдөгү диний билимге умтулгандардын келечеги жок. Мындай пикирин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев ортого салды.

- Өспүрүмдөрдүн Бангладеш эле эмес, башка өлкөлөргө деле диний билим алууга кетиши туура эмес. Бул мыйзамдарга каршы келет. Балдардын бул учурда психологиясы калыптана элек да. Светтик билимди толук өздөштүрбөй туруп, диний билим алгандар диний кызматтарга ишке алынбайт. Жободо ушундай жазылган. Андыктан алардын диний ишмердикте келечеги жок.

Бангладеш сыяктуу өлкөлөргө диний билим алууга аттангандардын көбү жакыр же ажырашкан үй-бүлөлөрдүн балдары болуп чыгууда. Жашы жете электерди ал жактагы акысыз билим берүүгө негизинен дааватчылар жөнөтүшөрү айтылып келет. Адистердин пикиринде, Түштүк Азиядагы эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдө билим алгандар Кыргызстан үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн. Анткени алар кат-сабаты жоюла элек жатып, аталган өлкөлөрдөн Кыргызстан үчүн салттуу эмес түшүнүктөргө сугарылат дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG