Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Мамам жаргонду түшүнбө-ө-өйт...


Такай кыргыз тилинде макалаларды окуп жүргөн “Азаттыктан” орусча сөздү окуп алып чочуп жүрбөңүз. Мен болгону азыркы жаш муундун оозунан түшпөгөн жаргондор менен бөлүшөйүн дедим. Өзүм жогорку окуу жайлардын биринде эл аралык журналистика бөлүмүндө 5-курста окуйм.

Азыр нукура кыргыз тилинде сүйлөй алган жаштарга курбулары суктанып деле койбойт. Кызык, такай кыргызча сүйлөсө "мырк" деп ойлошот. Бул эми баарына белгилүү көрүнүш.

Анан шаарда түрдүүчө жаргондорду колдонгондор өздөрүн айылдыктардан ошол сөздөрү менен обочолонуп тургандай сезишет. Алар ойлоп тапкан жаргондор кеңири тараса, анда дагы жаңы жаргондорду ойлоп тапкандар четтен чыгат.

- Ой, биз экөөбүз фейстен таанышканбыз!

Бул дегени интернеттеги Фейсбук сайтынан таанышканын айтып жатканы. Сыналгыны - телик деп коюшат. Компьютер - комп. Көп акчаны - капуста. Уюлдук телефонду - мобила дешет. Анан мазила деп бирөөнү жектеп коюшат. Ал дегени бирдемени айтсаң кулагына сиңбеген кеңкелес дегени.

Ботан - акылдуу, көп окуган, бир сырдуу, ар дайым бир калыпта жүргөн адам. Клево - эң мыкты, лохатрон - ишенчээк, кем акыл, бошоң, облом - алданып калып жапа чеккенде дароо айтылуучу сөз. Позитифф - эң мыкты, Пофигизм - кайдыгерлик. Ой, мага пофигг! - деген сөздү сиз деле миң ирет уксаңыз керек.

Айтайын дегеним, дал ушул жаргондор менен сүйлөшүүнү жаштар башка максатта да пайдаланат тура. Шаардык курбум менен сүйлөшүп калсам айтат: “папам менен мамамдын жанында отуруп алып, жаргондорду кошуп курбуларым менен сүйлөшкөндө алар түшүнбөй калышат”, - дейт. Что за фигня? - деген сөзгө таңгалбай деле калдык. Маршрутта телефондон сүйлөшүп бараткан жаштар деле, көчөдөгүсү деле ушинтип сүйлөшөт.

Анан айылдан жаңы келген кыргыз баласы дагы шаардык болуп көрүнгүсү келип, жаргондорду жаадыра баштайт. Кызык, тилибиз жардыбы же... Европа агымы менен алдыга кадам шилтеп жатабызбы, ким билет? Кандай болгон күндө дагы биз баарыбыз кыргызбыз, жаргондордун жакшы жактарын өзүбүзгө алып, жанагыдай жүрөктү түшүргөн сөгүштөрдү кулактын сыртынан кетирип жиберсек кантет?..


Жылдыз Жолдошбай кызы
XS
SM
MD
LG