Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Волейбол: ойногондор көп, ийгиликтер аз


Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеште "Динамо" жана "Жети-Суу" командалары беттешүүдө.
Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеште "Динамо" жана "Жети-Суу" командалары беттешүүдө.

17-ноябрда Бишкекте СССР эл артисти, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш башталды.

Аталган турнир 23 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, өлкө чемпиондугунан кийинки эле республикадагы маанилүү оюндардын бири болуп саналат.

Сүймөнкул Чокморов ойногон оюн

Адилет Өмүралиев Ысык-Көлдүн "Жаңы муун" командасында ойнойт. Ал бул турнирде атаандаштык күчтүү болгонуна карабастан жеңишке жетүүнү башкы максатым деп эсептейт.

- 2013-жылы бул турнирдин жеңүүчүсү болгонбуз. Ал кезде “Ош Бажы”, “Салам-Алик” командалары негизги атаандаштарыбыз болушкан. Бул сапар кандай болору белгисиз. Биринчи оюнда “Чаткалдын” оюнчулары менен беттешип, 3:0 эсебинде уттук. Быйыл дагы былтыркыдай жеңишти камсыздоого аракет кылабыз.

СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, СССРдин Киноматографисттер союзунун мүчөсү Сүймөнкүл Чокморов 1950-жылдары Кыргыз ССРинин волейбол боюнча уландар арасындагы улуттук курамасында ойногон.

"Ал ооруга чалдыгып калып, дарттан айыгыш үчүн бул спорт менен алектенген", - дейт Сүймөнкул Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов.

- Бала кезинде безгек оорусуна чалдыгып, ал оорудан кутулуш үчүн волейбол ойноп, акыры дартын айыктырган. Ал жөн гана ойнобостон, мыкты оюнчулардын катарында жүрүп, мектепте окуп жүргөн кезинде уландар арасында Кыргыз ССРинин курамасында болгон. Кийин Ленинградга Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтунда окуган кезде да институттун курамында ойноп жүргөн. Сүймөнкулдун адам катары калыптанышына спорттун салымы чоң.

Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш быйыл 23-жолу өткөрүлүүдө. Аталган турнир өлкө чемпиондугунан кийинки эле республикадагы маанилүү оюндардын бири болуп саналат. Биринчилик үчүн улуттук жана жогорку лигада ойногон 12 команда катышууда.

Алар: «Ош Бажы», «Улар», «Жаңы муун», «Чаткал», «Салам-Алик»,«Талас-Шумкар», «Жети-Суу», «Динамо МВД», «Улуттук Гвардия», «Тримекс»,«Жаш күч» жана «Дархан» командалары.

С.Чокморовдун жаркын элесине арналган турнир 23 жылдан бери өткөрүлүүдө. Быйылкы мелдешке улуттук жана жогорку лигада ойногон 12 команда катышууда.
С.Чокморовдун жаркын элесине арналган турнир 23 жылдан бери өткөрүлүүдө. Быйылкы мелдешке улуттук жана жогорку лигада ойногон 12 команда катышууда.

Былтыркы жылы Ош шаарында болгон бул турнирде Ысык-Көлдүн «Жаңы муун» командасы жеңүүчү болгон. Быйыл оюндар Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүдө. Алгач оюн эки тайпада айлампа тартиби менен жүрүп, тайпалык тандоо мелдешинен кийин эки тайпадагы алдыңкы төрт команда кайрадан бири-бири менен ойношот. Жеңишке жетишкендери биринчи орун үчүн ат салышат. Финалдык таймаш 23-ноябрь күнү болот.

Волейбол: ийгиликтер жана өксүктөр

Кыргызстанда волейбол кеңири тараган массалык спорттун түрүнө кирет. Эркектер арасында айылдык, райондук, жаш өспүрүмдөр, университет, жогорку жана улуттук лига деп аталган алты лигада мелдештер өтүп турат. Кыз-келиндер арасында өспүрүмдөрдүн, университеттердин арасында жана өлкө чемпиондугу үчүн мелдештер бар.

Волейбол федерациясынан маалымдашкандай, ар бир лиганын деңгээлине жараша катышуучу командалардын саны ар бир лигада алты командадан 100 командага чейин жетет. Волейбол ойноочулардын катары көп болгонуна карабастан кыргызстандык волейболчулар эл аралык абройлуу деп саналган Азиялык, Дүйнөлүк чемпионаттарга, Олимпиада оюндарына жана бир катар эл аралык мелдештерге катыша албай келишет.

Кыргызстандын волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышевдин айтымында, октябрь айынын аягында Италиянын Сардиния жергесинде Эл аралык волейбол федерациясынын (FIVB) 34-конгресси болуп, жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы волейболдун абалы туурасында кеңири маалымат алышкан.

Эл аралык волейбол федерациясы (FIVB) Кыргызстандын волейбол федерациясына тапшырган “Mikasa алтын тобу”.
Эл аралык волейбол федерациясы (FIVB) Кыргызстандын волейбол федерациясына тапшырган “Mikasa алтын тобу”.

Акыркы беш жылдагы кыргыз волейболундагы жетишкендиктерге Эл аралык волейбол федерациясынын жетекчилиги жогорку баасын берип, алтын топ тапшырган.

Бул конгрессте Иран, Түркия, Орусия, Жапония, Корея мамлекеттеринин волейбол федерациялары кыргызстандык кесиптештери менен тыгыз кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Андан сырткары Кыргызстандын улуттук курамасына 2015-жылдагы Азия чемпиондугуна катышуу сунушу айтылган. Өлкөнүн волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев Азия чемпиондугуна азыртадан даярдыктар көрүлө баштаганын айтты:

- Азия чемпиондугуна катышуу чоң сыймык. Биз Азия чемпиондугунда борбордук зонада ойнойбуз. Ага 11 өлкөнүн курамалары бөлүнгөн. Иран, Түркмөнстан, Ооганстан, Пакистан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан өңдүү улуттук курамалардын арасынан алдыңкы беш кураманын катарына кошулуп, ал гана эмес байге ээси болууга да аракет кылабыз. Топ тоголок. Алар Азияда, дүйнөдө кыйын курамалар болсо да беттешүүдөн качпайбыз. Кээ бир өлкөлөр техникасы, каражаты менен мыктылыгын көргөзсө, биз тайманбастыгыбыз, эр жүрөктүгүбүз менен алдыңкы катарда болуп, жеңишке жетишишибиз керек.

Башкы катчы кошумчалагандай, каржылык колдоо болбогондуктан буга чейин бир нече эл аралык мелдештерге улуттук кураманын өкүлдөрү катыша албай келишкен. Алдыдагы Азия чемпиондугунда да ошондой көйгөй орун алып калышы ыктымал болгондуктан, каржы маселесин чечүүнү азыртадан баштап колго алуу керек сыяктанат.

С.Чокморовдун жаркын элесине арналган турнир. 17-ноябрь, 2014-ж.
С.Чокморовдун жаркын элесине арналган турнир. 17-ноябрь, 2014-ж.

Коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков мамлекеттик каржылоо болбосо да, Азия чемпиондугуна демөөрчүлөрдүн жардамы менен жиберип, маселени чечсе болоорун билдирди:

- Биздин волейболчулардын деңгээли акыркы жылдары бир топ жогорулап калды. Бангладештеги Азия чемпиондугуна катыша турган 15 оюнчуну каржылоого кантип эле каражат табылбай калсын? Биз жардам беребиз. Оюнчулар сыртка чыгыша элек. Барып, тажрыйба топтоп, жакшы оюн көргөзүп келишсе, аларды колдоого ала турган демөөрчүлөр көбөйөт деп ойлойм.

Волейбол боюна 2015-жылдагы Азия чемпиондугу апрель, май айларында Бангладеште өтөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG