Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50
Кыргыз тилин билүү деңгээлин кантип калыс өлчөйбүз? Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн кандай жолдору бар? Адабий кыргыз тили деген түшүнүктүн өзөгү эмнеде? Кыргыз тилин колдонуу мейкиндигин кеңейтүүнүн келечеги барбы? TOEFL тажрыйбасы. Тилчилердин эмес, калыс инженердин көз карашы менен ушул суроолорго жооп издөөгө аракет кылып көрөлү.


Кыргыз тилин үйрөнүү жөнүндө биринчи икая


Кыргыз тили – өздөрүн кыргызмын же кыргыздын урпактарымын деп тааныган Ала-Тоо кыргыздарына, Эне-Сай кыргыздарына, Алтай кыргыздарына, Саха кыргыздарына, Хакас кыргыздарына, Башкырт кыргыздарына, Тыва кыргыздарына, Анжиян кыргыздарына, Кокон кыргыздарына, Самаркан кыргыздарына, Жыззак кыргыздарына, Керме-Тоо, Кашгар кыргыздарына, Кара-Тегин, Жерге-Тал, Бадахшан, Кыпчак кыргыздарына таандык ар түрдүү диалекттердин сөз байлыктарын камтыган мааниде жана мейкиндикте өз ара баарлашуу куралы катары колдонулуп келген жалпы кыргыздардын тарыхый эне тили болуп эсептелинет. Ошондуктан адабий кыргыз тили деген түшүнүктү катып бүткөн доомат катары кабыл алышыбыз туура эмес.

Эне тилибизди заманга, доорго жараша эл аралык илимий-техникалык терминдер менен, социалдык кубулуштарды, адам сапатынын жаңы ченемдерин чагылдырган жаңы сөздөр менен байытуу, өнүктүрүү динамикасын жемиштүү нукка буруп келечекти көздөй тынымсыз жүрүш жасап баруу керектигин дайыма көңүлдө тутканыбыз макул.

Унутулган, четте калган диалекттер камтыган сөздөрдү, провинциалдык-колхоздук көз караш аркылуу бөлүп карап өгөйлөштүн ордуна, түгөнбөс тил булагы катары караган мамилеге, жаңы маңыздагы тил маданиятына көчкөнүбүз, жаңы Кыргыз Улутун курууга бет алганыбыз дурус. Тил – улуттун өзөгү. Ар бир айылдын, кыштактын тил өзгөчөлүктөрүн сактап калууга умтулганыбыз жакшы. Баарыбыздын тамырыбыз айылда, тоо-талааларыбызда. Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек.

“Акцент” менен “диалект” деген түшүнүктөрдүн айырмасына акылы жетпеген, айылынан алыс чыкпаган “таза кыргыздар” менен да айрыкча узак иштөөгө туура келет. Кырдаал оор. Кыргыз тилине келгенде, кыргыз биримдигине келгенде көрүнгөндүн колун карап сатылбай, “грант аңдып” отурбай өз киндигибизди өзүбүз кескенге өтсөк.

Ааламда эл аралык тил катары таанылган англис тилин TOEFL (Test of English as a Foreign Language) аркылуу жайылтуудагы тажрыйбаны пайдаланып кыргыз тилин үйрөнүүнү бир калыпка салуу мүмкүнчүлүктөрүн чактап көрүү максатка ылайык болоору анык.
Айкөл Манастын тили, Эр-Төштүк, Эр-Солтоной, Тайлак баатыр жана башка тарыхый эр-азаматтарыбыздын, дастандарыбыздын тили, улуу инсандарыбыз Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун, Жеңижоктун, Токтогулдун, Барпынын, Калыгул олуянын, Кыдыр акенин, Куйручуктун, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун, Байдылда Сарногоевдин, Салижан Жигитовдун, Дооронбек Садырбаевдин, Рыспай Абдыкадыровдун, Иса Ахунбаевдин, Тагай бийдин, Полот хандын, Курманжан датканын, Исхак Раззаковдун тили боло келип дүйнөлүк тарыхка, саясатка, маданиятка эбегейсиз чоң салым кошкон кыргыз тилинин кишинин асыл, күлүк ой-пикирлерин чагылдыруу, ашкерелөө, башка маектешке, окурманга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү чексиз.

“Азаттык” радиосунун эмгек жамааты кылдаттык, чыгармачылык, чеберчилик менен өрчүтүп, англис, немис, орус тилдердеги маалымат булактарынан жемиштүү пайдаланып, колдонуп келе жаткан кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү таасирдүүлүгү буга дагы бир күбө. Замандаштарыбыз Эсенбай Нурушев, Нарын Айып, Муса Мураталиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жаңыл Жусупжан, Айнура Жекше кызы, Венера Жуматаева, Амирбек Аззам уулу, Төрөкул Дооров, Айданбек Акмат уулу, Шайлообек Дүйшеев, Илим Жанузаков, Кубат Касымбеков, Замира Кожобаева, Абдувахаб Мониев, Алым Токтомушев, Кубат Оторбаев, Кыяз Молдокасымов, Сабыр Абдумомунов - бүгүнкү жаңы адабий кыргыз тилинин жаңы усталары.

Тилекке каршы кыргыз тилине башка тилдерди каршы коюп, душмандык мамиле жасагандар да жок эмес. “Кокуй, орус тили колдонуудан чыгып баратат” - деп айгай салып, керт башынын кызыкчылыгын көздөп, башка мамлекеттин төбөлдөрүнө кошомат кылып кээ бир академик, эл агартуу тармагын жетектеп келген профессор, элчи, орусчадан башка тилди үйрөнүүгө дарамети жетпеген саясый лидер, министр сөрөйлөр кыргыз элинин тузун ичип, туз баштыгына заара ушатып жүрүшөт.

Кыргыз тилин бөлүп-жарып, кемсинтип, чукчалардын, башка майда улуттардын тилдери сыяктуу кылып жоготууга багытталган советтик орусташтыруу саясатынын саркындыларынан арылып, эне тилибиздин келечегине жаңы өнүттө, жаңыча көз караш менен мамиле кыла турган учур келди. Коркуп, чочулап, этияттанып отура бербей. Ичимдикке сугарылып, тукум курут болуп бараткан чукчалар бүгүн орус тилинен башка тилди билишпейт. Эне тилин билсе да сүйлөшкөндөн уялышат, кемсинип жашаганга моюн сунуу сезими жүрөктөрүн биротоло ээлеп алган – ушинтип улуттук деградациянын барса-келбес жолуна түшүп калган. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз да “тырп этмейге” чейин жетип барып араң кайра тарттык. Айрымдарыбыз, дагы эле ара жолдо турубуз. Эсибиз барда, биз да туура багыт албасак бовойт.

Тил тагдыры, дил тагдыры – эл тагдыры. Билесиздер, “шаардыкмын” деп тыңсынган бир ууч чала сабат “советтик мырк” (пленники собственного комплекса неполноценности, последователи и приверженцы лицемерной, лживой идеологии эпохи советского мракобесия) кыргыздар үчүн да кыргыз тили жат тил болуп калган. “Өзөктөн чыккан өрттүн” очогу дал ушул жерде жайгашкан.

TOEFL – жат тилдүүлөрдүн англис тилин билүү деңгээлин аныктоо учун ченем жана тастыктоочу күбөлүк катары колдонулган тест. Бул тестти тапшыруу – сынак, өзүнчө юридикалык күчкө ээ. Окуу жайларына тапшырууга, жумушка орношууга уруксат белгиси катары, башка айрым укуктарга ээ болуу менен коштолот. Бир жакшы жери -TOEFL баардык кишилер үчүн бирдей, калыс, адилеттүү стандарттык эреже болуп эсептелинет. Ошону менен бирге ар кимдин коомдо өзү тандаган кызмат ордуна умтулуу дымагына жараша тил билүү деңгээлин так аныктоочу курал катары эл аралык мейкиндикте ийгиликтүү өмүр сүрүп келе жатат. Жанылбасам TOEFLдин кыскача маани-маңызы ушундай.

Кыргыз тилин биз Кыргыз Республикасынын бардык атуулдары үчүн ырыскы катары, ынтымактуулукту чыңдоонун, экономикабызды өнүктүрүүнүн куралы жана пайдубалы катары карашыбыз керек. Кыргызча эркин сүйлөгөн кишинин кызматтык карьерасы да, соодасы да, дегеле күнүмдүк турмушу да жеңил болоорун эч ким четке какпайт болуш керек.

Ирети менен өз пикирибизди ортого чыгаралы. Эки ачакей түшүнүүлөр болуп калбас үчүн айрым түшүнүктөрдү алдын ала тактап алганыбыз макул.

Кыргыз тилин билүү – бул өзүнчө, алгачкы жөнөкөй түшүнүк.
Кыргыз тилин билүү деңгээли – бул экинчи түшүнүк.
Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тест – бул үчүнчү, жаңы түшүнүк.

Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тест боюнча сынак – бул өзүнчө юридикалык акт.

Кеңири колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн жөнөкөйлөштүрүп Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тест (кыскартып КТБД) десек болчудай.

Кыргыз тилин билүү деңгээлин биз үч тепкичке бөлүүнү жетиштүү деп ойлойбуз.

Кыргыз тилин билүүнүн I деңгээли – кырыз тилинде сүйлөшө билүү. Кыргыз Республикасынын баардык атуулдары үчүн ыктыярдуу үйрөнүү жана жөнөкөй өз ара баарлашууда, тейлөө секторунда колдонуу. Ошондой эле, мындай деңгээл мамлекеттик мекеме уюмдардын техникалык персоналына болгон талап катары белгиленгени жетишерлик болчудай.

Кыргыз тилин билүүнүн II деңгээли – мамлекеттик кызматчылардын алгачкы катмарына болгон талап катары колдонуусу белгиленсе деген ой-тилек.

Кыргыз тилин билүүнүн III деңгээли – мамлекеттик кызматчылардын жетекчи катмарына, саясатчыларга болгон талап катары колдонуусу максатка ылайык – мамлекеттик бийлик бутактарынын, мекеме уюмдардын, ишканалардын бөлүм башчыларынан баштап президентке чейин.

Кыргыз тилине болгон мамиле коомдо баштан эле ушундай жол менен барса өнүгүү жолуна алда качан түшкөн болоор эле. Мындай көз караш менен караганда такай дежур тилчилердин катышуусу менен өткөрүлүп келген президенттикке талапкерлерди кыргыз тили боюнча сыноо Акаев баштап кеткен саясий оюн экендиги токол эчкиге да түшүнүктүү. Мындай жасалма спектаклдин кыргыз тилинин өнүгүүсүнө эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан бул сынакты уюштурууга каражат коротуунун деле пайдасы жок. Талапкердин башында бирдеме болсо тилине чыгат – эл аны баалап өз алдынча тандап шайлап алат.

Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө тоскоол болуп келген негизги себептерди ачык айтпасак “өлүм ашкере кылат” болуп калгыдай.
Биринчиси, Акаев жеке өзүнүн утурумдук кызыкчылыктарын көздөп жүрүп отуруп, шайлоолордо добуш алыш үчүн орус тилине расмий макам берилишин жеке жарлыгы менен жарыялап туруп, чөнтөк парламенттен өткөрүп “мыйзамдаштырып”, жасалма референдум аркылуу Конституцияга кошуп, кыргыз элине таңуулап кетти.

Кылымдардан бери кыргыз болуп келген элге “кыргызстандык” – деп тилге жат, дилге жат ат коюп кетти. Ушул эле кара өзгөйлүктүн уландысы кош жарандуулук жөнүндөгү узак жылдарга созулган алаксытма талкуу-жомоктор. Көрдүк - кош жарандуулук уурулар үчүн жоопкерчиликтен качып кетүү амалы катары керек болгон экен. Бул кадамдарды Акаев бүгүнкү Мосвада ынгайлуу шартта жашап жаткандыгы үчүн кыргыз элинин эсебинен кожоюндарына төлөгөн аванс катары жасаган аракеттери болчу. Убакыт көрсөттү, Акаевтин демилгесинин терс натыйжалары башыбызга түшкөн мүшкүл иш болду – ушул себептен кыргыздар менен башка этникалык топтордун ортосундагы ажырым кайра күчөп, ар кимиси өз билгенин жасап жүрүп отуруп ачыкталбаган араздашуу режиминдеги жашоого алып келди.

Кыргыз Республикасында кыргыз тили гана курама элдин башын бириктирүүчү руханий негиз, курал катары кызмат өтөй алат. Кыргыздар да, кыргыз эместер да тең укуктуу Кыргыз атуулдары катары кыстаган турмуштун ачуу таттуусуна тике карай билиши керек. Орус тилине расмий макам берилиши өзбектердин да өзбек тилине ушундай макам берүү талаптарынын чыгып келишине түздөн түз түрткү болду. Ортодо тымызын, жылжытма эрегишүү процесстери башталды. Саясий чайкоочулуктар күч алды. Аягы эмне менен бүткөндүгү белгилүү...

Дежур кыргыз баш болуп, башка этникалык топтордун бай кишилеринен куралган жасалма Элдер ассамблеясы болсо баштан эле ыплас шайлоолор куралына жана күмөндүү бизнес-клубка айланып кеткен. Чыгымдарынын баары тең баягы эле карапайым элдин, бюджеттин эсебинен. Бул Ассамблеянын Конституцияга да адашып түшүп калышы саясый эки жүздүүлүкүн чектен чыгып кеткендигинин далили.

Экинчиси, орусташып кеткен ээрчиме кыргыздардын келечекти көрө билбегендиги, учурдун өнүгүү багытын сезе билбегендиги. Кала берсе балдарына да туура багыт, тарбия бере албай алардын да келечегине балта чаап жаткандыктарын түшүнбөгөндүгү. “Орус мектептеринде окутуу сапаты жогору” деген советтик жомок-пропаганданын кучагынан чыга албай балдарын орус мектептерге берип, өз балдарынын дагы башын айландыргандыгы. Башка тилдерден айырмаланып кыргыз тилинде (жана жалпы алтай, жапон тилдеринде) өзүнө таандык сүйлөм түзүлүшү бар, демек башкача ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздардын жогору интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүнүн сыры ушул жерде катылган. Бөбөктөрдү, жеткинчектерди бул баалуу ата-мурастан ажыратуу акылсыздык. Эне тилин жакшы билген улан-кыздарыбыздын башка тилдерди да өтө тез жана тың өздөштүрүү жөндөмү күчтүү экендигин турмуш көрсөтүп келе жатат.

Үчүнчүсү, орус тилдүү кишилердин кыргыз тилине, демек кыргыз элине болгон тоотпостук, карасанатайлык мамилеси, советтик империянын үстөмдүгү кайра келет деген орундалбас үмүт менен жашап келүүсү.

Төртүнчүсү, кыргыз тилин жайылтууга каршы түздөн түз жана кыйыр түрдө ичтен уюштурулган, сырттан колдоо таап келген электрондук маалымат согушу. Кыргыз тили жоголуп бараткан тилдерге кирет деген психологиялык таасир берүүчү идеологиялык жомоктордун атайын таркатылышы, жалданма, кара-өзгөй эксперт сөрөйлөрдүн көк мээлеринен чыккан кара-максат ушактар.
Бешинчиси, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген айрым жетекчилердин, кээ бир депутаттардын сабатсыздыгынан улам келип чыккан кайдыгерлиги, суу жүрөктүгү, кыргыз тилин таза сүйлөй албагандыгы.

Мындай тоскоолдуктарды кантип аттап өтсө болот?

Жооп өтө жөнөкөй – Кыргыз Республикасынын атуулдарынын 75 % түзгөн кыргыз элинин төлөгөн салыктарынын эсебинен маяна алып жашаган мамлекеттик кызматтагылар кыргыз элине кыргыз тилинде сүйлөп кызмат өтөөгө милдеттүү!!! Мамлекеттик кызматтарга кыргыз тилин билбеген кыргыздарды жумушка алууну тык токтотуш – ачуу, аянычтуу кадам, бирок адилеттүү алгачкы шарт!!! Башка этникалык топтордун өкүлдөрү да мамлекеттик кызматтарга баргысы келсе, акырындап кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылышы керек. Кылдан кыйкым издеп, методикалык колдонмолор жок, мамлекет бизге шарт түзүп берсин деп доомат кылгандар, кыргыз тилин үйрөнгүсү келбегендер - жүрө берсин башка тилде сүйлөп – бул алардын эрки.

Кең пейил кыргыз эли алардын тилине кийлигишпейт. Алардын да биздин - өзүбүздүн тил көйгөйлөрүбүздү чечүүгө болгон ич-ара аракеттерибизге кыпчылып каршылык көрсөтүүгө, же акыл үйрөтүп агалык кылууга эч кандай укуктары жок. Кыргызча билбеген, же билип туруп, өлүмүш болуп, же бой көтөрүп ( Ак, Боз, Көк үйлөрдөгү “секретаршалардын”, болоор-болбос кызматтардагы жүгүртөк улан-кыздардын, “колхоздон” эми эле түшкөн официант кыздардын, балдары, неберелери менен орусча сүйлөшкөн “чала молдо” чал-кемпирлердин ооруусу – баарынын деңгээли бир) кыргызча сүйлөбөгөн кишилердин биздин эне тилибиз жөнүндө сөз козгоп, ички иштерибизге кийлигишүүсү – душмандыктын акылга сыйбаган жапайы түрү. Кыргыз элине карата зордук-зомбулук көрсөтүүнүн коммунно-доордон калган мындай ыкмаларын, жаңы жоруктарын биз эч качан кабыл албайбыз!!! Кызык, президент болот элем деген талпынчактардын ичинде кыргыз тилин колдоп, чечкиндүү кадамдарды жасоого дарамети, эрки жетке турган инсандар бар болду бекен???

Биз, кыргыздар, криминалдашкан “жалпы үй” эмес, баардык этнотопторду кыргыз тилинин, кең пейил кыргыз дилинин касиеттери аркылуу боорубузга тартып, Манас атабыздын жолун жолдоп, Кыргыз атуулдары аттуу бир туугандардан куралган, чыныгы интернационалдык, ынтымактуу үй-бүлөнү – жаңы, баардык атуулдарын тең, калыс тейлей билген кубаттуу Кыргыз Улусун (өлкөсүн, мамлекетин) куруу милдетин өз мойнубузга алышыбыз зарыл.

Тил билмек – ырыскы, көп тил билмек - берекелүү ырыскы. Биз, кыргыздар, англис, немис, кытай, жапон, фарс, түрк, араб, орус тилдерин эң мыкты даражада өздөштүрө берүүнү – ырыскыбызды байытууга болгон аракеттерибизди уланта беребиз. Бирок, ар бирибиз үчүн эне тилибизди бийик даражага коюп, өзгөчө терең билишибиз зарылчылыгы ыйык милдет, табигый талап – бул кыргыз элине, жалпы Кыргыз атуулдарына, Кыргыз Республикасына таза, ак дил, адал кызмат өтөөнүн биринчи шарты. Кошулгула бизге!!!
Сөз кезеги тилчилерде... Анан – экинчи икая.

Чын ыкластан Манас Саматов, техника илимдеринин кандидаты


"Азаттык": Окурманыбыздын бул жеке пикирин "Азаттыктын" пикири катары кабыл алууга болбойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG