Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Кылымдарды карыткан калкыма


(К"дан куралган кайрылуу )

Кадырлуу кыргыз калкым!

Кылым карыткан, кемибес кенчтей, көөнөргүс казынадай качанкы калкпыз. Калпакты кийип, комузун колго кармап, кымызга кызып, кишенеген күлүктү күтүп, канаттуу кыраан куштарына көктөн куушура качырып, карышкыр, кабылан, калтар карматып, кыр-кырларда конуп-көчүп, койчулары кой кайтарып, көптөгөн кесипти кастарлап келген. Кез-кез кырчын курактагылар көкбөрү, кыз куумай, көп кызыкты кыла койсо, кутман курак карыялар, кылмуруттар, көксакал кишилер көктөм келгенде кыдырата конуш күтүп, көңүлдөрүн кирдетпей кеңешип, кызык кеп куруп, кып-кызыл кеселерге кымызын куюп, кымызына кызып, комузун күүлөп, кара күүнү көркөмдөп, кооздоп, кыл кыягын кыңылдатып, кайрыктарын кулакка кубулжутуп, кышы - күзү кошо көчүп, кошо конуп келген. Кары-картаңдарга каадасын кылып, кадырланган. Кебин капка каткан. Кемпирлери кыз-кыркынга, келин-кесекке кийиз кооздоп, килем кабаттап кынаптаганды, курак курап, коломто күткөндү, казан көмөч калтарганды, казы-карта кайнатканды кызыктырып кырк көкүл кезинде кесип кылдырткан. Канчалаган күлмүңдөгөн көктөм, кубанычтуу, кызыктуу, куттуу күндөр кубалашып кетти...

Канчалаган кызыл кыргынды,кырчылдашкан казатты көрдү... Кээде кырды, кээде кырылды... Кечээ, күндүзү калкынын камын көрүп кабыландары колуна курал кармап, каккан казыктай, калкандай күзөтүп, кароолдо кезектешип келишкен.

Капилеттен каапыр калктар, калмактар, кытайлар, калың колду кыйратып, кызыл кыргын кылып киргенде, кол көтөргөндө курч кыраандарыбыз коогалаңдан коломтосун калкалады, кыз-келиндерин коргоду, кары-картаң карыя, кемпирлерин куткарды, кыргын кылгысы келгендердин күч-кайратын кайтарды. Кашык каны калганча кылычташты, карайлап калбады, качпады. Кыскасы, "катылгандын катыгын колуна карматып" келди.

Кыргызды кыргыз кылууга көптөгөн кылым кетти. Калкым көп курмандыкка кабылды. Канчалаган кабыландарыбыздын канынан курулду - Кыргызстан. Кана кадырлап күткөнүбүз? Кадырлабай, кайра күлкү кылып келебиз. Кээ бир кыргыздар "киргиздин" кейпин кийип калган. Кыргызча кеп кылсаң, көз кыйыгынан карашат. Кызарып койбойт! Кыздарыбызчы? Көпчүлүк кыздарыбыз көчөдө көрүнгөн "күркүлдү" ("крутой") колтуктап, кол кармашып кетти. Караңгы киргенде карасаң, кечки көпөлөк кыздарыбыз күркөдө кызуу, кафеде каткырып, кечки клубда кыйшаңдап, кыйкырып, квартирада кыңкыстап, коркунучтуу кеселдерди каптатты!

Келечектен көптү күттүргөн кылмурут кырчындарыбызчы? Катынынан коркот. Кыйынсынып коюшат, кыйраткансып! Кана кечээги кайратыңар? Карыларын калтырып, калааны көздөй кылыктанган катынынын колун кармап кетишти. Кыйын кезеңдерде, кайнаган кыямат кыргындарда кыргыз карысын какшатып калтырбаган!

Келин кызмат кылыш керекпи? Келсе келсин караганга, кызмат кылганга кандашы калдыбы кыштакта? Курсагы, кийим-кечеси кандай? Кокус карыя кемпир кайтып кетсе ким көмөт? Көрүн ким казат? Кабырына ким койот? Кудайдан корк!

Кичинеңден кас-кастап кадамдатып, канаттууга кактырбай, кастарлап, көзөмөлдөп, кайгырсаң кайгырып, кубансаң кубанып, күйүнсөң кошо күйүп, күлсөң кошо күлүп, калкалап келбедиби? Киши катарына кошуп койгон ким? Калппы?

Карыларды капа кылба, көңүлүн кара, кызматын кыл, кейитпе, көөнүн кирдетпе. Калаадан кыштагыңа кайтканча, Кудай көрсөткөн калыпта, кызмат кылып, капчыкты кампайтсаң, кекселерди курсант кыласың, кандашым. Кокус калаада калгың келсе караштырып, кеңешип көрөөрсүң. Кескиликти кесип кылып, кишилерди кокуйлатып, кылмыш кылсаң - камакка кесилесиң. Кечирбейт, кечирим кылбайт казылар, кылдан кыйкым карап, курутат кызылдар. Кесилбесең кепке каласың, кордук көрөсүң, кадырың кетет!

Кудайды карабаган "кандар" келди, көпкөн "көпөстөр" келди, кыйтыр "каапырлар" келди. Калыстыгы кеткен "казылар" келди, калпты карандай койгулаган "калпычы" келди, караңгыда кыйналбай, күндүзү капчыгыңды каккан "каракчылар" келди. Көз көрүнөө кылыктанган кыздарды күүдүккө кетирген "кыйындар" келди. Кордогонду кесип кылган "кылмышкелер" келди, кыйналган калкка кайрымсыз кайран "карышкырлар" келди. Кыбырап күн көргөндү камчылаган "куйтулар" келди, кошоматты куп кылган "кошоматчылар" келди, кызарганды көтөрө качкан "кайырчылар" келди. Калкын коргобогон "кызылдар"келди, кыргызга күйбөгөн "коррупционерлер" келди.

Койчу, кайсынысын кеп кылайын... Кыжылдаган Кытайга кени көп Кыркабызды коркконубуздан карматтык. Кошуна казакка көлдүн каймагы көп көрүндүбү, Кудайым кут кылган Каркыраны кошо кудаладык. Картадан карасаң кыйла кирип кетишиптир. Кудай колдосо кыркылган, кесилген, кен кыркаларыбыз, кайтып калаар.... Кел-кели, келме кезеги келээр...

Качан калыстык келет? "Кремлди" кудайындай көрүшөт. Кыргызстан "Кремлге" колониябы? Көз карандыбы? "Кремль" кээде кеңдик кылат, кээде колбаласындай көрөт. Кээде кичинекей көйгөйгө киришип кетет. Кааласа коркутат, кааласа кастарлайт, кааласа кадырлайт. Кебине кээде кылгандары коошпой кетет. Кыргыздын "карт карышкырлары" коркконунанбы, кадырлаганынанбы кызуу катташып келет. Кызыгы кылган кызматы кайтабы, кайтпайбы кыпындай кызыгып койбойт. Көздөрү кызарып, кыялданганы, көңүлүн кытыгылаганы - каражат! Катташса катташсын, касташпасын. Калктын калың катмары "Кремль" каганатында күн көрүп келет. Казанын кырып, карын күрөп, курулушун куруп, көчөсүн кыдырып, кызматын кылып, кыйналып кысталып. Квартирасында кырктан кыналып, кезектешип киринип, каалгадан кооптонуп карап, "кызылдар" көрүнбөсө көчөдөн карап, кызматын кылганы кетишет. Кечинде келишет. Карайлап "кызылдарга" кармалып калсаң, каражаттан колдоруна кичинеден карматасың. Карматпасаң камап койот. Камалсаң көргүлүктү көрсөтөт. Капчыгыңды кагат.

Канчанчы кылымда күн көрүп келүүдөбүз? Компьютердин кылымы каалганы каккылап келгени качан? Кыргызстанды көтөрүүгө кара күч кетпейт. Күчтүү каалоо, калыс кан керек! Кирешебизди карактаган кемпайларга кайыш камчы керек! Калктын койну кенч - караштырып көрбөйлүбү? Күчтүү каганаттардан карыз күткөнчө (карызды кайтарыш керек) калкты кызмат менен камсыз кылбайлыбы? Кендерибизди короткончо кийинкилерге калтыралы. Кийин келгендер кантип күн көрөт? Киреше келтирүүчү кампа-кырмандарды, күркөлөрдү, калдайган курулуштарды, келиштире калааларды куралы. Кыргызстанда кооз көлдөр, кыш- күзү, көктөмдө кары кетпеген кыркалар көп. Кыябын келтирип кызыктырып, каражатын каржылагысы келген кезермандарды Кыргызстанга келтирсек кантет? Көңүлүн карап коноктоп койсок келеркиде көп кезермандарды кошоктоп келишет. Калкыбызга көп кырлуу кызмат көрсөтсөк кылмыш кылуу кыялына кирбей калат! «Кызылдар» какшап келген кылмыштуулук кыскарат.

Компьютердин кылымында кыргызымдын космостун кыйырында кеп кылып, көчмөн кылымында калып калганын кайда катабыз? Көз карандылыктын кесепети! Кыргызым кеңешип, калыстыкка келбесек, кыргызга кастык кылганга кызыкдар күчтөр көп! Кыргызга кыргыз күйөт! Кыргызстанды көздүн карегиндей карайлы курбулар, курдаштар!

Катуу кетсем, кечиргиле. Кабыргама кеңеш кылдым. Көкүрөктө, көөдөндө кыйнаган, кеп кылууга көйгөй көп. Кантейин кыжаалат кылат, көкүрөктү кейитет.

Колдон келишинче "К"ларды кынаптап көйгөйлөрдү кеп кылдым. Кемчилик кетирсем кечирип койгула, кыргыз калкым!

Кара-Кулжанын кулуну Жылдызбек Азимбаев
XS
SM
MD
LG