Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Кыргызстан ЕАЭБ шарттарын жакшыртуу аракеттерин улантат


"Торугарт" бекети.
"Торугарт" бекети.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 18-январда өткөн кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы дүйнөлүк экономикадагы жагымсыз факторлорго жана тенденцияларга карабай, өлкөнү евразиялык интеграциянын жаңы шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн көп иштер аткарылганын баса белгиледи.

Анын сөзү боюнча, Кыргызстандын интеграциялык бирикмеге кошулуусу менен бажы бекеттерин, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды жабдуу боюнча тийиштүү иш-чаралар жасалып, «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркечтам» сыяктуу 4 чек ара бекети жана 7 ветеринардык-көзөмөл бекети жабдылган. Буларга кошумча мамлекеттик бюджеттин эсебинен 8 өткөрүү бекетин жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде фитосанитардык көзөмөл жана карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөр алынды. Жыйында айтылган маалымат боюнча, Кыргызстанда аккредитацияланган 30 лаборатория жана 9 сертификация берүү органы ЕАЭБдин бирдиктүү тизимине киргизилип, жалпы биримдиктин аймагында бирдей таанылат.

Мындан тышкары жыйында өлкө евразиялык интеграцияга кошулгандан бери эмгек мигранттарынын иштөөсүнө жагымдуу шарттар түзүлгөнү да белгиленди.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта толук кандуу мүчө болуп кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG