Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Ошентип, мугалим көчөгө чыкты. Совет мезгилинде да, андан кийинки жыйырма жылда да мугалим минтип жапырт чыкканын кыргыз коомчулугу биле элек эле.

Түйшүгү көп, жүгү оор, айлыгы аз. Өмүр бою күлүк таптагандай бала таптап келатат. Баладан эмес, бааланбагандан чарчаганын, муктаждыктан чарчаганын айтып чыкты. Айтып отурса “арманы аттын башындай”. Куду эле ушу кепти бала кезде ата-энемден укчу элем.

Эсимде, атам мектептин директору, энем стажылуу мугалим кезинде экөө биригип 300 рублден ашык айлык алышчу. Ал көп эле акчадай сезилчү. Ал кезде ширеңке 1 тыйын, нан 20 тыйын, кумшекер 78 тыйын дегендей...

Бирок ошол айлыкты ата-энемди кошкондо он бирибиз карачубуз, арасында студентибиз бар, окуучубуз бар: кийим-кечебиз, окуу-куралыбыз, тамак-ашыбыз... Анан ар бир кыргыздай эле ата-энебиз конок тосмой, конокко бармай дегенден куру эмес, жакшылык-жамандык деген да бар эле.

Анда деле алар азыркы мугалимдей эле тиричиликтеги кем-карчты алма-өрүк, мал-жан менен толуктаганга аракет кылышчу, бирок, мектеп-мектеп деп эле, чарбачылык акыркы орунда калчу. Көп учурда көк дүкөнгө ишенишчү. Айылдагы дүр-дүнүйө саткан дүкөн ишенген кишилерине калың дептерге каттап коюп эле керектүүсүн карыз бере берчү. Маяналарын алары менен көк дүкөнгө төгүп берип, айлыкка чейин кайра эле карызга отуруп калчу. Көп кейишчү. Кейип коюп эле көз май түгөтүп дептер текшеришчү, түн уйкудан калып кудайдын куттуу күнү сабакка даярданышчу. Сабакка келбей койгон баланы мектепке алып келем деп ойго түшүп, тоого чыгып, үймө-үй кыдыршчу(айрыкча энем), окуучусу жакшы баа алса баладай сүйүнүшчү. Алар билим, китеп, адеп, нысап, бейкуттук деген өңдүү баалуулуктарды бала аттуунун баарына сиңиребиз деп чарчашты. Мектеп менен, окуучулар менен күн өткөрүштү, өмүр өткөрүштү.

Мен өткөндө, декабрдын этегинде райондун борборуна митингге чыккандарга бардым. Бир жаш мугалим президент Роза Отунбаеваны мугалимдерди түшүнүүгө чакырган плакат көтөрүп алыптыр. Ал айтат: “Айлыгым 1000 сом. Ага бир эле жакшы жоолук келет. Эмне кылыш керек? Мисалы, окуучу кыздар менден жакшы кийинишет. Уяласың.” Мен ичимден “шекер 55 сом, бөлкө нан 12 сом, ширеңке 1 сом...” тиричиликке өтө керектүүлөрдүн бааларын санап кирдим. Жаш мугалим болсо “Мектеп мага жагат. Жакшы айлык төлөп беришсе иштей бермекмин. Акча көбөйөрүнө көзүм жетпей калды. Башка иш издеп атам. Орусияга кетем го” деди.

Өмүрүн мектепке арнаган ата-энемдин заманында мугалимдик кесиптен кара жумушка кетүү уятка тете иш эле, чет өлкөгө чыгып кетүү болчу эмес. Азыр болсо эркиндик. Жакшы маяналуу иш болсо бардык жакка жол ачык. Канчасы кетип атат. Финансисттер болсо ар дайым агартууну кирешесиз тармак деп, акча бөлгөнгө келгенде кезектин акырына коюшат. Мугалим билим булагы экени, жаратмандыгы көңүлдөн чыгып, бааланбаган кесип бойдон замандан заманга өтүп келатат.

Митингге чыккан мугалимдердин бири “Биз бала окутуп, тарбиялабай эле курсак тойгузуунун айласын издеп калдык. Биз пикетчи эмеспиз, биз – мугалимбиз. Бизге колдоо керек. Балдардын эле эмес, мекендин келечеги мектептин колунда турат. Кызмат талашкан “жакшылар” ушуну түшүнөбү деги?” деп ызасын микрофондон чыгарып атат. Өкмөттүн мугалимди колдогонго күчү жетер бекен? Акыркы жылдары өнөкөткө айланган тынчы жок саясий айдыңда кимдир бирөөнүн “саясий куралы” эми мугалим болуп калбаса экен.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG