Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12
Азыр биздин коомдо партиялардын дарегине ачуу сын-пикирлер көп айтылууда. Алардын көбү партиялык коррупцияга жана шайлоочулардын көпчүлүгүнүн партиялык системага көңүлү тойбогонуна байланыштуу. Мындай кризистик кырдаал партияларды жаны деңгээлге көтөрүп, демократиялаштырып, улуттук партиялардын жаралышына түрткү болушу мүмкүн.

Менин көз карашымча, улуттук партиянын эки маанилүү элементи бар. Биринчиси, жеткиликтүү деңгээлдеги электоралдык колдоо жана алардын ишеничи. Экинчиси, маанилүү улуттук маселелерди (эффективдүү өкмөт түзүү, мамлекетти модернизациялоо, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо, жумушчу орундарды жаратуу, коррупция менен системалуу күрөш, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана демократиянын өнүгүшүн кепилдөө) чечүүгө жеткиликтүү интеллектуалдык жана кадрдык потенциалы.

Бул эки элементти жаратуу үчүн кайсы гана - кечээги, бүгүнкү жана келечектеги түзүлчү партиялар болбосун, сөзсүз түрдө партиялык демократиялык процедураларды кабыл алууга туура келет. Алар - партиянын ичиндеги атаандаштык, партиянын, өзгөчө кадр жана финансы маселесиндеги транспаренттүүлүк жана бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу. Малайзиянын мурдагы премьер-министри, дүйнөдөгү белгилүү саясий ишмер Мохамад Махатхир айткандай: «Авторитардык партиялар эч убакта демократиялык мамлекет кура албайт». Бул чындык!

Кыргызстанда акыркы 20 жыл аралыгында партиялардын ролу анча маанилүү болгон жок. Анткени мурдагы күчтүү президенттик бийлик саясатчыларды коркутуп, түрмөгө камап, көпчүлүгүн сатып алып, партияларга күчтүү инсандардын келишине, интеллектуалдык жана кадрдык ресурс чогултуусуна жана күчтүү структураларды түзүүсүнө жол берген эмес. Белгилүү оппозиционерлер Өмүрбек Абдрахмановду үй-бүлөсү менен 2007-жылы, Аликбек Жекшенкуловду 2009-жылы, негизинен "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жакын мамиледе болгондуктары үчүн бакиевдик режим УКМК түрмөсүнө камаганы белгилүү. Келечектүү жана потенциалдуу "Менин өлкөм" партиясын ошол эле режим сатып алып, түп тамырынан бери жок кылганына 4-5 жылдын гана жүзү болду.

Бул себептерден улам азыркы партиялар мезгил талабына жооп бере албайт. Андыктан партиялар кандай жолду басып өтпөсүн, учурда коом жана эскперттер тарабынан коюлуп аткан талаптар, менимче, актуалдуу. Себеби бүгүн дүйнөлүк саясатта, аны менен бирге биздин дагы мамлекетте партиялардын ролу аябагандай маанилүү.
Азыр биздин коомдо партиялардын дарегине ачуу сын-пикирлер көп айтылууда. Алардын көбү партиялык коррупцияга жана шайлоочулардын көпчүлүгүнүн партиялык системага көңүлдөрүнүн тойбогондугуна байланыштуу болууда. Мурда жогорку мамлекеттик кызматка баруу үчүн параны президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө берсе, эми партиянын кассасына, же шайлоосуна бере баштады. Жалпысынан экөө тең эле коррупция.

Ошондуктан режим алмашып, парламенттик демократияга өткөнүбүз менен Кыргызстан 2011-жылкы Transparency International уюмунун дүйнөлүк коррупциянын деңгээлин изилдөөсү боюнча 178 мамлекеттин ичинен 166-орунда, ал эми 2012-жылдын февралында Gallup уюму жасаган изилдөө боюнча Кыргызстанда көптөгөн мамлекеттик институттарда коррупция тетирисинче өсүп кеткен.
Жогорку Кенешке келген беш партия биригип бардык шайлоочулардын 35 пайызынын гана добушун алды.

Алардын дээрлик баары ийгиликти, кадр жана финансы ресурстарын бөлүү ишинде демократиялык процедураларынын жоктугунан ичинен ыдырап кризиске такалышты. Партиялар мамлекеттин, коомдун жана мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын коргогон уюм эмей эле, лидердин же саясий топтордун гана колундагы инструментке айланды.

Кризис бирөөлөрдү кыйынчылыка дуушар кылса, айрымдарды жаны деңгээлге көтөрөт. Партиялык системанын атасы деп айтылып жүргөн Англияда да ХVII кылымда партиялар аябагандай коррупциялашып, негизинен лидерлерине гана кызмат кылган. Жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарга кадрларды жылдырууда партия ичинде кадимкидей эле «смотрящийлер» болгон. Алар мамлекеттик кызматтардын бааларын аныктап, акча чогултуп, кадрларды жылдырууда чечүүчү ролду ойношкон.

1900-жылдардын башында да АКШда ушундай эле кыйынчылыктар болгон. Аларда да президенттик, губернаторлук шайлоолорго ким барат деген маселеде лидер өзүнүн жакындары менен гана чечим кабыл алган. Партиянын катардагы мүчөлөрү маанилүү иштерден четтетилип калган. Мындан улам 1903-жылы лидерлер менен катардагы мүчөлөрдүн ортосунда чоң конфликт чыгып, партиялык кризис пайда болгон.

Алар комиссия түзүп, маселени иликтеп чыгып «партия ичинде да демократиялык принциптер болушу керек» деген жыйынтыкка келишкен. Мындан улам АКШнын Демократиялык жана Республикалык партиялары өздөрү реформаларга барып, партия ичиндеги демократиялык процедураларды мыйзам түрүндө бекитишип, бүгүн дүйнүгө белгилүү "праймериз", "алдын ала шайлоо" деген саясий түшүнүктү ойлоп табышкан. Азыр бардык демократиялуу мамлекеттердин партиялары шайлоолордо сөзсүз түрдө "праймеризди" пайдаланышат.

Жапондор болсо партиялык курулушту башкалардан үйрөнүп, чет элдик тажрыйбаны туура колдоно билгени менен айырмаланат. Алардын саясий тарыхын карай турган болсок, 60 жылдан бери бийликте келе жаткан Либерал-демократиялык партиясы так демократиялык процедураларга жана принциптерге таянуу менен иш алып барат. Партия ичиндеги ар кандай агымдар (фракциялар), ички оппозиция, көз караштардын ар түрдүүлүгү жана транспаренттүүлүк өңдүү демокартиялык механизмдер жапондордун партияларын жана партия мүчөлөрүн күчтүү кылып келет.

Менин көз карашымда, бүгүнкү Кыргызстанда да партияларга чыныгы демократиялык процедураларга өтүү мезгили келди. Алар партиянын ичиндеги чыныгы атаандаштык, күчтүү ички оппозиция, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу жана партиянын бардык маселелер (өзгүчү финансы жана кадр) боюнча ачык-айкындуулугу. Партияларды мамлекеттик каржылоого да мезгил келди. Шайлоодо алган добуштарына жараша мамлекеттин эсебинен каржылоо партиялык системанын бекемделишине, демек демократиянын чыңдалышына өбөлгө түзөт.

Көптөгөн өнүккөн мамлекеттер өзүнүн же өзгөлөрдүн кетирген каталарынан жыйынтык чыгарып, партиялык курулушту жаңы денгээлге көтөрүштү. Башкалардын тажрыйбасы жана биздин мамлекеттеги партиялык кризис, бизди дагы жаны деңгээлге көтөрүп, партияларды демократиялаштырып, улуттук партиялардын жаралышына түрткү болот.

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG