Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42
Кызга кыйынсынган патриоттук эмес

Үч күн мурдагы күтүлбөгөн суук кабарга азырга чейин ишене албай турам. Мектепти бүтөр-бүткүчө класста эң жакшы окуган, активист болуп жүргөн классташым, досум Москвада каза болуптур. Мага жеткен маалыматтар боюнча, ага москвалык дарыгерлер “өпкөсү кагынып өтүшүп кеткен (пневмония), боору катып калган (цирроз печень)” деген диагноздорду коюшкан. Демек, жалгыз баласына атасыз жетим – арсыз жетим экенин билдирбей, эч нерседен өксүтпөй чоңойтом деген аракет менен байкуш келин өз кара жанын карч уруп, күнү-түнү каржалып иштеген.

Айткандай, мектепте эң алдыңкылардан болуп, ар дайым ачык-айрым жүргөн классташыбызды студент кезинде ала качып кетишти. Бардык кыргыз кыздардай эле тагдырына макул болуп, алып барышкан жеринде отуруп калган классташым турмушка чыкканы таптакыр өзгөрдү. Мурунку ачык-айрым, жайдары жүргөн жан жок, түнт тартып, чүнчүп кетти.

Аны ошол убакта көрүп жүргөндөрдүн айтуусунда, бети-башы дайыма муштумдун уусунан көгөрүп жүрчү. Кызыл муштум күйөөсүнүн тепкисинен курсагындагы беш айлык баласынан айрылып, андан кийин төрөбөй калган. Ошондо врачтар денесинен чолоо калбай көгала болгон классташ кызымдан “муну кайсы зөөкүр кылды, айткын?” деп талап кылса да, “өзүм эле шатыдан кулап кеттим” деп жаап-жашырганын көпчүлүк жердештерим, өзүбүздүн эле классташтар айтып калышчу.

Иши кылса, досум акыры ажырашып тынды, бир баласын жетелеп агасынын үйүнө келди, ал эми күйөөсү көп өтпөй эле үйлөнүп алган дешет. Бир-эки жыл баласынан алыстабай, айылда иштөө аракети оңунан чыкпаган соң, досум да башка мигранттар сыяктуу эле Москвага аттанат. Ал жактагы мигранттардын оор турмушу бечара келинди ого бетер чүнчүтүп, “аябай жүдөп калыптыр” деген сөздөр угула баштаган. Акыры келип, минтип өмүрүнүн күлгүн кезинде жарыкчылык менен кош айтышып отурбайбы...

Эгер ошол курбубуз ыймандуу эркекке туш болгондо ага жакшы жар, балдарына мээримдүү эне боло алмак! Баса белгилейм, боло алмак! Бирок аны ала качып алган зөөкүр күйөөсү түбүнө жетти. Күн алыс токмоктоп жүрүп, курсагындагы баласы түшүп калгыча кан кустуруп сындырды.

Кыргызда “барган жери жарашса, кара кызың ак болот” деген сөз тегин жерден айтылбаса керек, кыргыз кыздарынын, энелеринин өмүрү, ден соолугу, баскан-турганы - баары, баары биздин эркектерге, жигиттерге байланыштуу. Алардын жүрүм-турумунан тартып, өз үйүндөгү энесине, эжесине, карындашына, аялына, кызына жасаган мамилесине байланыштуу. Мына учу-кыйырсыз Орусияда, Казакстанда, Түркияда жана башка жактарда күнүмдүк турмуш үчүн, Кыргызстанда калган уул-кызын, ата-энесин, аялы салган акчаны аракка салып, кара күчүн балдары менен аялынан чыгарчу күйөөсүн багуу үчүн он миңдеген кыз-келиндер кара жанын карч уруп жүрүшөт.

Алар деле куттуу үйдө, коломтонун алдында, балдарынын маңдайында, ата-энесинин кашында болгулары келет. Алар эми сыртка да эркектердин кордугун көрөлү деп кетишпесе керек! Кыргыздын эркектери мынча “кыйын” чыгып, кара күчүн кыздарды жылаңачтап алып, видеого тартып таратпай, жакшы иштеп, жакшы акча тапканда, жарма патриот, куру намысчыл эмес, чыныгы намыскөй азамат болгондо кыз-келиндер жылуу үйдө отурмак.

Эсимде, союз чачыраган алгачкы жылдары эркектердин көбү эсине келе албай жатканда дал ошол кыз-келиндер Кытайдын чаар баштыктарына товар жүктөп алып, ата-жотосу көрбөгөн жактарга аттанган. Ошондо биздин суу жүрөк эркектана үйүндө тоогунун жумурткасын аңдып, жаңы туулган жумуртканы көкдүкөнгө өткөзүп, бир пачке “Полетко” алмаштырып, же жүз граммдан сеп эттирип жүрбөдү беле?

Азыркы “патриот” сөрөйлөр анда чыт курсак эле да, Орусияда, Бишкекте, Казакстанда жана башка жактарда оор жүк ташып жүргөн энелери жиберген акчага тоюнуп жүрүшкөн. Муну алар унутуп калдыбы? Жанагы арга жоктон орус жеринде күн көрүп жүргөн шордуу кыздарды кордогону энелерин, эжелерин, карындаштарын кордоо экенин билип коюшса болот эле. “Кайсыл элден көрсөң жүдөө зайыпты, ошол элдин эркегине кой айыпты” деген накыл сөздү эстей жүргүлө, "патриот" эркектер!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG