Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Саясатчылардын бедели канча турат?


Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

Свердлов райсоту Улуттук оппозициялык кыймылдын саясий кеңешинин жана “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү Уран Ботобековду 1 млн. 800 миң сом айыпка жыгып, доону өндүрүү максатында анын Бишкектеги эки үйүн камакка алды.

Мындай чечимге Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орунбасары Икрамжан Илмияновдун доо арызы себеп болгон. Анда Илмиянов Ботобеков “Вечерний Бишкек” басылмасына таандык kabarordo.kg сайты аркылуу жалган маалыматтар менен анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, 5 млн. сом доо койгон.

Уран Ботобеков сот өкүмү президенттин айланасындагы адамдардын буйругу менен мыйзамдарды көзгө илбей чыкканын айтууда.

- Бул чечим мага эле эмес, сөз эркиндигине болгон басым. Сот бир да мыйзамды сактабай, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн гана чечим чыгарды. Бул 7-кабаттын, түздөн-түз Илмияновдун буйругу. Биз буга чейин да соттордун көз карандылыгын сындап келгенбиз. Свердлов сотунун чечими Кыргызстанда сот реформасы тууралуу сөз да жок экенин дагы бир ирет далилдеди.

Ажого 1 сом, мурдагы айдоочусуна 7 сом...

Оппозиционер сот чечимин жогорку инстанцияга арызданат. Бирок ал Жогорку Сот деле Ак үйдүн көрсөтмөсүнө каршы чыга албайт деп ойлойт. Ушул себептенби, айтор, оппозиция өкүлдөрү Илмияновдун 1,8 млн. сом моралдык чыгымын алдын ала төлөп берүү үчүн коомчулуктан 7 сомдон топтоого киришти баштады.

Мындан мурда Аламүдүн райондук соту президенттин аброюна шек келтирди деген негизде журналист Дайыр Орунбековду 2 млн. сом доого жыккан. Учурда жарандык коом мамлекет башчысынын моралдык чыгымын калыбына келтирүү үчүн 1 сомдон каражат топтоо аракетинде. Буга удаа ушул эле Свердлов соту президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин доосун канааттандыруу максатында “Вечерний Бишкек” басылмасынын беш автоунаасын жана банктык эсебин камакка алган. Анда Мамбеталиев аталган басылма аброюма шек келтирди деп 50 млн. сом доо койгон.

Өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев президенттин тегерегиндеги адамдардын бедели эмне үчүн миллиондорго бааланып жатканына түшүнбөйт.

- Илмиянов бүгүнкү күндө ким? Ал мурдагы ордунда болсо кызматтык аброюна шек келди десек болот эле. Азыр болсо мен сыяктуу катардагы эле адам. Анан эмне үчүн 5 млн. сом доо коет да, сот аны жарым-жартылай канааттандырат? Мындай чечимге эч кандай негиз көрө албай турам.

Мыйзам боюнча доогер беделинин баасын өзү каалагандай коёт. Бирок сот моралдык чыгымды маалымат каражатына жарыяланган материалдын негизинде канчалык зыян алып келгенин эске алышы керек.

Алгач айып пул, анан...

Адамдык ар-намысын коргоп, 20 жылдан бери соттошуп келатканын айткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин буга чейин койгон доолору 10 миң сомдон ашкан эмес. Ал бирдей эле берене менен ар кандай чечим чыгарып жаткан сотторго нааразы.

- Буга чейин соттор айлап-жылдап созуп отуруп менин моралдык чыгымымды бирде алты, бирде жети, ашып кетсе 10 миң сомго баалаган. Ошол эле берене менен президенттин кейигенин эки млн. сомго, анын мурдагы айдоочусунун моралдык беделин 1 млн. 800 миң сомго баалады. Ушунун баары сотко болгон ишенимди азайтат. Мыйзам баары үчүн бирдей колдонулушу керек.

Соңку мезгилдеги сот чечимдерине байланыштуу бийлик сөз эркиндигине кысымды күчөттү дегендер көбөйдү. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев миллиондогон доолор журналисттин же медиа каражаттын ишин токтотууга мажбур кылат деген пикирде.

- Эгер айыппул журналисттин өзүнө коюлса ал журналистикадан кетүүгө мажбур болот. Керек болсо медиа каражаты да андай доону төлөй албай жабылат. Эгер сот чечими саясий негизде болсо анда соттошуулардын башкы максаты журналисттердин оозун жабуу болуп саналат.

Медиа эксперттердин баамында, Кыргызстанда журналисттерге коюлган доонун көлөмү буга чейин 200 миң сомдон ашкан эмес. Алар Бакиевдин убагында да журналисттерге кысым алгач акчалай айыптан башталып, кийин камакка алуу аракеттери менен уланганын эске салышат.

XS
SM
MD
LG