Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

28-ноябрда Улуттук Илимдер академиясында кыскартууларга каршы нааразылык акциясы өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомунун негизинде жүргүзүлгөн кыскартуулардын жана биригүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 25 институттун ордуна 16 институт калды. Кызматкерлердин 40% кыскарды. Мындай кыскартууну жетекчилик академияны сактап калуу аракети менен түшүндүрдү.

Колдоруна "Биз реформага каршы эмеспиз, биз жасалма жол менен институттардын биригүүсүнө каршыбыз" деп жазылган ураанды кармап тургандардын бири - биология илимдеринин доктору Жамиля Карабекова. Ал бир топ жылдан бери иштеп келген Биология жана топурак таануу институтуна тоо физеологиясы жана технология институттарын кошуп жатышат. Анын айтымында, үч институттун изилдеген чөлкөмү ар башка, аларды бириктирүү мүмкүн эмес:

- Биз миллиондогон материалдарды чогултканбыз. Эми алардын баары жок болот. Анын баарын кийинки муунга өткөрүп берүү биздин окумуштуу жана жаран катары парзыбыз. Эми азыр бир канча институтту бириктирүү болбогон иш.

28-ноябрда академиянын башкы имаратынын алдына кыскарган институттардын өкүлдөрү “Илимди жоготпогула!”, “Кыскартууну талкалоо менен айырбаштабагыла!” деген өңдүү жазууларды көтөрүп чыгышты. Нааразы тарап академия жетекчилигинин аракеттерин кыскартуу максатын көздөгөн жасалма реформа деп баалашууда.

Улуттук Илимдер академиясын реформалоо жаатында кескин кадамдарга баруу, атүгүл жоюу керек деген маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүп, бул Илимдер академиясы ишти заманбап жүргүзө албай жаткандыгы менен негизделген.

Улуттук Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев кыскартуулар аркылуу академияны сактап калуу аракети көрүлүп жатканын, муну нааразылык билдиргендерге да түшүндүргөнүн айтты:

- Биздин алдыбызда эки маселе турган же реформага баруу же академияны жоюп салуу. Биз өз демилгебиз менен кыскартууларды сунуштадык. Төрт вице-президент, жети кеңешчи жумуштан алынып, институттардын саны 16га кыскарган. Аткаминерлер эле жумуштан алынды. Эл калды. Азыр сүйлөшүүлөрдүн негизинде маселени түшүндүрдүк.

Илим унутулган өлкөдө жылыш болбойт

Илимде реформа жасап, Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртуу керек деген максат коюлду.

Эркебаевдин билдиргенине караганда, кыскаруулар өкмөттүн структуралык өзгөрүүлөр тууралуу октябрь айында чыккан токтомунун негизинде жүрдү. Ага ылайык административдик башкаруу кызматтары 40 пайызга кыскартылып, курагы жетимиштен ашкан жетекчилер өз арыздарынын негизинде ээлеген кызмат орундарынан бошотулушту.

Ошентип, жалпысынан Улуттук Илимдер академиясындагы институттар биригип, кыскарып отуруп, мурдагы 25 институттун ордуна 16 институт калды. Эркебаев ошондой эле алдыда илимди оптималдаштыруу максаты турат деп ишендирди. Жакында кабыл алынган илимди өнүктүрүү Концепциясынын негизинде премьер-министрге караштуу Илим жана инновация кеңеши түзүлгөн. Бирок ишти оптималдаштыруу, илимий заманбап башкарууну жолго салуу үчүн “Илим жөнүндө” жана “Улуттук Илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Бул мыйзам долбоорлору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

Анткен менен илимий-коомдук чөйрөдө илимий тармакты оптималдаштырып, чындап реформа жүргүзүүгө азыркы аракеттер жардам берерине ишенбегендердин катары да аз эмес. Андай көз карашты кармангандардын бири - техника илимдеринин доктору, легендарлуу парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов. Ал академиянын ишин ошол эле илимпоздор иштеп жүргөн жогорку окуу жайларга жүктөп коюуну туура көрөт:

- Чындап келсе Кыргызстанда илим деле жок. Ал өнүгүшү үчүн болгон аракетти жумшаш керек. Азыр эми академиянын илимпоздору айлыктын аздыгынан жогорку окуу жайларда кошумча иштеп жатышат. Менимче, ошол адистер менен окуу жайлардын мыкты мугалимдерин чогуу иштетип, лабораторияларды ошол окуу жайларга өткөрүп бериш керек. Эл аралык тажрыйбада ушундай. Укмуш илимий изилдөөлөр жогорку окуу жайларда эле аткарылып жатпайбы.

Улуттук Илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган. Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдары УИАда 4000ден ашык адам иштесе, азыр илимий жана башка кызматкерлердин жалпы саны 1940 адамды түзөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG