Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04
Кыргызстанда жакынкы келечекте дефолтко кабылуу коркунучу пайда болду.

Энергетикадагы кыйын абал, узакка созулган кыш менен келген жут, али күнгө чейин дарысы табылбаган мал ооруулары жана күзгү эгин жыйынынын күмөндүгү өкмөттүн өзгөчө кырдаалдарга жана аба ырайынын каарына даяр эместигин көргөздү. Буга кошумча реформалар дагы жылбай, коррупция менен күрөш ишке ашпады.

Азия өнүктүрүү банкынын билдирүүсү боюнча, 2012-жылы Кыргызстандын экономикасы 5 пайызга төмөндөөсү күтүлүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2012-жылдын башына карата өткөн жылга салыштырмалуу биздин экспорт 36,7 пайызга төмөндөп, импорт 1,5 эсе көбөйгөн. Ички дүң өнүмдүн көлөмү 7% төмөндөгөн. Айыл чарбасы 2012-жылы 1% өстү. Тышкы карызыбыз 3 млрд. АКШ долларына жакындады.

Абалдын кыйын экендигин бийлик өкүлдөрү да моюнга алышууда, Маселен, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов салык чогултуу пландарынын аткарылбай атканын айтып, тоо кен, мобилдик байланыш жана туризм тармактарында салыктарды көтөрөөрүн жарыя кылууда. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Европа, АКШ өлкөлөрүнө жана Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта кору өңдүү финансылык уюмдарга барып келип «Батыш Кыргызстанга көңүл бурбай жатат» деп прессадан жарыя кылды.

Ал эми финансы министри Акылбек Жапаров быйылкы жылы бюджеттин киреше бөлүгүнө 5 млрд. сом, Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардык бюджетке 1,25 млрд. сом түшпөй калуу коркунучтары бар экенин тастыкташса, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байгазаков дагы жыл аягында салыктардын чогулбай калуу коркунучу бар экенин «Азаттыкка» берген интервьюсунда айтты. Бул жерде республикалык бюджеттин официалдуу тартыштыгы 17 млрд. ал эми Бишкек шаарынын бюджетинин муктаждыгы 9 млрд. сомдун тегерегинде экендигин, бирок бюджет 6 млрд. 283 млн. сом менен гана түзүлгөндүгүн да эске алып коюшубуз керек.

Өкмөт өткөн жылдагы шайлоолордун алдында 21% менен коммерциялык банктардан 8 млрд. сом кредит алып, бюджеттин камсыздоо булагынын жоктугуна карабай, пенсияларды жана айлыктарды жогорулаткан. Мамлекеттик аппаратты кармоого чыгымдарды 30-40% көбөйтүп, экономикалык өнүгүүгө пайдасы жок болсо да миллиарддаган акчаларды мамлекеттин эсебинен 7% менен кредит берүүдө. Ошол эле убакта өкмөттүн өзүнүн жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эффективдүүлүгүн көтөрүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган жок.

Жогорудагы көйгөйлөрдүн келип чыгышына өкмөт башындагы адамдардын мамлекетти башкаруудагы дилетанттыгы жана эл аралык донорлорду ынандырып, кызматташа албагандыгы себеп болду.

Өкмөттөгү экономикалык блокту тейлеген төрт адамдын үчөөсү мамлекеттин макро жана микроэкономикалык ишине министр жана вице-премьер катарында гана келип аралаша баштагандыктары дагы өз таасирин берип атат окшойт. Экономикалык блокто адис катары иштеп, жогорку деңгээлге жеткен мамлекеттик жетекчи менен бизнестен келип министр, вице-премьер же премьер болгон жетекчинин айырмасы билген адамга асман менен жердей.
Тилекке каршы, премьер-министр Өмүрбек Бабанов мамлекеттин алдындагы кыйын тапшырмаларды чечүүгө жарактуу, бир максатка умтулган, бирдей баалуулуктарды жана принциптерди карманган, пикирлеш, адис, прогрессивдүү лидерлердин командасын түзө албады. Реформаны колдогон парламенттин сыртындагы саясатчылар эмес, парламенттеги депутаттардын башын бириктирип, өз тарабына тарта албады.

Адатта демократиялык агым аркылуу келген бийлик жок дегенде Европа мамлекеттеринин жана Американын символикалуу болсо дагы колдоосуна ээ болот. Бирок бийликтин ички жана тышкы саясатындагы туруксуздугу ишеним арттырып колдоого ээ болгон жок.

Өкмөт сөз жүзүндө тышкы саясатта бир векторго басым жасап, кайра-кайра Орусияга жүгүнгөнү менен иш жүзүндө көп векторлуу саясатка өттү. Мурда Кыргызстан көп деле көңүл бурбаган Катар, Түштүк Корея, Кувейт жана Азербайжанга окшогон жаңы өнөктөр пайда болду. Бирок бул байланыштар өкмөт тарабынан "тарыхтагы биринчи ийгиликтер" катары бааланганы менен азырынча колго илинээр жемиш берген жок. Казакстан, Катар инвестициялык фонддору, Азербайжан нефть заводу азырынча кагаз жүзүндө гана калууда.

Европа Биримдиги, АКШ, Кытай, Жапония өңдүү донорлорубуздун бири да бүгүнкү күндө бюджетке жардам берген жок. Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы өңдүү эл аралык финансылык уюмдар да буга чейин берип келген колдоолорун кескин азайтты.
Коррупция менен күрөшүү башталбай жатып токтоду. Реформа жасоого өкмөттүн алы да, акчасы да жок. Элдин өкмөткө ишеничи жазгы тумандай тарай баштады.

Бизге эми «Экономиканы көтөрүүнүн 100 күндүк планы» эмес, «Дефолтко чейинки 100 күн» программасы зарыл болуп калды.

Менимче ал, төмөнкү багыттарды камтышы керек.
Биринчиден, дебюрократизацияга баруу. Мамлекеттин элге жана ишкерлерге көргөзгөн кызматынын санын кескин кыскартуу жана калганынын санын кескин жакшыртуу. Бул кадам коррупция денгээлин азайтып, элдин өкмөткө болгон ишеничин арттырат. Кийинки реформаларга шарт түзөт.

Экинчиден, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн кыйынчылыкка, каршылыктарга карабастан баланска алып келүү. Тапкан кирешебизге жараша оокат кылуу. Бул кайсы гана өкмөттү болбосун элге жек көргөзөт, бирок бул күндүн талабы.

Үчүнчүдөн, чыныгы, системалык реформаларга баруу. Биринчи кезекте сот, укук коргоо органдары, билим, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо тармактарын өзгөртүү. Бул реформалар аябай кыйын жана көп ресурстарды талап кылат. Бирок муну жасабасак үчүнчү революцияга негиз түзөбүз.

Төртүнчүдөн, бюджетти колдоого жана реформаларды жылдырууга жок дегенде, жылына 500 млн. доллар жардам тартуу. Реформаларды адатта эки гана булак каржылайт, Европа жана АКШ. Бул мамлекеттер менен болгон мамилелерибизди кайра карап чыгуу.

Бешинчиден, административдик жана финансылык децентралдаштырууга баруу. Тактап айтканда баардык бийликти борборго топтобостон, жергиликтүү бийлик өз алдынча чечим кабыл алып иштөөсүнө, акча табуусуна жана тапкан акчасын өз алдынча пайдаланышына мүмкүнчүлүк берүү. Жергиликтүү бийлик менен борбордук бийликтин укуктарын жана милдеттерин мыйзам менен так аныктоо.

Алтынчыдан, коррупция менен системалык негизде күрөшүү. Коррупцияга шарт түзүп жаткан схема-механизмдерди сындыруу жана коррупциялашкан кызматкерлерди адилеттүү жазалоо. Партиялык коррупцияга күрөш ачуу. Коррупция менен күрөштө өкмөт жарандык коомду, массалык маалымат каражаттарын жардамга чакыруу.

Мына ушул 6 багытта иш алып баруунун негизинде дефолтко каршы 100 күндүк программа түзсө болот. Элдин азыркы өкмөткө болгон ишеними жокко эсе болгондуктан аталган программаны иш жүзүнө ашыруу кыйын. Андыктан менимче, жакынкы келечекте мамлекеттин алдындагы мурдагы жана кийинки кыйынчылыктардан куралган жаңы тапшырмаларды чече ала турган, эл ишеничин жаратууга жөндөмдүү, чыныгы реформаларга даяр, жаңы командадан турган өкмөттүн келиши зарыл.

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты

P.S. Макалада айтылгандар "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG