Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52
Цивилизациялуу, демократиялык мамлекеттерде аткаруу бийлигинин башчыларын дайыма чыныгы атаандаштыктын негизинде тандашат. Программалар, көз караштар жана баалуулуктар коомдун алдында ачык-айкын күрөшөт. Коом бардык нерсеге күбө болуп, анын позициясы чечүүчү ролду ойнойт. Муну биринчи жол десек болот.

Ал эми күчтүү президенттик, авторитардык мамлекеттерде тандоо укугу толугу менен президентте. Президент болсо негизинен алсыз, айтканынан чыкпаган, өз кызыкчылыгына жооп берген адамды тандайт. Коомдун көз карашы, позициясы президенттин колундагы манипуляциялык гана курал болуп эсептелет. Бул экинчи жол.

Чыныгы атаандаштык кайсы гана мамлекетти, экономиканы же жалпы эле багытты болбосун эртеби кечпи өнүгүүгө алып келет. Көп адамдар же коомдор элес албаган сыйкырдуу курал болуп эсептелет.

Мамлекетти башкарууда атаандаштыктын ролу аябагандай маанилүү, мүмкүн эң маанилүү. Биринчиден, бийликке эл ишенимине татыган, жөндөмдүү жана билимдүү адамдардын келишине шарт түзөт. Мисалы Жапонияда премьер-министр болуу үчүн партиянын ичиндеги бардык премьер-министр болом деген атаандаштарын жеңүүгө милдеттүү.

Ал эми Америка Кошмо штаттарында президент, премьер-министр праймеризден өтпөсө эч убакта бийлике келе албайт. Атаандаштык гана бул мамлекеттерде чыныгы лидерлерди жарата алат. Мен толугу менен ишенем, эгерде атаандаштыкты туу тутпаганда дүйнөдө Англия, Германия, Сингапур, Түштүк Корея деген азыркыдай белдүү мамлекеттер болбос эле.

Экинчиден, келечектеги саясатчыларды жана мамлекет башкаруучуларды билимдүү, компетенттүү болууга мотивациялайт. Идеологиялык жактан туруктуу, кулчулук көз караштан арылган жаңы көз караштагы саясатчыларды даярдоого жардам берет. Азыркы абал негизинен кошоматчы, көз каранды жана коррупцияланган башкаруучуларды гана даярдайт. Ушул баалуулуктарды өнүктүрөт.

Үчүнчүдөн, атаандаштык система катарында мамлекетти, өкмөттү, партияларды стагнациядан жана талкалануудан сактайт. Анткени атаандаштык гана өзүн-өзү өнүктүргөн жана өндүргөн мамлекеттик система түзө алат.

Атаандаштык аркылуу кадр тандоо кээде көпчүлүк адамдардын, ошону менен бирге президенттин дагы жеке кызыкчылыгына жооп бербеши мүмкүн. Себеби кадр, ресурс бөлүштүрүү маселелерин президент эмес, атаандаштык түзгөн система чечет. Бирок түшүнгөн адамга ал стратегиялык утуш берет. Күчтүү адам ресурсу пайда болот, улут күчтөнөт, мамлекет өнүгөт.

Мамлекетке чыныгы атаандаштыкты киргизүү аны бекемдөө жана өнүктүрүү ар бир келечекти ойлогон президенттин жана саясатчынын милдети.

Экинчи жол - биз 20 жылдан бери басып келаткан, 23 өкмөт башчыны бекитип кайра кетирген жол.

Бул жол негизинен президенттин гана кызыкчылыгына жооп берет. Кимдин өкмөт башчы жана мүчө болорун ал чечет. Бирөөнү кызматка койгусу келсе аябагандай күчтүү аргументтерди ойлоп табат, "аксакалдар" "жаштар" "партиялар" "фракциялар" ага аябагандай жардам беришет. Бири сунуш кылса, экинчиси калп эле талкуулашат. Алардын сунушунан дагы, талкуусунан дагы эч нерсе чечилбесин өздөрү деле жакшы билишет. Ошентсе дагы кимдир бирөөлөр президентке жагынып, кызмат кылышы керек. Менимче, бул жол биздин мамлекетибиздин жана улутубуздун душманы. Бирок...

Бул жолдун деле кээде ийгиликке жеткирген учурлары бар, кээде. Президент өзү коюп аткан кадрлары үчүн жоопкерчилик алып, коомго ачык айтып, өзүнүн туура көз карашын, билимин колдонуп мамлекеттерин ийгилике жеткирген. Мисалы Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Хван Ю, Чилинин мурдагы диктатору Пиночет же болбосо Грузиянын президенти Саакашвили. Бирок адилеттик үчүн айтып коюш керек, мындай авторитардык кадрдык ыкма менен ийгилике жеткен мамлекеттер өтө эле аз, ал эми талкалангандар өтө эле көп жана жогоруда аталган адамдардын көз карашы, билими жана мүнөзү замандын талабына жооп берген.

Жакын арада президент Алмазбек Атамбаев ушул эки жолдун бирөөсүн тандайт. Ал тандоо кандайдыр бир деңгээлде бизге чоң көрсөткүч боло алат. Биз, мурдагы эле бир адамдын көзүн карап, ал баарын чечкен, ага гана кызмат кылган мамлекеткеби, же 2 жылдан бери күтүп келаткан өзгөрүүгө багыт алабызбы?..

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG