Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Кол караган илимпоздор


Кыргыз улуттук илимдер академиясы 2025-жылга чейин өнүгүү стратегиясын талкуулап, президентке жана өкмөткө жолдоду.

Коммунисттик партиянын съездин эске салган Илимдер академиясынын жыйыны эки жарым саатка созулду. Жыйынга катышкандардын көбү элүүдөн эчак өткөн илимпоз-окумуштуулар болгондуктан үргүлөп араң отурушту.

Окумуштуулар Кыргызстандагы илимдин өнүкпөй жатышын бир ооздон каражаттын аз болуп жатканы менен байланыштырышты. Академик Алтай Бөрүбаев Илимдер академиясынын президентинин айлыгы өкмөттө иштеген катчынын айлыгына барабар экенин айтып, салыштырууну мындайча улантты:

- Академияда иштегендердин орточо айлыгы 9300 сом. Ал эми өкмөттө иштеген айдоочу айына 12 миң сом алат. Же болбосо илимдин докторуна кошумча 600 сом берилсе, спорттун чеберине 900 сом берилет. Кыргызстанда акыл эмгеги менен булчуң эмгегинин айырмасы ушунда.

Алтай Бөрүбаев
Алтай Бөрүбаев
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жылдык бюджети ички дүң өнүмдүн 0,06 пайызын түзөт. Стратегияда бул көрсөткүчтү 2017-жылдары 0,4 пайызга көтөрүү каралган. Башка өлкөлөрдө илим тармагына ички дүң продукциядан 2 пайыздын тегерегинде акча каралса, Израилде 4,4, АКШда 3,9 пайыз акча бөлүнөт.

Жыйында Илимдер академиясынын 2025-жылга чейин өнүгүү стратегиясы талкууланып, президент менен өкмөткө жөнөтүлдү. Аталган стратегияда илимди, инновацияны өнүктүрүү, илимпоздордун айлыгын жогорулатуу жана аларга болгон шарттарды түзүп берүү керектиги жазылган.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев илимпоздор жыйынына президент менен премьер-министрдин келбей жатканына нааразы экенин жашырган жок.

- Президентке, премьер-министрге жеке өзүм бир нече жолу кат менен кайрылгам. Келип катышып койсо бир нерсе болобу? Өкүнүчтүү. 2005-жылдан бери бийлик башчылары бир да жолу Илимдер академиясына келе элек. Путин менен Медведев маал-маалы менен илимпоздор менен жолугуп турат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 9-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө саны бар, сапаты жок академиктердин кереги жок экенин айтып, аларды республикалык бюджетте чарбалык эсепке которууну сунуштаган. Жыйындын катышуучулары бул сунушту өкмөттүн илимге болгон кайдыгерлиги катары баалашты.

Илимдер академиясынын имараттары ар кандай уюмдарга ижарага берилиши коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келет. Эркебаев академиянын мүлктөрү кайра ордуна коюлуп жатканын айтып ишендирүүдө.

- Буга чейин имараттарды жең ичинен жеке колдорго берип салышкан. Жадагалса бизге тиешелүү жер тилкелери да башкаларга өтүп кеткен. Биз былтыртан бери ошолорду ордуна коюп жатабыз. Арсланбаптагы жерибизди кайра алдык. Чолпон-Атадагы жер боюнча соттошуп жатабыз.

Окумуштуу Кубанычбек Жумалиев Илимдер академиясынын карамагындагы жерлерге жаш жана үйү жок илимпоздор үчүн үй куруп берүүнү сунуштаганда көпчүлүк колдоого алды.

Академияда иштегендердин орточо айлыгы 9300 сом. Ал эми өкмөттө иштеген айдоочу айына 12 миң сом алат.
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим спорт жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Илимдер академиясын жоюуну каалагандардын артында академиянын мүлктөрүн талап-тоноого кызыкдар күчтөр бар деген пикирде.

- Илимдер академиясын таркатыш керек деген сөздү токтотушубуз керек. Андан көрө илим саясатын толугу менен ушуларга бериш керек. Бизде илим саясатын бири-бирин жактырбаган 3 түзүм бар. Алар: Билим берүү министрлиги, Илимдер академиясы жана жогорку окуу жайлар. Менимче ушулардын баарын бириктириш керек.

Кыргыз улуттук илимдер академиясында 41 академик жана 52 мүчө-корреспондент бар. Академия кызматкерлеринин орточо жаш курагы 50 жаш жана орточо айлык 10 миң сомду түзөт.
XS
SM
MD
LG