Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41
Тагдырдын тайгүлүк ташына дабаа жок экен. Кайда тоголонуп, кайда жумаланаарыңды билбейсиң, бирок жашооңдо бир жерге тоголонуп барып, «топ» этип түшүп калгандан кийин эсиңе келе баштайт тура, өткөн-кеткениңдин баары көз алдыңда тасмадай чууруп...

Анда Совет доору күжүлдөп турган учур. 70-жылдардын ортосунда мектепте Коом таанууну жана Тарых сабагын окуткан Туратбек деген агайыбыз бар эле. Ички үй тапшырмадан тышкары дүйнөлүк жаңылыктардан дагы окуп келүүбүздү талап кылып, ар кимибизге чет өлкөдөн, борбор шаарларынан бирден моюнубузга «илип» койчу. «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш» деген гезиттерди тынымсыз «уйпалап», узун-туурасынан кыркып, жаңылык топтоп эле жатып калмай адатка айланган. Аны көпчүлүгү гезиттен кесе коюп, дептерге чаптап туруп окуп берип коюшат.

Мен болсо эринбей көчүрүп жазып алып, анан окуп берем. Ошон үчүн мени Туратбек агайым мактап-жактап башыман сылап коёт, ага менин мурдумду «балта кеспей» дердейип калам. Гезиттерди ача калып эле издегеним Финляндия менен Хельсинки. Мага туш келгени ушул өлкө менен анын борбору болчу. Гезиттердин четиндеги «колонкаларда» жалаң чет элдик, дүйнөлүк кыскача кабарлар тизилип турчу. Ушул эки атты көргөндө кудум энем эркек төрөгөндөй кубанып кетет элем, эмне дегенде кээде чыкпай, таппай калганда Туратбек агайдын тиштенип, ызырынганы көзгө элестей түшчү. Кыялы чатак эле да.

Андан тышкары эки классташ кошуна кызды да «шефке» алам, бирине Токиону, бирине Ослону таап колдоруна карматам. Ал кылган «жакшылыгымды» классташтарым Салкын менен Алымбүбү эстеринен эмдигиче чыгарышпаса керек. Ошол, ошону менен онду бүттүк. Ал тапшырмалар, «Финляндия», «Хельсинки» дегендер таптакыр эстен чыгып мекткепте эле калган. Унутулган.

Мынакей кызык, туптуура 33 жылдан кийин, 2009-жылдын күзүндө Алматы шаарындагы БУУнун (ООН) эл аралык бозгундар бөлүмүнөн «сизди Финляндия өлкөсү өздөрүнө кабыл алууга макулдук беришти, даярдана бериңиз» деген кабары ойдо жок жерден Финляндияны экинчи ирет эске салды. Бир күндөн кийин мектептеги баягы тапшырма менен Туратбек агайым эсиме түшүп, катуу таңгалган жайым бар. «Келсинкиге» кетчү жолдомону Туратбек агайым тээ 1976-жылы мектептен эле колума карматып койгон турбайбы дегем.

ТУЗ НАСИП

Финляндия дегенде биринчи эле билгенибиз ошол кездеги айылдардагы жыгач үйлөр, ачыктап айтканда «финский домдор» эске түшөт. Андай үйлөр көп боло турган эле, колхоздун ар бир кашарында бирден «финский дом» турчу. Союз тараары менен аларды да тыптыйпыл талкалап жок кылышты. Жыгач-таш тартыш болуп, көздөн учуп турганда ал үйлөрдүн кимге кереги бар? Экинчиси «финский сауна». Аны кийин шаарга келгенде уктум, анда-санда барып буусуна тердеп, чумкуп да койчумун.

Тагдырдын тамашасын карагыла, мына бүгүн, азыр мен ошол финдердин өлкөсүндө «финский домунун» орточо типте салынган үйүндө жашайм. Муну мен туз насип, буйрук деп түшүнөм. Эмесе «ушул өлкөгө келип жашап калам» деген ой түшүмө да кирген эмес, «топ» этип түшүп калсаң айла жок экен. 33 жыл мурун гезиттен эмнелерди окуп, айтып-дегеним эсимде жок албетте, бирок азыр, бүгүн Финляндия жөнүндө айта турган сөзүм оголе көп. Себеби бул өлкө өнүккөн, өскөн, жетишкен, байманасы ашып-ташыган, Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн эң алдыңкы сабында турган бирден-бир эркин жана бай мамлекет.

Үйрөнүп, үлгү ала турган жактары четтен табылат, ченемсиз, көп. Биздикиндей, өнүгө албай, өнтөлөп, кыйналып жаткан өлкөгө баары керектей, баарын туурап жасасак, уялбай эле ушуларды ээрчисек болчудай. Анткени, аракет кылып, умтулуп, жанталашып иштеп, мыйзамды мыктылап жазып, жазылганын иштетип, сыйлап, темирдей тартип орносо эле байлыгы деле, айлыгы деле, өнүгүүсү деле өзү эле жүзүн бурчудай, чуркап келчүдөй экен. Улуп-жулбай эле, элдин эсебинен ичип-жебей эле жетиштүү жашашат экен.

Чоролору деле, орто-майдалары деле. Баардыгы тегиз, теңчилик. Басып баратып эле байкайсың, бай жашагандарды. Бирок алардын бай экенин өзүнөн башка эч ким деле билбейт, билгиси да келбейт, кызыкпайт. Бакырып-өкүрүп атпаса, аким, депутат, президент болом деп атпаса, тоого бир, ойго бир «хансарай» салып, жалаң «жолтандабас» минип, жоруктары жолдо калып атпаса, кимдин иши, чатагы бар бири-бири менен. Муну мен жетишкен коомдогу жөпжөнөкөй, менменсинип-теңсинбеген, чычайып, тыңсынбаган, өпкө кагып, өйдөсүнбөгөн, кадимкидей эле кайнаган карапайым жай турмуштары жөнүндө айттым.

Акыл үйрөткөндөн алысмын, андай оюм деле жок, бирок «көрүп- билип жатканымдан бөлүшөйүн, аздыр-көптүр айтып берейин, бири болбосо биринин пайдасы тийип, керекке жарап калабы» деген максат, үмүтүм күч. Булар деле кадимкидей бизге, кыргыздарга окшогон эле эл экен, эки кол, эки буттуу, баштары деле биздикиндей тоголок. «Келгиндердикиндей» болсо бир жөн эле баштары, ошон үчүн «иштерин ийгилик даарып, иттери чөп жеп жатат» дегидей.

Кээде айтып калышканын угуп жүрөм, «финдер менен кыргыздардын түп-тамыры биригип кетет, тууган» экен дешкенин. Эч кандай финдер менен кыргыздарын жакындыгы, тамыры, туугандыгы жок. Эми бир аз окшошуп кеткен мындай жагдайы бар экен: элинин саны 5,401 миллион, жеринин аймагы 338,424 миң кв метр. Кыргызстандыкы: элинин саны 5,543 миллион, аймагы 199,9 миң кв метр. Уйкаш эки сөзү «Менин» дегенди «Минун», «Сенин» дегенди «Синун» дешет. Анан буларда да биздикиндей «ө», «ң», «ү» тамгалары бар. Болду.

Финдерди сыйкырчыбы дейин десем сыйкырчы деле эмес экен. Бирок жомоктогудай, сыйкырдуу дүйнөдө жашашат. Телегейи тегиз, бизде айтышат го, ар бир кыргыз кыялданып, «кой үстүндө торгой жумурткалаган заман» дешип, сөз жүзүндө гана тамшанып, а булардыкы баардыгы тең иш жүзүндө. Биринчиси, жакшы жашаш үчүн жакшы ойлонуп, аң сезимди оңдоп, ар бир адам өз милдетин так аткара билип, аруулук, тазалык, жоопкерчилик болушу кажет экен. Булар ушул сапатка ээ болуп алышкан.

Элдин жашоосу эмнеге начарлай баштайт. Иштебесе, үйүндө жарыгы, көмүрү, газы, жадагалса ичкенге суусу жок болсо, эртеңки, дегеле жакынкы келечегине көзү жетпесе, үмүтсүз кандай жашоо болот. Адам дегениң мындай учурда ууруга барат, же бирөөнү карактайт, тонойт. Жашоо жанына батып турган немеге баары бир, карактай турган адамы каршылык көргөзсө изин жашыруу максатында же жарадар кылат же өлтүрөт. Жыргабайт, ошол замат таза коомдон бөлүнүп түрмөгө жөнөйт. Өнүгүп-өсалбай, өпкөсү кагынып турган өлкөлөрдүн өнөкөт оорусу, табалбай, андан арылалбай жаткан «диагнозунун» бирден-бир себеби ушул деп койсок болот.

ТЕЗЕК ТЕРБЕЙ ЭЛЕ ТЕЛЕГЕЙ ТЕГИЗ

«Финский дом» демекчи, эң ыңгайлуу, жыпжылуу, 90 пайыз жыгачтан салынган үйлөр. Биздеги үйлөргө кеткен чыгымдарга салыштырмалуу дээрлик арзан. Дубалы деле анча калың эмес, бирок жылуулугу мыкты.

А биздечи, дубалдарынын калыңдыгы жарым метрге жакын, кирпичтен салынган үйлөрдү жылыталбай эле жатышат го? Кайсыл мезгил болбосун, күндүзү да, түнү да жылуулук менен жарык өчөт деген түшүнүк жок. Болгондо да бүтүндөй тирилик, кыймыл аракет, күнү-түнү дебей жалаң электр энергиясынын күчү менен жүргүзүлөт. Жылуулук берген батареялар атайын автоматтатшырылган, сууктун болушуна жараша иштейт. Дал ушундай үйлөрдү биздин жерге, элибизге куруп беришсе гана деп коём ичимден тамшанып. Абдан ыңгайлуу, арзан дагы болмок.

Электр энергияны чектеш Орусиядан алышат. Негизинен коңшулаш Ленинграддагы АЭС камсыздайт экен. Түнкүсүн жарык күйбөгөн аймак жок. Токой ичиндеги жолдордон бери жапжарык. Жайкысын «ак түндө» деле жаркырап күйүп турат, анткени түнкү убакыт деп эсептелинет. Көмүр казышпайт, газдары деле, ГЭС тери деле жок. Көзгө басаар жаратылыш байлыгы токой, болгону ушул. Башканын баарын бөлөк өлкөлөрдөн кызылдай эле акчага сатып алышат.

Nokia компаниясынын баш кеңсеси

Nokia компаниясынын баш кеңсеси

Финдердин жыгач материалдарды кайра иштетүүчү UPM-KYMMENE и STORA ENSO компаниясы дүйнөгө атагы чыккан эң ири ишканалардын бири. Бүгүнкү күндө күпүлдөп иштеп жаткан таанымал ишканалардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүндөгү эле байлыгы болуп эсептелген жыгачтарды кайра иштетүү менен алектенип жүрүшүп буттарына туруп алышкан. Ал эми «Фин экономикасынын сыймыгы» аталган NOKIA компаниясы 1865-жылы целлюлозду иштетүүчү чакан завод менен ишмердүүлүгүн баштаган. Азыркы учурда компания чыгарган продукция дүйнө жүзүндөгү 160 мамлекетке кетет. Бүгүн бул ири ишкана 123 миңден ашык адамды иш менен камсыз кылып жатат.

Ар жыл сайын Орусиядан алынган мунайзаттарынын бир жылдык көлөмү, жалпы баасы 900 миллион евронун тегерегин чапчыйт. Орусиядан бөлөк мунайзат азыктарын бул өлкөгө Норвегия 30 пайыз, Великобритания 15 пайызга жакынын камсыз кылып турушат. Жаратылыш газы деле дал ушундай жол менен келет. Ортодогу аласа-бересени көпчүлүк учурда бартердик негизде жүргүзүшөт.

Жумушсуздук буларда да бар, бирок аз. Аларды мамлекет «эмне болсоң ошо бол» деп талаага таштап салбайт. Ай бою жашоосуна жеткидей каражатты берет. Ал ошону айдын аягына чейин «кемирет», кайда барат эле, курсагы ток, ичип жеп жатса. Уурулук кылбайт, карактап-тоноп жиберейин дегенди билбейт. Акчасы түгөнүп, эки жакты элеңдей баштаганда эле эсебине кайра акча түшүп калат. Бутуна туруп, баарын ирээтке келтирип алган өлкө мындан жарды болуп деле кетпейт. Тескерисинче пайдалуу жактары көбүрөөк болот экен. Кылмыштуулук, ууру-кескилердин саны кабаттап өсүп турса, түрмөгө адам батпай турса, ошол жумушсуздарга берилген каражаттан канча көп эсе көп каражат сарпталат.

Коомдогу терс көрүнүштөрдүн деңгээли асмандап, саны ай чапчып турса кайдагы өсүш, кайдагы жылыш. Ичкендери деле бар, (бул нерсе бүт дүйнлүк «эпидемия» экени талашсыз эмеспи) ичишет, бирок үйлөрүнөн чыкпайт. Көчөлөрдө, коомдук жайларда мас болуп, тамтаңдагандар жокко эсе. Кафе, ресторандарда ашыкча ичип алып «тентек» кылгандарды дароо каттоого алып коюшат жана экинчи ал чөлкөмгө келүүсүнө тыюу салышат. Эгер ага баш ийбей кайра келсе катуу жаза алып калышы мүмкүн.

ЭМНЕСИ ТАТААЛ?..

Кай жерде болбосун таштанды маселеси өтө көйгөйлүү жумуш. Чоң шаарларда көйгөй андан да чоң. Бирок аны деле мелтиретип, иритип-чиритпей, ирээтке сопсонун келтирип койсо болот экен. Үйүлүп-жыйылып, чачылып жаткан учурлар дегеле болбойт. Чакан шаарлар менен айылдарда таштанды үчүн атайын «домиктер» турат. Ага ар бир адам таштандысын ирээттеп, сорттоп салат. Кагазын кагаз салчуга, тамагыныкы өзүнчө, темир-тезек, жыгач-таш өзүнчө, бөлөк. Туш келди, кааласа сыртына ыргытып жиберишпейт.


Шаарлардагы «контейнерлерин» жерге үч метр тереңдикке казып орнотуп, ичине атайын мешокторду кийгизип коюшкан. Атайын кызмат аны ар үч күндөн калтырбай келип зымылдатып тазалап кетет. Чачылган таштанды эмес, тиш чукугучтун бир талын көрбөйсүң.

Жүргүнчүлөрдү ташый турган унаа каттамдары кайсы гана жерде болбосун, шаар ичиндегилер, шаар аралык, автобус, трамвай, электричкалар ж. б. бүтүндөй техника кадимки сааттай, минут, секундуна чейин тактык менен иштейт. Ортосундагы аралык 10-12 мүнөт болгону. Баардык каттамдар бир дагы адам түшпөсө деле кадимкидей каттап, иштейт, жүрө берет.

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү ушундай жолго коюлган, эгер сатыла турган унааңдын бир эле тетигинде болоор-болбос мандеми болсо ал кароодон эч качан, эч жерден өтпөйт. Демек унааңды сата албайсың, аны эч ким албайт. Ошол кемчилигин ордуна койсоң дароо мөөр басылат. Кароодон өтүп жатканда дөңгөлөктүн желиминдеги быдырына чейин текшерет. Баланча стандартка жооп бербесе да болбойт, алмаштыруу керек.

Бул өлкөдө эскиби, жаңыбы бир дагы автоунаа калдырап-шалдырап, же бузулуп жолдо калат деген кооптонуу дээрлик жокко эсе. Жыл сайын болгон унаа аттуунун баары кадимкидей техникалык кароодон өтөт. Бардык жерде анүчүн төлөнгөн каражат бир гана мамлекеттин чөнтөгүнө түшөт. Дөңгөлөктөрдү ооштуруу 1-октябрдан баштап кышкысы салынат. Ооштурбасаң бул дагы өтө чоң тартип бузганга жатат. Курду автоунаага отурган ар бир жүргүнчү милдеттүү түрдө тагынышы керек. Ал эми бири-бирине унааларды берүүдө эч кандай ишеним кат (доверенность) деген болбойт, берилбейт. Ал бир барак кагаздан адамгерчилик, абийир жана жөн гана ишеним алда канча жогору турат...

ЖАРАТЫЛЫШ, ЖАНЫБАР, КООЗДУК

Жолдоруна сөз жок, керемет, мелтирейт жөн эле. Алыс жолго чыгып калсаң көшүлүп уйкуң гана келет, түздүгүнөн. Бир дагы жеринде жолдор бири-бири менен эч качан кесилишпейт. Айлампа (кольцо) жана жалаң асма көпүрөлөр. Темир жолдору андан бетер. Бүт өлкөдөгү түрдүү каттамдар биринен сала бири шака-шак, шака-шак. Айыл чарба унаалары үчүн жолду жээктетип өзүнчө салып коюшкан.


Финляндияны дээрлик бүт токой каптап тургандыктан жол тилкелери жалаң токойдун ортосунда. Бүтүндөй токойлордун чети тор сеткалар менен түптүз болуп тосулган. Бул табиятка, жаратылышка жана жапайы жаныбарларга болгон камкордук.

Көпчүлүк жерде атайын багыштын сүрөтү тартылган жол белгилери турат. Ылдамдыгы жогору жолдогу эң коркунучтуу жаныбар ушул багыштар. Токойдон атып чыгып, жолду кесе чуркаган багыштар жол кырсыка чоң себепкер болуучулардын бири. Жапайы канаттуулар кыргоол, өрдөк каздар, коёндор үйлөрдү аралап, кадимкидей эле жүрө беришет. Ага көңүл буруп, артынан аңдып, кубалап, аткылап ийген адамды көрүш кыйын. Эпадам кимдир бирөө ушундай кадамдарга барууну көздөп, аларга кол салса аны көзү чалган эле фин ошол замат полициялык бөлүмгө билдирип коёт. Ан үчүн тиешелүү айып төлөп, «экинчи ирет кайталанбайт» деген тил кат жазып берип кутулат.

Мергенчиликти, аңчылыкты мөөнөтүнө жараша чектелген аймактарда гана жүргүзүүгө болот, расмий уруксат аркылуу гана. Балык уулоо үчүн уруксат кагазды (лицензия) бир сезондукун каалаган күркөдөн 15-20 еврого сатып алууга болот. Токой-чердин жыштыгына эле шерденип, ыраазы болуп отурушпайт, уруксатсыз бир дагы бутакты сындырышпайт. Тескерисинче, качан болсо да көчөт отургузуу финдер үчүн өнөкөткө айланган. Ачык жер калтырбаганга аракети зор. Бош, пайдасыз жаткан жерлерди табуу кыйын. Токойлордун арасындагы ачык тилкелер дээрлик бүт бойдон айдалып-себилет.

Алардын баары ушунчалык ирээттүү, тыкан иштетилгендиктен айыл чарбасына тиешелүү эмес эле атайын жасалгаланган футболдун таалааларына окшошуп кетет. Мындан тышкары Финляндия өлкөсүндө 188 миңден ашык майда жана чоң көлдөр бар. Арасында көптөгөн жасалма көлдөрдү да көрүүгө болот. Бул көлдөр жалпы аймагынын дээрлик он пайызын түзөт.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

Бул өлкөнү жер шарынын түндүгүндөгү бирден бир өнүккөн агрардык өлкө деп койсок болот. Айыл чарба жумуштары жалпы аймагынын сегиз пайыздан ашыгыраагын түзөт. Айдоочу жерлери 2,4 млн. гектарды ээлейт. Мал чарбасы менен жерлерди иштетүү акыркы үлгүдөгү техникалар менен эң жогорку деңгээлде механизациалаштырылган. Сүт өндүрүүчү фермаларындагы абал: мисалы, 250 саан уй кармалган фермада болгону эки адам алмашып иштейт. 70-80 пайыз жумуш автоматташтырылган.

Жылына айыл чарба жумуштарында иштегени 15 миңден ашуун чет элдиктер келип кетишет. Негизинен алар кулпунай, кожогат, козу карын жана башка мөмө-жемиштерин жыйноого салымдарын кошушат экен. Кой этин өндүрүү акыркы эки жылда 20 пайызга өскөнүн айтышты. Былтыр бир миллион тонна кой эти төгүлгөн. Бирок ушу кой этинин жакшыраагын табуу кыйыныраак. Эт комбинатынан дүкөндөргө түшкөн эттери аман эле болсун. Уйдукун да, койдукун да майын шыпырып алып чылгый кара кесегин үйүп коюшат. Же даамы болсочу. Халестерини көп, семирип кетишет имиш.

Бирок көпчүлүгү семиздер, алар кайдан, эмнеге экенин биле албадым. Майлуу эт жеп көнгөн жаным бир кой сатып алалбай куурадым. Сатышпайт, саткандан коркушат экен. Эмне дегенде ар кандай жугуштуу оорулар же этинен кемчилик чыкса түз эле саткан адам жооп берип калат экен. Ошондуктан баардыгы эт комбинаты аркылуу гана дешет. Эт кымбат. Кой этинин бир килосу 8-10 евродон өйдө. Уйдуку деле ушундай. 30 еврого чейин жетет.

БИР ШИҢГИЛ САЯСАТ

Саясат демекчи, анын бар-жогу деле байкалбайт. Себеп дегенде ар кандай шайлоо өнөктүктөрдүн өтүп-өткөнү анча деле абырап-дабырап, ызы-чууга айланбайт. Албетте жогорку мамлекеттик кызматтар арасында, саясый партиялар ортосунда, атаандаштык, ич ара тирешүүлөр тымызын жүрбөй койбойт деңизчи, бирок биздин шайлоолор өңдүү өлкөнү үч көтөрүп, элди экиге, ал эмес жетиге бөлүп, чаңын сапырып жиберет деген түшүнүк жок.

Эң жогорку бийлик бутагы болгон Президенттик, Парламенттик (Эдускунта) шайлоолордун жүрүшүн, өтүшүн анчалык деле шаан-шөкөткө айлантышпайт, бирок шайлоочулардын катышуусу, активдүүлүк жогору. Эң башкысы, уруу-уруу, тааныш-билиш, туугандык, түндүк-түштүк деген «оорулардын» жыты да сезилбейт. «Сиз кимди колдойсуз, кимиси күчтүү» деген суроого жооп алуу мүмкүн эмес. Себеби, ар бир шайлоочу өз жүрөгү тандаган адамга өз укугун пайдаланып добушун берип коюп баса берет.

Өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлиги Президентке жана Эдускунтага – өлкөнүн Парламентине түздөн-түз баш ийет, а аткаруу бийлиги Президенттин жана Мамлекеттик Кеңештин карамагында. Баш мыйзам боюнча Президентти бүткүл элдик шайлоо жолу менен эки мөөнөттөн ашык эмес алты жылга шайлашат. Эдускунта – өлкөнүн бир палаталуу парламенти. 200 депутаттан турган эл өкүлдөрү жалпы элдик добуш менен төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, публицист.

Финляндия, Келсинки шаары, 2012-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG