Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37
Мага Кыргызстанда көпкө чейин болбогон адамдардын пикирлерли, байкоолору жана көргөн-билгендери ар дайым кызыктуу. Баарынан кызыгы - адамдар көп учурда Кыргызстанда ресторандар, кафелер, түнкү клубдар, сауналар жана башка оюн-зоок мекемелери көп болуп калганын айтышат. Ошол эле учурда ушул кезге чейин эч ким мектептер, ооруканалар, китептер же музейлер көбөйдү деп айткан жок. Бардыгы жакырлар менен кайырчылар көп экенин белгилешет.

Кыргызстанда 12 жыл ичинде эки (!) революция болуп өттү, төрт (!) президент алмашты. Ар бир жолу бийлик алмашканда элде жаңы үмүт пайда болот…

...Мен Акаевдин тушунда эле: «Жаштар – биздин келечегибиз, жаштарды жылдыруу керек!» – деген ураанды дайыма укчумун. Бирок натыйжа дайыма – нөл. Бакиевдин бийликке келиши менен деле абалдын өзгөргөнүн көргөн жокпуз – бардыгы мурункудай бойдон эле калды.

Азыркы Президент Атамбаев шайлоо алдындагы программасында президент болсо милдеттеринин бири - өлкөнү башкаруу жана өнүгүү процессине мүмкүн болушунча квалификациялуу жаштарды көбүрөөк тартуу болот деп айткан. Кыязы, Атамбаев айткан убадасын унутуп койгон сыяктуу: дайындоолор жөнүндөгү чечимдерде берилгендиги, партияга таандыктыгы жана президенттикке талапкер болуудан баш тарткандыгы үчүн сый көрсөтүү милдети басымдуу болгондой көрүндү.

Эмгек сиңирген алгачкылар

Бирок ташыркаган «эски гвардиянын» арасында жаңы муундун өкүлдөрүнүн да бар экендиги кубанткан. Чыгашалуу ишкананы кыска мезгил ичинде жогорку кирешелүү компанияга айландырган Аман Тентиев өлкө үчүн 2,6 миллиард сом иштеп тапты. Ийгиликтин формуласы жөнөкөй эле болчу – болгону «боз» схемалар эле жок кылынган. Кыязы, ал мурун деле ушундай эле жогорку кирешелүү болгон, болгону киреше мамлекетти кыйгап, ар кайсы чөнтөктөр кетип жаткан.

Бул чөнтөктөр ал кирешелерди мурдагыдай эле кайра кайрып алгылары келери жана квалификациялуу жаш башкаруучу Аман Тентиевди иштен кетирүү үчүн шылтоо жана себеп издешери айдан ачык эмеспи.

Чет өлкөлөрдө биздин билимдүү жана тажрыйбалуу жаштарыбыз арбын, көпчүлүгү ири компанияларда жогорку айлык акы төлөнүүчү иштерде иштешет. Алар менен баарлашып калган учурларда париоттук духту дайым сезип турасың, чынында да ушундай. Алардын дээрлик баары Ата Мекенине кайтып келүүнү жана өз билими менен өлкөсүнө жардам берүүнү ойлонушат, бирок келген күндө алар бул жерде керек экендиктерине ишенишпейт, ишке орношкон күндө да азыркы система аларга иштөөгө жол бербей турганын түшүнүшөт, бул иш жакшы жагына айланган учурда болот. Иш жаман жагына айланса – ийгиликтүү иши үчүн эптеген айлык төлөйт, да ойдон чыгарылган себептер боюнча кылмыш ишин козгошот.

Чет өлкөлүк абройлуу университеттердин бүтүрүүчүлөрү туулган өлкөсүндө кереги тиер иш таба албай, кайра чет элге кетүүгө аргасыз болгон мисалдар көп. Бирок баарын таштап коюп кайрылып келген жана өздөрү ушул жерден өлкөмө жардам бере алам деген өңүттү ээлей алгандар да бар. Алардын бири – Чыңгыз Шамшиев. Аны себебин түшүндүрбөй туруп эле кызматынан бошотуп коюшту. Себеби болсо мындай – милдети узак мөөнөттүү фундаменталдуу долбоорлорду иштеп чыгуу болгон, бирок андан азыр эле натыйжа берүүчү долбоорлорду талап кылышкан, болгону ушул.

Ушул эки учурду байкап көргөндөн соң, кайтып келсемби деген кандай гана каалооң болсо да айныйсың. Жалгыз жоокер майдан талаасында эмне кыла алат? Азыркы жетекчилик прогрессивдүү жаңы башкаруучулар менен толук алмашмайынча, келгенден пайда жок экенин түшүнүп турабыз.

Кыргызстанда жашап жаткан жаштардын көпчүлүгү мына ушуларды көрүп туруп, өздөрүнүн келечегин көрө алышпайт: чын-чынына келгенде бардыгы чет өлкөгө кетүүнү эңсешет.

Чыга турган жол бар!

Кыргызстанды ойлосоң, жан дүйнөң сыздайт: «Кантип эле чыга турган жол жок болсун?» Чыга турган жол бар!

Жаштарды ишке тартуу үчүн күтүүнүн, мамлекеттик башкарууну реформалоону сурануунун жана талап кылуунун кереги жок. Андан эч майнап чык-пайт! «Эски гвардия» өз өңүтүн бере койбойт, алар ушундай жашоого көнгөн, башка жолду билишпейт, алар бийлик менен гана акча тапканды билишет, бийлик үчүн алар баарына – элди митингге, жүрүшкө ж. б. иштерге тартканга да даяр. Тилекке каршы, мындай иш бүт өлкөнү эмнеге алып келерин ойлоп да коюшпайт, аларга баары бир. Алар парламентте партиялык системаны ойлоп табышты, аны өздөрүнө ыңгайлаштырып, бийликке жетүүнүн жеңил жолун пландаштырышты, негизинен бул аларга иштеп берди. Бирок бул партиялык система жаштарга да өлкөнүн келечегин өз колдоруна алууга жардам берет.

Эми көйгөйдү чечүүгө кайрылалы – келечекке умтулган жаштарга биригүү жана өзүнүн бирдиктүү партиясын түзүү эң зарыл. Эмки шайлоого бирдиктүү фронт менен баруу керек. Мындай партия иш жүзүндө жеңишке жетет десе болот. Адамдар «эски гвардиядан» тажап бүтүштү, ондогон жылдардан бери көз алдыларынан кетпеген, өлкөнү жакырчылыкка тартып бараткан тааныш өңдөрдү көргүлөрү да келбей калды. Эл жаңы күчтөрдү ээрчийт.

Кыязы, азыркы парламенттеги партиялардын көбүнүн кайра шайланууга мүмкүндүгү болбойт, себеби алардын баары терс аракеттери жана папке бөлүштүрүү менен гана эсте калышты.

Ошондой эле, парламентке өтпөй калган партиялардын да мүмкүнчүлүктөрү болбойт, анткени алардын көпчүлүгү жеңилгенден кийин же жок болуп кетишти, же «чээнге киришти», эми алардын активдүүлүгү шайлоодо эле көрүнөт. Алардын максаттары түшүнүктүү, бийлик үчүн гана күрөш. Эгер аларды патриотизм сүрөп турган болсо, анда элдин жыргалчылыгы үчүн ишмердиктерин уланта беришмек. Өлкөгө мындай партиялардын кереги жок.

Жаштардын прогрессивдүү демократиялык партиясы жеңишке ишенимдүү ээ болот. Анын жигердүү курамына чет өлкөдө билим алган жана тажрыйбага ээ болгон алдыңкы көз караштагы жаштар мүмкүн болушунча көп кириши зарыл, тизмедеги депутаттыкка талапкерлердин жарымы жумушсуз (!) болгон акыркы парламенттик шайлоодогудай болбой.

«Эски гвардия» көпкө чыдабайт, эми азыркы бийлик акырындап чирий турсун, батыраак кыйрайт. Өзгөрүүлөрдүн зарыл экенине аларды ишендирүү үчүн убакытты жана куч-кубатты коротуунун кереги жок. Аны менен күрөшүүнүн жана сындоонун да кереги жок, жөн гана биригүүнүн үстүндө иштеген оң.
.
Бир команда катары иштөө керек

Жаштарга биригүү жана эки багытка бөлүнүү зарыл. Бир команда Кыргызстанды өнүктүрөт, экинчиси чет элде болуп, өзүлөрү жашаган өлкөлөрүндө саясий жана финансылык бийиктиктерге умтулуп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн колдонууга мүмкүн болгон жаңы билимдерге, идеяларга ээ болушат жана байланыштарды өркүндөтүшөт.

Эки багыт бири-бири менен байланышта болот жана тажрыйба алмашуу үчүн ар жылы конференцияларды өткөрүп туруу менен бир команда катары иштейт.

Чет өлкөдө жүргөн кыргыз жаштары эми эмне болот деп шылкыйып отуруп калбай, өздөрүнүн Ата Мекенине жана Кыргызстандын элине керек экендиктерин унутпоого тийиш, ал эми азыркы бийлик болсо жаштардан коркот, ошондуктан аларды башкаруу чөйрөсүнөн көргүсү келбейт жана аларды ар кандай жолдор менен сүрүп чыгарып жатат.

Ал эми жаштарга карата Аман Тентиев жана Чыңгыз Шамшиев менен болгон жагдайдагыдай жөнү жок асылуулар жаштарды бириктирүүгө жана күчөтүүгө шыкак берүүчү болот.

Айбек ХАКИМОВ, кыргызстандыктардын эл аралык Kyrgyz Club бирикмесинин президенти. Нью-Йорк, АКШ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG