Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Айылыма жан кирди


Бийик жерде турам, ылдыйда айылдын баары көрүнөт. Жапжашыл, узун теректерден айрым үйлөрдүн гана чатыры чыгып турат. “Бул жерде жашагандар кандай гана бактылуу адамдар! Алар бактылуу, анткени, эркин. А мен башка нерсени каалап турсам да, башка жашоо менен жашайм. Турмуштун, мезгилдин буйругун аткаруу үчүн жашайм”. Бир нече күн мурун мен ушундай сөздөрдү сүйлөнүп, чала-була көзүм сууланып ойгондум. Айылым биринчи жолу түшүмө кирип жаткан жок. Бирок өңүмдө ойлобогон философиялык сөздөрдү түшүмдө биринчи жолу айтып жатам. Балким мен каалаганым үчүн эмес, башкалардан артта калбаш үчүн, башкалардын жана өзүмдүн алдымда өзүмү далилдеш үчүн минтип жакшы көргөн жеримен алыста жүргөнүмү мойнума алгым келбегендиктендир.

Эмнегедир такай айылда жашагандарга суктанам. Каникулда группалаштарым жумуш издеп калса, мен өскөн жерим дегенде эки көзүм төрт болуп, дароо кетем. Мурункуларды эстеп, элестетип барган менен бир жолкусунда мени башкача айыл тосуп алды. Кирип баратканда жол жээгинде тизилген жашыл тыттар азайыптыр. Анын артындагы талаада жайнаган кызыл-тазыл кийимчен дыйкандар жок. Үйлөр башталган жерден тарта көбүнүн короосун көрө алган жокмун. Бийик-бийик таштан, кыштан, темирден дубалдар. “Меники сеникинен кымбат” дегенсип бирөөсү кийинкисине окшошпогон дарбазалар.

Көчөлөр мурдагыдай жаштарга толбойт. “Эмне эркелейсиң, күйөөгө кетсең да карыган апаңы ала кетесиңби?”- деген каптал тарабыбызда турчу Анарбү эже, “Кош кирпигими тердиргени келдим сага, көзүм кыйнап атат”, - деп каймагын көтөрүп келчү маңдайыбызда жашаган чоң апам , андан башка деле апамын эрмектешчү эч кими калбаптыр.

Жумуштардын баарын бүтүрүп, казанга тамакты асып коюп кечке жуук бакан, челек көтөрүп сайга сууга түшчүбүз. Ар бир эки-үч үйдүн ортосунда суу чыгып калыптыр. Мурункудай чачтарыбызды тарап, бир сыйра өңүбүздү карап алып чер жазышканы шылтоо менен дарыяга да баралбай калыппыз.

Үйгө баш баксам, кире бериште 12 жаштагы үкөм жатып алып компьютерди шыкылдатып жатат. Сол бөлмөгө кайрылсам, 8 жашар кенжеси “сони” ойноп атат. Оңдогу бөлмөдө экөөнө тең жетпей калган кыздар компьютерге кезек күткөнчө жанына тоодой дисктерди тизип алып, мультфильм көрүп атышат. Андагы каармандар - жапон көздүү кыздар менен балдар, беш мүнөт тиктеп түшүнгөн жокмун. Башка күнү акемин улуу баласы маңдайыбызда жашаган бала менен “агентте” сүйлөшүп атканын көрүп элүүлөп калган эжем аң-таң калды. Мурда уйкусунан оңой менен ойгонбогон үкөмү азыр ойготсоң биринчи телефонун жанынан издеп, кармап анан ойгонот экен.

Америкалык философ, социолог Нейл Постман изилдөө жасаган. Анын жыйынтыгына ылайык, баланын мээсинин 80 пайызы төрт жашка чейин калыптанат экен. 5-6 жашка чейин телевизор, видео эмне экенин билбеш керек. Он жашка чейин бир жумада эң көп 1 саат, 18 жашка чейин 3 саат көрсө болот. Андан кийин такыр тоскоолдук кылбасаң да өзүнүн оюна жараша тандап алат дейт. Изилдөө жыйынтыгына караганда, өтө жакшы ойлонгон балдар телевизору жок үйдө чоңоюшкан. “Төрт жаштагы бала күнүнө 3 саат телевизор көрсө, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жоготту деп билиңиз”, - деп жазат. Анткени, алар телевизорду пассивдүү тарап катары кабыл алууда.

Бул го өнүгүүнүн артынан келип жатат. Ушул кыштагыны айтып берейин. Кыштактын эли тамшанып, “окорочка”, мындайча айтканда, америкалык тооктордун буттарын жеп калыптыр. Конокту ошо менен тосушат экен. Эмнеге билбейм, айыл жеринде тоок багыш кыйынбы? Же ага кол бошобой, аймактарыбызда иш орундары түзүлүп, баары өкмөттүн ишинде иштеп калыштыбы? Бир жумуртканын баасы 10 сом экен. Ал да дүкөнчөдө табылса табылат, болбосо жок. Биз го илгертен бери эле жыргатып мал кармачу эмеспиз. Коңшубуз күндө эртең менен жарым чака сүт алып келчү. Азыр айыл боюнча бир чыны да жок. Райондун борборуна барып литрин алтымыш сомдон сатып алат экенсиң. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балким, бул деле өнүгүүнүн жыйынтыгыдыр. Райондун борборуна жалаң такси менен барып келишет экен. Эртең менен саат ондо, анан үчтө деген автобус азыр жүрбөйт. Ар бир үйдөн жок дегенде эки адам шаардан, чет өлкөдөн акча салып жатса ушул да.

Мектепте окуп жүргөнүмдө чөптүн бир сотыхын 6 сомдон чаптырыптыр дегенди укчумун. Кийин барсам, “40 сомдон жогору берет элем, эч ким жок болуп жатат” деген кемпирдин кеби. Айылда эмне бир да жаш калбадыбы? Күчкө толгон уландар, жигиттер кимге эмгек кылып жүрүшөт? Ошондо парадокс дегенге ушул мисал боло алса керек деп ойлогомун. Айылда иштегенге күч жок, шаарда адам батпайт, бирок иш жок. Бишкектин өзүндө эле Толстой көчөсү менен баратып жүздөгөн ишсиз адамдарды көрөм. Алар да мыкты жашоо курабыз деп айылдан келгендер. Орусия, Казакстанда жүргөндөр көп табат деп билебиз. Тааныштарыман сурасам кара жумушта биздин сомго 20 миң алгандар, андан аз алгандар да бар.

Айылда мал багып, үлүш жериңди ээнесиретип камыш бастырбай иштетсең, айына 20 миң тапса болбойбу? Иштеткенде деле бир жылда бир барып үрөн сээп, бир жолу чаап, анан жыйнап алчубуз. А эгер шаарда жумушка келип бирөөнүн ишин таң аткандан кеч киргенге чейин, жыл бою кылып жаткандай айылда иштесекчи? Байыбай коюуга болобу?

Бирок акыркы жолу барганымда жок дегенде ондой жаңы келинди көрдүм. Мен тааныбаган жаш балдар көбөйүптүр. Кыштак бир аз жандана түшкөндөй. Баары бир мен алардын турмушуна суктанам....

Азиза Култаева, журналист.
XS
SM
MD
LG