Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Музыкалык чыгарманы кардар ылгашы кажет


Жакында Коомдук телеканалдан «Түнгө карай» деген берүүнү көрүп калдым. Анда ар кыл чыгармачыл инсандар Маданият министрлигинин алдында түзүлгөн көркөм-эксперттик кеңештин иш аракеттерин талкууга алышты. Бири «ушундай кеңеш болгону туура, бүгүн ырчылар чаржайыт болуп кетти, аларды иретке салуу зарыл» десе, экинчилери «жо-ок, мындай чектөө жакшы эмес, анткени баягы коррупцияга жол ачып, чыгармачыл эркиндикке доо кетирет» деп каршы чыгып жатышты.

Ошондон кийин мен дагы өз оюмду ортого салууну чечтим. Биз бүгүн базар экономикасында жашап жатканыбызды эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Эгерде биз артка сереп салып, чыгармачыл инсандарыбыздын эскерүүлөрүнө көңүл баксак, тоталитардык режимдеги цензура кантип эркин ойго бөгөт койгонун, далай таланттар идеологиялык тыюулардын аркасынан ачылбай кеткенин билебиз. Дагы бир топ маданий ишмерлер эркине каршы, же өз эрки менен коммунисттик бийликтин идеологиялык куралы болуп келгенин да жадыбыздан чыгарбайлы.

Менимче, жаңыдан түзүлүп жаткан көркөм кеңеш кандай болуп калаар экен деп суроо салууга акыбыз бар. Мен кеңештин курамына кирген инсандарга доомат арткым келбейт, абройлуу чыгармачыл адамдар жүрөт. Тек гана азыркы базар экономикасынын шартында маданий чыгарма да товарга айланып калганына моюн сунууга туура келет.

Товарды кардар дейбизби, аларман дейбизби, ошолор аныкташы керек. Начар, сапатсыз товарбы, ал өтпөйт. Эгерде бир инсан чаканы кашык менен тарсылдатып ойногонду жактырып акча төлөп жатса, экинчи бирөө неге ага чек коюшу керек? Анын сыңарындай, маселен, бирөөгө кызыл түс, дагы бирине жашыл түс жагат, сен эмнеге жашылды (кызылды, караны ж.б.у.с.) жакшы көрөсүң деп доомат арта албайбыз да, туурабы?

Мына, жакында өткөн «Евразия жылдызы» деген долбоорго баарыбыз күбө болбодукпу. Анын жеңүүчүсүн музыка ышкыбоздору СМС аркылуу добуш берүү менен өздөрү аныктады. Кудайга шүгүр, тилине, жерине карабастан, кыргызстандык Гүлжигитти көпчүлүк тандады. Бул да болсо биздеги буга чейинки чыгармачылык эркиндиктин үзүрү болду деп ойлойм.

Иши кылса ырдын, музыканын жана аткаруучунун жакшы-жаманын, кыйын-чабалын кардар гана аныкташы кажет. Азыкпы, кийимби, музыкалык чыгармабы, спорттук мелдешпи - товарды тандаганды менин өз эркиме койгула демекмин.

Мамашарип ЧОТОНОВ, Экономика илимдеринин кандидаты
XS
SM
MD
LG