Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Кыргызстан-АКШ алакасы жаңы нукта өнүгөт


Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШ мамкатчысы Жон Керри. Бишкек. 31-октябрь
Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШ мамкатчысы Жон Керри. Бишкек. 31-октябрь

​Кыргызстан менен АКШнын ар тараптуу кызматташуусунун жол картасы даярдалат.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев 31-октябрда Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен бирге өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Жон Керри өз кезегинде АКШ Кыргызстандын эгемендигин тааныган биринчи өлкөлөрдөн экенин, убагында демократиялык өнүккөн мамлекет курууга жардам берүүгө убада кылганын, аны 24 жылдан бери талбай аткарып келатканын белгиледи.

Жон Керри алгач АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылышына катышты. 21-кылымдагы элчилик эң ириде өнөктөштүк дегенди туюнтарын, бул жөн гана жаңы имараттын ачылышы гана эмес, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун белгиси болорун белгиледи. Анын пикиринде, саясий, экономикалык, маданий кызматташуу кеңейип жатат жана бул биринчи кезекте эки өлкөнүн жарандары үчүн маанилүү.

АКШ элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш салтанаты. 31-октябрь, 2015-жыл
АКШ элчилигинин жаңы имаратынын ачылышы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

Керри андан соң президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Жолугушуудан кийин маалымат жыйында эки тараптуу сүйлөшүү ачык-айкын өткөнүн, бардык маселелер боюнча пикир алышуу болгонун билдирди. Керри Кыргызстанды парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев өз кезегинде, эки өлкөнүн алака-катышынын жаңы барагы ачылып жатканын билдирди. Тараптар ар тараптуу кызматташуунун жол картасын иштеп чыгуу тууралуу макулдашканын маалымдады:

- 2000-жылдардын ортосунан бери башталган кайсы бир маселелерге карабай, биз эки тараптуу алака-катышты аздектеп - баалайбыз. Ушул убакка чейин чогулган кызматташуу боюнча тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстан менен АКШнын өз ара алака-катышынын оптималдуу үлгүсүн иштеп чыгууга мезгил келди. Кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү дагы деле толук колдонула элек. Мен эки тараптуу кызматташуунун жол картасын иштеп чыгуу демилгесин колдойм. Биздин өлкөлөр демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүдө, бекемдөөдө айныгыс өнөктөштөр болуп эсептелет. Кыргызстан эми демократиялык өнүгүү жолунан кайтпайт жана эркин коом түзүү аракетин андан ары да улантат. Тең укуктуу, бири-бирин сыйлаган өлкөлөр өз ара кандай гана татаал маселе болсо да чече алат.

Атамбаев менен Керринин жолугушуусу өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Маалымат жыйында америкалык журналисттер Кыргызстанда июнь коогасы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШнын мамлекеттик департаментинин сыйлыгынын берилиши боюнча Жон Керринин пикирине кызыгышты. Керри Аскаровдун сыйланышы Кыргызстанга катуу тийгенин билерин, бирок ал сыйлыкты кайсы бир окуяга байланыштуу эмес, жалпы эле укук коргоочулук ишмердиги алганын айтты.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев Азимжан Аскаровдун сыйланышына байланыштуу Кыргызстандын позициясын дагы бир жолу кайталады:

АКШ мамкатчысы Жон Керри менен тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев
АКШ мамкатчысы Жон Керри менен тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев

- Бизге улут аралык ынтымак, тынчтык эң маанилүү. Биз бардык иш-аракетти, бардык кырдаалды ушул алкактан алып карайбыз. Биз Азимжан Аскаровду кылмышкер деп эсептейбиз. Аны Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыраткан. Биз бул маселени ачык талкууладык. Бул темага дагы да кайрылабыз. Бирок биз буга карабай алдыга жыла беребиз.

Андан сырткары маалымат жыйында кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен 1993-жылы түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарышынан кийинки кызматташтыкты, Сирия, Ирак жана Ооганстандагы кырдаал жана анын дүйнөлүк коопсуздукка тийгизген таасири, Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстандын дүйнөлүк коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымы тууралуу суроолор берилди. Жон Керри Бишкекте “Ислам мамлекети” террордук уюмунун коркунучтарын дагы бир ирет эскертти жана расмий Вашингтондун позициясын айтып өттү. Ал террордук уюмдун мүчөлөрүнүн арасында кыргыз жарандары да бар экенин айтып, расмий Бишкекти ал уюмга каршы күрөшкө жигердүү катышууга чакырды.

Керри менен Абдылдаев ошондой эле Египетте Орусиянын жүргүнчү ташуучу учагынын кыйрашына байланыштуу Кремлге көңүл айтышты.

Жон Керри Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына да катышты
Керри билим уясынын тушоосун кести
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

Жон Керри Борбор Азия республикаларын биринчи жолу кыдырууда. Кыргызстандан кийин ал Самарканд, Астана, Дүйшөмбү жана Ашхабад шаарларына барат.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси расмий Бишкек өлкө эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин эле түптөлгөн. ​Бирок “Манас” аба майданына 2001-жылдагы Нью-Йорктогу теракттан кийин Кошмо Штаттардын базасынын жайгашуусу менен бир топ бекемделген. Ал эми Бишкектин базаны чыгаруу максаты эки ортодогу мамилени салкындатты. Белгилүү болгондой, база 2014-жылдын башынан тарта эле чыгарыла баштаган.

Андан кийин АКШ Мамлекеттик департаменттин сыйлыгы абактагы Азимжан Аскаровго быйыл июлда ыйгарылышы эки мамлекеттин мамилесин муздатып, кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы жетишилген келишимди жокко чыгарууга барды. Ал келишимге ылайык, Кошмо Штаттар Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдар ар кандай салык, төлөмдөрдөн бошотулган. Эми эки тарап мына ошол келишимди калыбына келтирүү үчүн эле бир нече жылдык аракет талап кылынары айтылууда. Жон Керринин сапары мына ошого чыйыр салабы, аны сапардын жыйынтыгы көрсөтөт.

Жон Керри Борбор Азия республикаларын биринчи жолу кыдырууда. ​

XS
SM
MD
LG