Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Эс алуу маданияты: тоодогу таштандылар


"Жылуу булак" эс алуучу жайы Бишкектен түштүктү көздөй жарым сааттык жолдо орун алган.

"Жылуу булак" эс алуучу жайы Бишкектен түштүктү көздөй жарым сааттык жолдо орун алган.

Эгер менчик жай болсо, артынан кожоюндар тазалашат, анткени кирүү акысын алышат. Ал эми коомдук жайлар бир далайга чейин акыр-чикирден арылбай турат.

Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы Нурбек Акебаев менен эки жагы жапжашыл болгон капчыгай ичи аркылуу “Жылуу булак” эс алуучу жайына жарым саатта жеттик.

Бишкектиктер дем алыш күндөрүн өткөрчү бул жерди көркүнө чыгарган ажайып тоолор менен шаркырап аккан Аламүдүн дайрасы.

Нурбек Акебаевдин айтымында, ишембиликте мектеп окуучулар бир топ презервативдерди чогултушат.

Нурбек Акебаевдин айтымында, ишембиликте мектеп окуучулар бир топ презервативдерди чогултушат.

Бирок бул керемет кооздукту ар жердеги таштандылар булгап турат. Айыл башчы Нурбек Акебаев таштандылар жыкжыйма жаткан жерге унаасын токтотуп, бир сыйра кейип алды:

- Мына, бул жакка отурушкан, очок жагышкан. Кетип жатып акыр-чикирин албай кетишкен. Суунун жээгине чейин келип ичип-жеп, артканын ушинтип калтырып кетишет же арыктагы сууга ыргытышат. Ушундан көрө мүшөккө салып, жол жээгине таштап коюшса, айыл тургундары алып кетмек да. Эс алуучулар аны да кылбай жатышпайбы.

Жайында бул жерге дем алыш күндөрү эс алып келгендердин саны 3-4 миңге чейин жетет. Айыл тургундары аларга ыңгайлуу шарт түзүп, киреше тапканы менен каражат тартыштыгына байланыштуу Таш-Мойнок айылынын эсебинен таштанды чогулта албаганын Нурбек Акебаев кошумчалай кетти.

Бирок жергиликтүү тургундар коноктордун акыр-чикирлерин өз демилгеси менен тазалап турат экен. Жазында жана күзүндө мектеп окуучулары да кол кабыш кылып турат.

- Айыл аймакта жети айыл жайгашкан. Ушул жети айылдын балдары өздөрү жардам берип (бирөөсүнүн машинеси, бирөөсүнүн трактору бар), мектептин балдары менен биринчи жана экинчи күнү тазалап кеткенге аракет кылып жатабыз. Анан көбүндө суроо туулат: эмне үчүн дем алыш күндөрү эмес? Дем алыш күндөрү кылалы десек, эс алгандар тоодо түнкү саат 10-11ге чейин жүрүшөт.



Ошол эле учурда бардык эс алуучу жайлардын абалы Таш-Мойноктогудай эмес. Маселен, Ала-Арча капчыгайына кириш үчүн акы алынат, таштанды челектер орнотулган, булганган жерлерди кызматкерлер тазалап турушат. Жеке менчик эс алуучу жайлар ачылган.

Айша Токтоналиева күн сайын эки мүшөк таштанды чогултат.

Айша Токтоналиева күн сайын эки мүшөк таштанды чогултат.

Ал эми Таш-Мойнокто таштандылардан арылуу үчүн бир ноу-хауну ойлоп чыгышкан – боз үй тигип туристтер үчүн иштеп жаткан жергиликтүү тургундар жер салыгынан бошотулган, анын ордуна алар тегеректеги эс алуу жайларын тазалап турууга тийиш.

Ушундай боз үйлөрдүн биринин кожойкеси – Айша Токтоналиева – таң атпай эс алып кеткендердин артынан тазалап турат. Айтымында, бир күндө кеминде эки мүшөк таштанды чыгат.

- Келгенде эле айтабыз: айланайындар, баарын жыйнап-тазалап анан кеткиле. Бирок акыр-чикирдин баары "аман-эсен" калат, биз өзүбүз тазалайбыз. Эстүү-баштуулар деле келет, аларга түшүндүрүп айтсаң алып кетишет. Эси жоктору жаман көзү менен карап атып тазалаганы менен мындай чыккандан кийин эле жолго таштап коюшат.

Мен тазалабаганда бул жер... Кудай өзү сактасын. Бишкектиктерди чет өлкөдөн келгендерге салыштырып болбойт: алар баштыктарын кошо ала келип, чогултуп, анан мага таштап кетишет. Биздикилер бүгүн эс алсам болду деген кыска ой менен жашайт. Эртең кайра эле өзү, балдары, неберелери ушул жерге келерин капарына алгысы жок. Бул жер деле таштанды, тиги жер деле...


"Жылуу булак" эс алуучу жайда дем алыш күндөрү 3-4 миңге чейин жакын адам эс алып кетет.

"Жылуу булак" эс алуучу жайда дем алыш күндөрү 3-4 миңге чейин жакын адам эс алып кетет.

Бир сөз менен айтканда, жаманбы-жакшыбы эс алуучулар да жана аларды күткөндөр да акырындап тазалык маданиятына үйрөнүп жаткандай элес берет. Дагы бир нече убакыт өткөн соң жайы-кышы мизилдеп тазаланган жайларда сайран курабыз деп ишенгим келет.
XS
SM
MD
LG