Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Прокурорду жардырган тууганы болуп чыкты


Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевдин өмүрүнө кол салууну уюштурган адам анын тууганы болуп чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Бишкектин Төлөгөн Айтмырзаев деген тургуну кармалган.

Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда Эркин Курманалиевди жардырган затка окшош жардыргыч зат табылган. Учурда шектүү кылган ишин мойнуна алып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Кылмыш ишти тергөө маалында Курманалиев менен Айтмырзаевдин үй-бүлөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам ушундай кылмышка барганы аныкталган. Тактап айтканда, Курманалиевдин ата-энесинен Айтмырзаевдин ата-энеси 60,5 миң доллар карызга алып, бербей жүргөн. Буга байланыштуу Эркин Курманалиев Төлөгөн Айтмырзаевди бир нече жолу Башкы прокуратурага чакырып, карызды беришин талап кылган. Бул учурда Айтмырзаевдин үйү да күрөөгө коюлган.

Буга байланыштуу Айтмырзаев карызды төлөбөй, үй-мүлкүнөн ажырап калбаш үчүн прокурорду тындым кылууга аракет кылганын башкы тергөө органы ырастады.

Ошондой эле Башкы прокуратура Курманалиевге кол салуу эч кандай кызматтык ишмердигине байланыштуу болбогонун билдирди.

Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиев 29-июлда автоунаасындагы жарылуудан катуу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Анын оң колу билегинен үзүлүп, сол көзүнө жана өпкөсүнө сыныктар кирип кеткен. Прокуратура кызматкерине оор операциялар жасалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG