Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:34
Бүгүн эл энелер күнүн белгилеп жатат. Мен болсо таң атпай өзүмдүн энемди эстеп, сагынып отурам.

Иштен чарчаганымды дайыма үйгө жакын калганда сезем. Эптеп үйгө жетсем адеми кийимимди сыйрып ыргытып, керебетке кулагым келет. Киргенде эле мени күтүп бир кылым зарыккандай эшикке карегин кадап отурган энемди көрөм. Жүрөгүм эзилип, жанына жетип барып бетинен өбөм, менден озунуп мойнумдан жыттагылайт.


Энемдин көңүлүн алам да, өз бөлмөмө кирип кетем, кийимимди алмаштырам, ваннага кирип-чыгам, үй-тиричиликке, бала-чакага көз салам, кызымдын ашканадагы “кызматын” “текшерем”... Энем көлөкөдөй ээрчип алат. “Ой, мама, (чоң эне-чоң атама, кийинчерээк атамдын эжесине энчиленип өскөн үчүн ушинтип чакырчумун) отуруп телевизор көрүп турчу эми залда, эмне эле артымда жүрөсүң” дейм сиркем суу көтөрбөй. “Изиңдин алдына кетейин, ээрчигим келип атпайбы” дейт баладай күлмүңдөп...

Энеме деген чүйгүн тамакты ортого коюп, күндөлүк тиричиликти кеп кылып, кобурашкыча жат-жат маал келет. Таң ата бүлүк түшүп, энемден башкабыз туш-тушка тарап кетебиз. Күндө ушундай.

Он-он беш күнгө жетпей үйүнө кеткиси келе баштайт. “Кой, кетейин, атаңар кантти, мал-жан каралбай калды го, тиги баламды, бу неберемди сагындым...” деген өңдүү шылтоолор күчөйт. Барса-барсын эми, дагы келээр деп, аттап-тондоп узатып ийем. Энемдин жонуна кымкап жапканыма, чөнтөгүнө тыйын салганыма, уул-келин, неберелерине базарлык даярдап бергениме корстон болом да, тыйын чычкандай тызылдаган өзүмдүн тиричилигиме сүңгүп кетем...

Айылга каттаганда деле ошол. Атам-энем деп бармай да, көңүлүн алган болуп, кайра шашмай. Эзелкиден кеп куруп, эзилишүү – текке коротулган убакыттай сезилет. Биз кеткиче байкуш энем – көпөлөк. “Эже-жезделериң келишиптир, уят балам, бирдеме (козу-корпо дегени) соё кал, кол жууп кетишсин” деп иниме безилдейт. Кой-ай деп калакайлап калсак “мен тирүү кезде макул деп турсаңар ботом” деген сөзү даяр.

Ошентип жүрүп бир күнү калакайлаган энеден ажырадым. Акыркы сөзүн укпай калдым, жетпей калдым. “Мен энеден жалгыз болуп калдым. Бирок силердей сырдаштарым турганда жалгызмын десем кудай кечирбейт” дечү эле. Бар бактысын бизге байлаган энемдин баркын өлгөндөн кийин билип, өксүп, бөксөрүп, сөгүлүп кетем...

Энем өлгөнүнө быйыл үч жыл болду. Атам андан бир жыл мурда кеткен. Жакында өлгөнгө көз көрсөтөлү деп айылга барсак тирүү эстеликтей болуп төрдө энемдин бирин-экин теңтуштары отурушат. Мени көрүп энемди тамшанып эстешти, мен дагы эстедим. Тойдо шыңгыраган үнүн созуп, өлгөндө түрлөнтүп кошок кошуп, энем айылдын көркү эле.

Бүгүн эл энелер күнүн белгилеп жатат. Мен болсо таң атпай өзүмдүн энемди сагынып, дасторконун эстеп отурам. Тирүү болгондо ал бүгүн 75ке чыкмак. Тирүү болгондо бул күнү дасторконун жайдырып, чүйгүн тамагын даярдатып коюп, алыс-жакындан бизди күтүп турмак...

Энемди 20-майда жыл сайын эң биринчи окуучулары куттуктаар эле. Таң атпай үйгө гүл, белек-бечкек келип калчу. Андайда “Энеңердин баркын көрдүңөрбү?” деп күлмүңдөп, окуучулары менен ээрчишип мектебине жөнөп кетчү.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG