Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26
Эсил кайран СССР. Жетимиш жылдан ашуун сүргөн доорунда анын тегерегине бириккен элдер эмнеге жетишип, эмнени жоготту?

Жамандыр, жакшыдыр ал учурда балалыгы, жаштыгы, карылыгы өткөндөр ал учур тууралуу арман аралашкан үшкүрүк менен эскеришет. Мектепте бирдей кийим кийгизип, окшош тамак жедирип, жолун камдап, кесибин тандап берип турчу да.

Алган айлыгың аз болсо да турмуш-тиричилигиңди кенен камсыз кылып, негизгиси жалпы элдин курсагы ток, үстү бүтүн эле. Анан эле кыска убакыттын ичинде ойрону чыгып, асман менен жердин ортосун аңгыраган боштук ээлеп, тынч жашап турган элдин жүүнү, өлкөнүн түркүгү бошоп, казганактаган калың элдин карааны Россиянын учу-кыйрына көз жетпеген мейкиндиктерине сиңип кете баштады.

Урунган казан-аягын, жашаган үйүн арзан-герөө баалап, шашылыш сатып алды-артына карабай жоодон качкансып кеткендери канча болду?

Завод-фабрикалар, адистештирилген мектептер, бала-бакчалары, түркүн багыттагы пайдалуу мекемелер иштей турган адистеринен, каттай турган кардарларынан, акча-каражаттын тартыштыгынан мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап, маани-маңызын алеки саатта жоготту.

Миллиондогон майда жана бодо малдар жеке колдорго таркатылып, бир кездеги күтүрөгөн чарбалардан дайын калбады. Ушинтсе туура болот деп ишеништи ошол учурдагы бийлик ээлери. Керектөөчү негизги каражатын пахта, жүн, жибек буласы түзгөн союздук маанидеги ишканалар жабдыктары темир катары сатылып, аңгырап бош калды. Миңдеген жумушчулардын армиясы керексиз адамдарга заматта айланып калышты. Ал учурда түшүнүксүз башаламандык өлкөнү каптап, ырааттуу жүргүзүлгөн саясатты таанып-билүүгө ар кимдин эле башы жете бербей турду. Короо толгон уйлар сууга сиңип кеткендей болуп таркатылып, күндүр-түндүр шарактап иштеп турган сүт комбинаттарынын эшиктери жабылып, жумушчулар соодагерлерге айланып калышты.

Байлыгы бар байбача кыйналган деле жок. Оорчулук жону жука, кара чапанчан бечарага билинди. Иштегенге иш, иштесең алаар акча жок бул катмардын тишинин кирин сордуртту. Айыл-кыштактагылар эбегейсиз чоң жайма базарды элестеткен Бишкек шаарына агылып, селдей каптады. Соодасы миң эсеге тегеренген “Супер байлар” ушул учурда түптөлдү. Ошондо да иши жүрбөгөн бей-бечара кыйынчылыкты тартты.

Ошондо тынч иштеп, күн өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берген балдар-бакчасы каражаттын тартыштыгын катуу тартып турду. Учурунда майы алынбаган нак сүткө бышырылган боткону колунун сырты менен четке жылдырып, мурдун чүйүргөн балдар эми сууга бышырылып, шекери татымдап кошулган боткону жалап-жуктап жеп, идишти жалтыратып койгонго өтүштү. Кийим илген шкафтарда тоголонуп жатчу таттуу токочтордон үмүттөрү үзүлүп, кара бөлкөнүн кесиндилерин ырахаттана жеп жатышты.

Фрунзе аты заматта Бишкек болуп өзгөргөн борбор шаарына катарлаш тизилип килейген автобустар Лейлектен, Сүлүктү шаарынан байма-бай жыкжыйма жүргүнчүлөрү менен каттап жатты. Анан да Жалал-Абат - Бишкек каттамындагы жүргүнчү ташыган поезди күн сайын каттаганга өткөн эле.

Казганактаган калың эл көбүнесе поезд менен каттаганды эп көрчү. Анткени автоунаа Ташкент шаарын аралап, айдоочулар өз мүмкүнчүлүгүнөн ашкере пайдаланып, үймө-үй кыдырып жез, алюминий чогултканга көп убакыт кетчү да унаанын ичинде бут коёрго жер жок болоор эле. Доомат арткандарга “Кааласаң ушул, каалабасаң жогол” деп оройлонуп турушчу. Ташкент шаарындагы он жети адамдын өмүрүн алган жардырууга чейин шаар ичиндеги мизилдеген тегиз жолдору ачык турчу. Жардыруудан кийин мурдагы жолдор бекип, айланма жолдор салынып, каттоочуларды итке искетип, коюн-колтугуна чейин аңтарып, компьютерден карап өткөрүп калышкан. Бечара эл койчосунан эле айдалып турушчу. Канча кишинин паспорту кордолуп, күйгүзүлдү, тытылды. Арызыңды угаар ажоң алсыз болсо абалыңа ит ыйлап кала берет экенсиң да.

1993-жылдын күз айларында элдин агымы менен мен дагы Бишкек шаарына соода жасап “байыганы” келдим. Элдин көптүгүнөн башың айланат. Батир жалдаганга күнүмдүгүнө эки сом төлөнчү. Ал учурда Зелёная көчөсүндө үйлөрдөн күнүмдүгүнө төлөп жашаса боло турган катар үйлөр бар болчу. Жашылча сатып, соода жасап жүрдүк. Кийинчерээк тамак бышырып сатканга өттүк. Базарда отурган элди бир аралап өтсөң жакшы каражат таап аласың.

Бирок айылда калган балдар жаныңда болбосо көңүл ток болбойт экен. 1994-жылдын күз айларында Бишкекке дагы келип, кудай жалгап Мария деген орус апалуу болуп калдык. Ал үйүн үч жылга батирге таштап кете турган болуп калды. Сураган акчасын колуна берип, аны кызы Ольга Чыгыш Казакстанга алып кетмей болду. Үч жумадай күттүрүп, Ольга апасын алып жөнөп кетти. Үч жылдан кийин келип үйүн сатып кайра кеткенге ниеттенген Мария апабыздын ойлогону ишке ашпады. Мен балдарды алып келип, жай турмуш баштагансыдык. Бирок жонду жукарткан жокчулук бизди катуу кыйнады. Үч айдан кийин кызынан куугун жеген Мария апабыз кайтып келип, оорукчан баласы Александр экөө да биздин колду карап калышты. Бир айласын таап, жашоону оңдош керек болчу.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары элдин басымдуу бөлүгүнүн катуулугун сынагандай жашоо болгонун азыр ойлосоң жомок сыяктуу сезилет.

Мен балдар ууру-кески, чөнтөкчү болуп кетпесин деген түпөйүл ойду эсимде сактап, алардын “Шише сатып оокат кылалы” дегенин колдоп, ошол учурда эми пайда боло баштаган желим шишелерди сатып алып, кайра сатып, жерден терип, жууп сатып үй-бүлөнүн тынч уйкусун камсыз кылып турдук.

Турмуш-шарт улам жакшыруунун үстүндө болду. Балдар бир жыл мектепке барбай калышты.

Зарыкпаган жашоого жетүү эгемендүүлүктө оңойго турган жок. Тобокел учурлар, бала-чаканын өмүрү кыл учунда турган жагдайлар көп болду. Ошонун бирөө менин эсимден такыр кетпей келатат.
“Жалал-Абат - Бишкек” поездинин Сабыр аттуу коштоочусу менен макулдашып, анын вагонуна төрт бала менен чыкмакпыз. Поезд Тажикистандын Пролетар деген бекетинде 1 минута турмак. Биз вагондун болжолдуу ордун аныктап, күтүп турдук. Эл көп. Ал учурда Тажикстандын, Өзбекстандын сан жеткис жарандары каттап турушчу. Бул жолу да элдин түрү ар түркүн.

Поезд келип токтогондо мен озунуп вагондун тамбору деген жерине чыгып, он эки жана беш жаштагы эки уулумду вагонго түшкөнгө чакырдым. Он жаштагы кызым жерде турган. Менин чыркырап жатканымды көргөн бир киши аны чыгарып койду. Тепкичтен өйдө чыгып келаткан эки уулумду бир өзбек аял башка түртүп поезддин астына кулатып жиберди. Муну көрүп калган Сабыр жинденип жиберди. Жерде турган адамдар менин балдарымды вагонго чыгарганга жардам беришип, алар калып кетпеди. Менин ошондогу абалымды сүрөттөп бергенге ылайыктуу сөз табылбаса керек. Поезд ордунан жылганда менин эки баламды башка муштап кулаткан өзбек аялды Сабыр сөгүп, урушуп, артып чыгарган пияз салынган баштыктарын эшиктин жанына ташытты. Ноо деген кийинки станцияда аны кууп чыгып, пияз салынган баштыктарын ыргытып таштады. Мен тилден калган молодой абалда элем. Балдарымды кучактаган абалда катып тура бердим.

Поезд Ташкент шаарына киргенде гана мен болгон буюмдарым, акча-каражаттарым, тамак-ашым уурдалганын байкап, балдарыма орун издеп жөнөдүм.

Эркек коштоочулар эч кимиси акча төлөбөгөн жүргүнчүлөргө орун бергиси, жардамдашкысы, каралашкысы келбеди. Алардын дээрлик баары кыргыздар болчу. Акырында бир вагонго баш баксам бир аял менен эркек отурган экен. Менин ал-ахыбалымды көргөн ал жаш келин:

- Мать, иди, веди детей. На тебе лица нет. Сама успокойся, я дам место – деди. Бул Зина деген улуту казак аял экен.

Зина мени кызматтык бөлмөсүнө киргизип, ошол жердеги болгон төшөнчү-орундарды чачып берди. Мен балдарды текчелерге жаткырып,өзүм жерге жаттым.

Поезд станцияларга токтогондо чыккан текшерүүчүлөргө менин жайымды айтып, коргоп жүрүп отурду. Бир мезгилде эшик акырын ачылып, мени карап турган адамды көрдүм. Сабыр экен. Санаасы тынбай издеп келген тура. Чындыгында мен ага таарынгыдай жагдай жок болчу. Орун жок болсо да эптеп жеткирип коёрмун деген гана, ошол каттамдагы мага ылым санаган, жардамдашкысы келген жалгыз кыргыз азаматы эле.

Мен ага ыраазычылыгымды айттым. Негедир ошондо ыйлаган эмес экенмин. Бирок ушул саптарды жазып жаткан учурумда жашым тынбай тамчылап турду.

Ошондо поездден калып кете жаздаган кызым Айжан азыр үч баланын энеси, Кубанычбек бир баланын атасы, Жоомартбек Техникалык университеттин студенти, ошондогу эчтекени аңдаганды биле элек кыз Эркайым чет өлкөгө кеткенге камынып жаткан жыйырма жаштагы кыз болду. Бул ташпиш башка түшкөндө үй-бүлөнүн улуу кызы таятасыныкында эле.

Кийин көп жолу Зинаны темир жол башкармалыгына издеп барып, таба албадым. Бул каттамдагы поезддин каттабай калганына 15 жылга жакын болуп калды. Сабыр менен Зина башка бир каттамдагы поездде иштеп жүрүшөбү деп ойлоймун.

Андан бери эсепсиз күндөр өттү, айлар жылга айланды.

2001-жылдын март айында Күн системасында болуп өткөн 9 балл өлчөмүндөгү силкинүү адамдарга арты толгус оор түйшүктөрдү алып келди. Бүтүндөй эл сиркеси суу көтөрбөй, кошунанын тоогу короосуна кирсе ээсин сабагысы, урушкусу келген түшүнүксүз абалга салды.

Ондогон кишилер көчөдө жай басып баратып эле кыйган дарактай кулап түшүп, дарыгерлер убагында ийне сайып үлгүргөндөрү бутуна туруп, айрымдары майып болуп, көпчүлүгү көз жумуп кете беришти.
Ушул жылы менин өз апам да, орус апам Мария да ушунун аркасынан кайтыш болуп кетишти. Мен оор кайгыдан көзүмдөн ажырай баштап, он жылдын ичинде көзүмдүн 99% көрүү мүмкүнчүлүгүмдөн ажырадым.

Эгемен болгон албетте жакшы. Бирок сан жеткис кыргыздар дүйнөнүн бардык жерин кезип, жыргал турмуш издеп жүргөнү, өлкө ичиндеги коррупция, кедейлик эгемендүүлүгүбүзгө кубангыдай негиз деле бербей тургандай.

Байлар чириген сайын алар менен катардагы адамдардын айырмасы асман менен жердей болуп турса ал зээнди гана кейитип, жакшылык күндөн үмүттөнбөй ишенимсиз болууга түрткү берген сыяктуу. Үй ээси канчалык чынчыл, сарамжалдуу, күйүмдүү болсо, ошончолук өсүү болгондой бийлик башына Мустафа Кемал Ата түрктүн тибиндеги жаран гана Кыргыз Республикасын саздан чыгарбаса учурдагы бийлик ээлеринен үмүт аз.

Кыргызстандыктар муктаждык, зарыгуу эмне экени тууралуу, кой үстүнө торгой жумурткалаган абат заман бирде болбосо бирде орнойт деп ишенемин.

Мен сени сүйөмүн, Кыргызстаным!


УСТАТТЫН МОНОЛОГУ

(Залкар инсан Исхак Разаковго)

Жүрөгүмдү эзип сары-санаалар,
Кыйын-кезең күндөр келди бул башка.
Муңумду угуп, ага дары таба алаар,
Муктаж болдум жакын доско, курдашка...
Досум кетти мени колдоп турбастан,
“МЕН АК БОЛСОМ,
СЕН АК БОЛСОҢ,
КООМ ДАГЫ АК БОЛОТ!”
Сага айтаарым хан журтум,
Сага айтаарым жан досум.

Кезегинде ымалама бөлөнүп,
Кыйын күндө кайрылбады досторум.
Жалгыздыкта көөдөнүнө жөлөнүп,
Башка түшкөн оор күндү тосподум...
Абалым досум үнүн кошподу.
“МЕН АК БОЛСОМ,
СЕН АК БОЛСОҢ,
КООМ ДАГЫ АК БОЛОТ!”
Сага айтаарым Хан журтум,
Сага айтаарым жан досум.

Ак болгун деп сени уруштум, тилдедим,
Аным үчүн ичиң ирип, кирдедиң.
Досуң бойдон турдум бирок жаныңда,
Ары карап жашырынып күлбөдүм...
Бирок досум сен мунумду билбедиң.
“МЕН АК БОЛСОМ,
СЕН АК БОЛСОҢ,
КООМ ДАГЫ АК БОЛОТ!”
Сага айтаарым Хан журтум,
Сага айтаарым Жан досум.

Мен күйүксөм кошо турса күйүгүп,
Мен сүйүнсөм кошо турса сүйүнүп.
Ал адамды кабыл алдым досум деп,
Салам айтып салабаттуу ийилип...
Чын достугу кыйын күндө билинип.
“МЕН АК БОЛСОМ,
СЕН АК БОЛСОң,
КООМ ДАГЫ АК БОЛОТ!”
Сага айтаарым хан досум,
Сага айтаарым Жан досум.
“МЕН АК БОЛСОМ,
СЕН АК БОЛСОҢ,
КООМ ДАГЫ АК БОЛОТ!”


ШАКИРТКЕ ТААЗИМ

(Апсамат Масалиевге)

Суулар агып өзөндөрдөн, дайрадан,
Гүлдөр өсүп көк шиберде жайнаган.
Сизди издеп, жоктоп турат дайыма,
Ушул жарык калыстыктан тайбаган.

Мезгил калчап учур менен өткөндү,
Сезим чарчап эңсегендей көктөмдү.
Айрылганда Сиздей асыл залкардан,
Ушул жарык ушунчалык бөксөрдү.

Эл-журтум деп пейил күтүп кеңири,
Албан ишти жасадыңыз эң ири.
Токтолгондо Сиздин жүрөк согуудан,
Ушул жарык ушунчалык кемиди.

Бийик өсүп турат дале дарактар,
Көчөлөрдө бир кезде Сиз бараткан.
Кемибестен бийик бойдон турса экен,
Ушул жарык Сиздейди бир жараткан.


АТА ЖУРТУМ

Ассалоому алейкум Ата Журтум,
Ата Журтум - Мекеним Кыргызстан.
Карытып канча доор, канча жылды,
Кымыздан ич, чаалыгып, чаңкадыңбы?!
Жакын келчи кысайын жүрөгүмө,
Кийгизейин бапестеп калпагыңды.

Ассалоому аалейкум Ата Журтум,
Ата Журтум - гүл Мекен Кыргызстан.
Атырылтып, алкынтып тулпарыңды,
Аралап кел жайлоо, төр, гүлзарыңды.
Серүүндөп кел кыдырып тоолоруңду,
Ийиниңе кондуруп шумкарыңды.

Ассалоому аалейкум Ата Журтум,
Ата Журтум - ыр Мекен Кыргызстан.
Терип чертип үч кылдуу комузуңду,
Созолонтуп ырдасаң добушуңду.
Дүңгүрөтүп жаңырык коштоп турсун,
Гүлгө оронгон бейиштей конушуңду.


Ассалоому аалейкум Ата Журтум,
Ата Журтум - күн Мекен Кыргызстан.
Көлүңө бар мемиреп балкып жаткан,
Жорткон желге шарпылдап чалкып жаткан.
Кырк канаттуу боз үйгө кирип эс ал,
Манасты ук Саякбай айтып жаткан.

Ассалоому аалейкум Ата Журтум,
Ата Журтум - Жети атам Кыргызстан!
Коногу бол Нарын, Талас үйүңдүн,
Койнунда жүр Сары-Өзөн кең чүйүңдүн.
Жалал-Абат, Баткенге, Ошуңа бар,
Эл-журтуңдун сыйын көрүп сүйүнгүн.

Ассалоому аалейкум Ата Журтум,
Ата Журтум - Мекеним Кыргызстан!


СҮЙГҮН

Кыргыздын кызыл желегин сүйгүн,
Ысык-Көл, Сары-Челегин сүйгүн.
Чүй, Нарын, Ошун, Жалал-Абатын,
Аздектеп сыйкор төрө элиң сүйгүн.

Баткени менен Таласын сүйгүн,
Атасы менен баласын сүйгүн.
Түркүн гүл өсүп кулпуруп турган,
Кыргыздын куттуу талаасын сүйгүн.

Кыргыздын үч кыл комузун сүйгүн,
Ырдаган мукам добушун сүйгүн.
Ардактап, сактап, атадан калган,
Боз үйүн тиккен конушун сүйгүн.

Бакайы кийген калпагын сүйгүн,
Баркталган каада-салттарын сүйгүн.
Чыңгыздан окуп дүйнө эли билген,
Бугу Эне менен Аркарын сүйгүн.

Кыргыздын жорго тулпарын сүйгүн,
Көктөгү бүркүт, шумкарын сүйгүн.
Элиңди сүйгүн, журтуңду сүйгүн,
Жакшылык иштин бүт баарын сүйгүн.

Кереге менен уугун сүйгүн,
Келини менен уулун сүйгүн.
Кылымдын кыйрын багынтып келген,
Кыргыздын кырчын муунун сүйгүн.

Кыргыздын шаар, айылын сүйгүн,
Тоодогу арча-кайыңын сүйгүн.
Уул-кыз төрөп өстүрүп берген,
Жубайы менен зайыбын сүйгүн.

Татыктуу жашоо, турмушту сүйгүн,
Көктөгү түмөн жылдызды сүйгүн.
Өлбөстүктүн үрөнүн сепкен,
Өз элиң-журтуң Кыргызды сүйгүн.

Бүбүсара Калыкова, Бишкек шаарынын тургуну

"Азаттык:"
Сынакка түшкөн материалдар автордун стилин сактоо менен өзгөртүүсүз берилет.
XS
SM
MD
LG