Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Бейтааныш Ош


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун серепчиси Брюс Панниер Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасында, 2006-жылдын 31-майы.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун серепчиси Брюс Панниер Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасында, 2006-жылдын 31-майы.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуялардын жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыз менен өзбекти бири-бирине кайраштырган үрөй учурган кандуу окуялар улам айтылып отуруп аңыз кепке айланды. Былтыр июн айынын 10-15инде кандай окуялар болгонун эстегенде, “Ош” деген сөз маалымат каражаттарында кан төгүү, ырайымсыздык, ким баштады эле, ким жооптуу деген сөздөргө жык толуп калууда.

Мен былтыр ушу маалда Ошто болгом. 17-июндун таңында бардым. Андагы көргөндөрүмдү эч убакта унутпайм, канчалык унутайын десем да көңүлүмдө түбөлүккө кадалып калгандай.

Ага чейин Ошто көп ирет болгом, бу жолку көргөнүм мурдагы Ошко таптакыр окшободу. Былтыркыны жазгандан көрө азыр 2006-жылдын май айында баргандагымды жазгым келип турат.

Анда да Ошко барууга туура келди. Ал ирет коңшулаш Өзбекстандагы Анжиян окуяларынын бир жылдыгы белгиленип жаткан. Мага Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынгандыктан, Борбор Азиядагы баарынан сүйүктүү жергем – Ошко бардым.

9-май күнү барган экемин, Ошто Жеңиш күнү майрамдалып жатыптыр. Аэропортто тосуп алган өзбек досум мени түз эле ошол Жеңиш майрамы белгиленип жаткан аянтка алып барды. Шамдагай акробаттар менен балбандар шаардык театрдын жанында (былтыр бул театрдын имараты да жабыр тартты) тиришумдук өнөрлөрүн көргөзүп, элдин көңүлүн ачып жатышкан экен. Ары жакта көчө бойлой кыргыз, өзбек жана башка улут өкүлдөрү оймо-чийме салынган кийимдерин кийип алып, түрдүү аспаптарда ыр-күү аткарып жатышты. Паркты аралай бассак, ал жакта бир эстрадалык ансамбль концерт коюп, тегерете чогулган эл тамак жеп, суусундук ичип жатышты. Биз өтүп баратканда ал ансамбль кулагыма тааныш Credence Clearwater аткарган ырлардын бирин созолонтуп жатты.

Шаар аябай жандуу, меймандос маанайда жашоо сүрүп жатты. Роза гүлү жайнап ачылып, оштуктар караңгы киргенде да сейилдеп көчөлөрдө басып жүрүштү. 2006-жылдын май айында Ош мага дүйнөдөгү эң мыкты жергедей сезилди.

Мен бирок олуттуу маселе боюнча барган элем. Анжияндагы коогадан качкан жүздөгөн өзбек качкындары Кыргызстанда башпаанек табышкан. Алар менен көрүшүп, Анжияндагы окуяларды сурап-билип, Кыргызстандагы жашоосуна кызыкмак болчумун.

Кыргыз өкмөтү Ташкендин талабына баш ийбей, өзбек качкындарын Өзбекстанга кайтарып берүүдөн баш тарткан. Анжияндагы коогалаңдан бир жыл өткөндөн кийин да Кыргызстандын кыргыз жана өзбек коомчулугу ал жактан ооп келген бозгундарга колдон келген жардамын көрсөтүп жаткан эле.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев бир топ олуттуу калпыстыктар үчүн айыпталып жатса да, ал Анжиядагы коогалаң болгондо президенттик кызматта отурганына эки айдай гана убакыт болгонун эстей кеткенибиз оң. Бакиев анжияндык качкындарды Өзбекстанга кайтаруудан баш тартып, Бириккен улуттар уюмуна 400дөй өзбек бозгунун Румынияга алып кетүүгө уруксат берип, өзбек өкмөтүнүн каарына калуудан тайманган эмес.

Оштук кыргыздар анда анжияндык өзбектерге боор тартып турушту. Анткени алар өзбек өкмөтүнүн саясатын түшүнгөн. Мага учураган өзбек качкындары тамак-аш, кийим-кечек, айрым учурда убактылуу иш менен камсыздалып, жергиликтүү кыргыздар менен өзбектерге ыраазычылыгын айтып түгөтө албай атышты. Анжияндык качкындардын бир даары Ош, Өзгөн жана Жалал-Абадда жашаган туугандарыныкында түнөк тапкан экен. Кыргызстанда тууган-досу жок качкындар да өз жеринде жүргөндөй жылуу маанайда кабыл алынганы байкалып турду.

Андагы көргөндөрүм былтыр июнда Ош менен Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын таасирин ого бетер күчөтүп, кагылышты кабыл алуу мен үчүн абдан оор болду.

Ош сөзсүз кайрадан мурдагыдай касиеттүү ордого айланат деп ишенем. Жакшы кишилердин башына да карантүн түшкөн күндөр болот экен. Касиеттүү жерди да андай карантүн каптаганы учурайт экен. Тилекке каршы, ушул эки кыянат иш былтыр Ошто биригип калган окшобойбу.

Кыргызчалаган Венера Сагындык кызы, Прага.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG