Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Бая баарыбыз үйдө чогуу отуруп калганда бир кызым кабагын түйүп: “Деги биз качан жашайбыз?” деп суроо жылдырып калды.

Оозуман сөзүм түшүп, жашабаганда анан эмне кылып жатабыз дегендей ага суроолуу карадым. “Жума күндөн баштап силердин аш-тойдон колуңар бошобойт, качан үй-бүлөбүз менен чогуу ресторанга же тоого жылгаяк тепкени барабыз?”.

Чын эле десең... Балдарыбыз менен театрга, тоого, музейге чогуу барам деген кыргыз бар бекен? Ойлосом жума башынан тарта жумуштан арткан биртике убактыңды жана пулуңду досторуң, ашыналарың, кошуналарың, жердештериң, койчу-койчу, баары бөлө тартып кетишет. “Алтын казына”, “Сайран”, “Дасмия”, иши кылса, мен көргөн-билген ресторандарга негизинен баталарга жана тойлорго барат экем, кызым айтмакчы, бала-бакырам менен чогуу бир ресторанга барганыбыз эсте жок. Ошону эстегенде кызымдын астында бетим чымырайт...

Ал ал болсун. Акыркы кезде өзүм ыйык деп жарыялап алган жекшемби күндөн да кол жуудум. Бул күнү футбол ойноп, уулум экөөбүз мончого барып, андан соң отуруп алып, Англия менен Испаниянын футбол чемпионатын ыракаттана көрчү элек. Эми бул күндөрү кээде үч жерге барууга туура келет. Айтору, жекшембиде колоктоп, коноктон баш арылбай калды.

Мен эле бекем? Кайсы кыргыз менен сүйлөшсөң ушул – баары наалып отурат. Айдын аягында болсо капчыгың капшырылып отуруп, карыз сурамай башталат. Анан кантип үй-бүлөмдү ресторанга алып барам? Тоого чыгарайын десең, убактыңды бир мүнөтүн калтырбай кыргыз аш-тойлор уурдап кеткен.

Азыркы балдар, бая бир досум айтмакчы, “акыр замандын” – ааламдын, интернеттин балдары эмеспи. Интернет деген балээ, спутник деген неме кантип “жыргап” жашоо керектигин балдардын көзүнө чукуп көрсөтүп жатпайбы. Мына, “Холмарк” деген каналды бас, бала-бакырасы менен “Жипке” отуруп алып, тоо-төшкө чыккан америкалык үй-бүлөнүн маңдайынан бакыт нуру чачырайт, жебегенди жеп, ичпегенди ичип, жыргап-куунап жатышат... аларды балдарыбыз шилекейин агыза карап отурушат. Анан, албетте, бизден – ата-энелеринен ошондой жыргал, бактылуу жашоону талап кылышат да.
Эми балдарыңдын оюндагыдай болоюн десең, “элден” чыгасың. Же кыргызга аш-тойду кыскарт деп айта албасаң. Кээде тиягына да, биягына да жетише албай, заманаң куурулуп кеткенде ыракматы болгур Салижан акенин “бу кыргыз өлгөндөр үчүн жашайт!” деп боздоп жибергени эске келе калат. Эми эмне кылуу керек?

Менде бир сунуш бар: жуманын дешке ооз барбайт, эч куру дегенде айдын бир күнүн - бир эле күнүн! - өзүбүз үчүн жашоо күнү деп жарыялабайлыбы? Ал күнү ашка же тойго бармай жок. Жок, айтайын дегеним: ал күнү аш же той бермей жок. Ал күнү бири-бириникине да башы ооп кирмей жок. Ал күнү айылдан шаарга келмей да жок. Ар бир кыргыз өз үй-бүлөсү үчүн, өзү үчүн жашаган күн болсо... Эмне, референдум өткөрсөкпү?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG