Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Европада кокустан кезигип калган адамдар Кыргызстан деген сөздү дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы миллиондогон интеллигенттер жакшы билген бир кыргыздын атын эстеткенде гана эстээри тууралуу окуяларды досторума айтканды жакшы көрөм. Жакында эле чет өлкөлүк бир досумду тосуп алсам, биринчи эле өтүнүчү мындай болду: “Биз Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелигине бара алабызбы?”

Жооп жок... Интернетти аңтарып, бир канча тааныштарга чалып атып Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелиги эмгиче жок экенин тастыктадык. Бийликтегилердин 7-апрель баатырларынын жакындарына, июнь окуясында жабыркагандарга миллион сомдон таратып, олимпия чемпиондоруна үй, машине ыроолоп атып... Иши кылса ушул сыяктуу иштерден улам залкар мекендешибизге эстелик орнотууга чамасы жетпей жатса керек сыягы. Анан калса токтобогон финансылык кризис...

Канткен менен ордо калаага Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу маселеси көптөн бери эле козголуп келатат. Султан Раев маданият министри кезинде, 2009-жылдын январында эле жазуучунун сөөгү коюлган Ата-Бейитке күмбөз куруу боюнча комиссия түзүп, долбоордун авторлугуна москвалык скульптор Зураб Церетелини сунуштаган. Бирок эстеликти иштеп чыгууга Церетелинин талапкерлиги сунушталышы дароо эле бир катар эксперттердин күмөн саноолорун пайда кылган.

Президент Курманбек Бакиев 2008-жылдын декабрында “Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу тууралуу” жардыкка да кол койгон. Өкмөт Мамлекеттик жаштар сыйлыгына, Орус улуттук драма театрына, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кампусуна улуу жазуучунун наамын берүүгө белсенген. А түгүл Бишкектеги Эмен багына да Айтматовдун атын берүү тууралуу сөз болгон. Бирок “тоодой убада берилип, томуктай иш болбоду”. Бул зор пландын эң жөнөкөйү гана ишке ашып, Орус драма театры менен Бишкек шаардык китепканасын гана жазуучунун аты менен атап коюшту.

Азыр Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” комплексинде гана улуу жазуучунун жупуну эстелиги турат. Борбор шаарга ошентип кезек жетпеди. Бул маселени Facebook менен Твиттерде талкуулап жатканыбызда бир булактан залкар туулган Таластын Шекер айылынын кире беришине Айтматов фондунун эсебинен эстелик (стелла) тургузуу долбоорлонуп жатканы кабарланды.

Мен бул биздин мамлекеттен жоопкерчиликти алып салат деп эсептебейм, деген менен ордо калаада азыр жакындары менен эксперттерден башкалар эстебеген совет доорундагы жазуучулардын эстелиги, постаменттери толтура, а ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУКУ – ЖОК!!!

Мен улуу жазуучунун эстелигин тургузуу идеясын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт элем.

1. Долбоорлордун ачык сынагын өткөрүп, анда модернисттик комплекстерге артыкчылык берилиш керек.

2. Долбоорлоо жараянына, каражат чогултууга жана долбоорду ишке ашырууга колдон келишинче жарандык көзөмөл жүргүзүү.

3. Жөн эле эстелик тургузуп койбой, заманбап, уникалдуу архитектуралык комплекс курсак. Анын ичинде окурмандар жыйынын өткөрүп, классиктин чыгармалары боюнча фильмдерди көрсөтүп турчу китепканага, залкардын туулган жана кайтыш болгон күндөрүндө балдар сүрөттөрүнүн сынактарын, фестивалдарды уюштуруп турчу аянтчага да жай табылса.

Мен Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөр залкар инсандарына кандай эстелик тургузганына кызыгып, шилтемелерди чогулттум жана аны сиздерге да сунуштап коюну эп көрдүм.

Тажикстан Дүйшөмбүнүн борбордук көчөсүнө элдик акыны Рудакинин зор эстелигин тургузган. А бул Алишер Навоинин Ташкендеги эстелиги. Алматыдагы Абайдын эстелигин бул жерден көрүңүз. Кытайда болсо уникалдуу скульптуралардын бүтүндөй бир паркын курушкан. Анын бир бөлүгү акын-жазуучуларга арналган.

Мен эмнени сунуштайм?

1.Өкмөткө (вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун жеке өзүнө), Жогорку Кеңешке жана Президентке “Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу боюнча” президент жардыгын эстеткен жана долбоордун аткарылышынын календарлык мөөнөтү көрсөтүлүшүн талап кылган суроо-талаптарды байма-бай жөнөтүп туруу керек. Жана эстеликтин ордуна Бишкектин чок ортосуна Чыңгыз Айтматов атындагы архитектуралык ансамбль курууну сунуштоо.

2. Муну тез арада ишке ашыруу зарылдыгын жогорку даражалуу бийлик төбөлдөрүнө ыңгайы келген ар кандай жолугушууларда эстетип туруу.

3. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жарандык уюмдардын башка жолдорду сунушташы.


Бул боюнча сиздерден дагы ой-пикир, сунуштарды күтөм.

Илья Лукашов, блоггер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG