Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

“Устукандан” айрылган студенттер


Кыргыз техникалык университетинин алдына топтолгон жаштар. Бишкек, 10-июль, 2013.
Кыргыз техникалык университетинин алдына топтолгон жаштар. Бишкек, 10-июль, 2013.

Айрым жогорку окуу жайлардын студенттери жалаң 4 жана 5 деген бааларга окугандарга стипендиянын кыскарышы паракорчулукту күчөткөнүн айтышууда.

Мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жүздөгөн студенттери өкмөткө кайрылуу үчүн кол топтоп жатышат. Студенттердин мындай кадамга барышына өкмөттүн 2013-жылдын 4-июлундагы стипендия берүү шарттарын өзгөртүү боюнча токтому себеп болгон.

Студенттердин нааразылыгы

Мурда жалаң 4 жана 4-5 деген бааларга окуган студенттерге да стипендия берилип келсе, аталган токтомдун негизинде 1-сентябрдан тарта жалаң 5ке окугандарга гана стипендия каралган жана өлчөмү 276 сомдон 800 сомго жогорулатылган.

Өкмөткө кайрылууну демилгелегендердин бири, “Жаштык деми” жаштар клубунун тең төрагасы Бектур Базакечов өкмөттүн токтому ЖОЖдордогу паракорчулукту гүлдөткөнүн айтат:

- Эгер студент бир эле 4 алып калса стипендия албайт. Ошондуктан көбү мугалимдерге пара берүү аркылуу бааларын оңдотуп жатышат. Өкмөт бул токтом менен студенттердин стипендиясын көтөрбөй эле, паракор мугалимдердин “ставкасын” көтөрүп койду. Мурда стипендия 4-5ке окуган студенттерге биртоп эле түрткү болчу. Азыр 3 менен 4 деген баанын айырмасы жок болуп калды. Студенттер ушуга нааразы.

Деген менен Билим берүү министрлиги токтом студенттердин өздөрүнүн сунушунан улам кабыл алынганын айтууда. Аталган министрликтин бюджет башкармалыгынын башчысынын орун басары Салмоорбек Асановдун ишендиришинче, студенттерге берилчү стипендиянын категориялары кыскарганы менен окуунун алдыңкыларына бөлүнчү каражаттын көлөмү бир тыйынга да кыскарган эмес.

- Эми бул токтомду өкмөт кабыл алды. Министр Садыков жалгыз кабыл алган жок. ЖКнын тиешелүү комитети, студенттер өздөрү да ушундай сунуш менен кайрылган. Паракорчулук күчөдү деген бул жөн эле шылтоо. Сабактарын мурда акча менен бутүргөн студенттер азыр деле ошол жолго барат. Же эмне мурда мындай жок беле? Стипендияны мыкты окуган студенттерге стимул болсун үчүн көтөрдүк.

Орун алмаштыруудан сумма өзгөрөбү?

Асановдун маалыматына таянсак, бул өзгөртүүгө чейин мамлекеттик окуу жайларда бюджеттик негизде жалаң 4кө окуган 3623 студент 239 сомдон, 4-5ке окуган 7031 студент 257 сомдон жана жалаң 5ке куган 3317 студент 276 сомдон стипендия алып келген. Токтом кабыл алынгандан кийин 5ке окуган студенттердин саны дээрлик өзгөргөн эмес. Демек, 3317 студентке 800 сомдон 2.653600 сом кетсе, мурда 3 категория боюнча 3.588356 сом төлөнчү. Билим берүү министрлиги бюджет кыскарган жок дегени менен жөнөкөй эле арифметика бир айлык стипендиядан ортодо 934756 сом айырма бар экенин көрсөтүүдө.

Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев болсо студенттерге берилчү стипендия шарттарынын өзгөргөнүн эми гана угуп жатканын айтууда:

- Тилекке каршы стипендия берүүдөгү өзгөртүүлөрдү ызы-чуу чыккандан кийин гана угуп отурам. Билим берүү министрлиги биздин профилдик комитет менен кеңешсе жакшы болмок. Токтом туура эмес кабыл алынган. Жалаң 5ке окугандарга гана стипендия берүү баалардын девольвациясына алып келет.

“Стипендия чын эле көтөрүлдү беле?”

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 5-курста окуган Асел апрель айынан бери стипендия ала элек. Жалаң 5 деген бааларга окуган студент “стипендия чын эле 800 сом болду бекен?” деп бушайман.

- Стипендия көбөйдү деп укканбыз. Мурда бизге стипендияны деканат берчү. Азыр банкомат аркылуу алып кайсы айга алып жатканыбызды деле билбейбиз. Кыскасы 800 сомдон стипендия алып көрө элекпиз.

Асел студент досторунун көбү стипендия көлөмү көбөйгөнүн эми гана угуп жатканын кошумчалады.

Студенттердин көйгөйүнө биринчилерден болуп кулак салган Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов өкмөттүн токтому студенттер менен мугалимдер ортосуна ачык соодалашууга жол ачты деген пикирде:

- Президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүп жатам десе, анын партиялашы минстр Садыков коррупцияга шарт түзүп жатат. Бул токтом паракорчулукка 100 пайыз жол ачат.

Кыргызстанда жалпысынан 50дөн ашык жогорку окуу жайы бар жана анда билим алгандардын саны 220 миңге жетет. Жылына студенттердин стипендиясы үчүн бюджеттен 50 млн. сом каралат.
XS
SM
MD
LG