Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:21
Биз кайрадан авторитаризмге багыт алдык. Тилекке каршы каныбызга сиңген бийликке жүгүнүү, кечээги гана басып өткөн татаал жолубуздан жана дүйнөлүк тажрыйбадан сабак албаган президент баш болгон саясатчыларыбыз мамлекетибизди кайрадан авторитаризмдин кучагына түртө баштады.
Ооба, азырынча бул Бакиевдин бандиттик авторитаризми эмес, бирок мамлекетибиздеги болуп аткан акыркы процесстер, президенттин, анын командасынын жана кээ бир саясатчылардын билип-билбей жасаган иштери, мамлекеттик денгээлдеги кээ бир чечимдер кайра эле эски жолго түштүк деп айтууга негиз берет. Алар кайсылар?

Тышкы саясат

Жогорку Кенеш жазында кээ бир депутаттардын сунушу менен «Тышкы саясат жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, Конституцияны бузуу жолу менен тышкы саясатты жана анын стратегиясын аныктоону Президентке алып беришти. Алардын «Конституцияда каралбай калган, талаштуу», «Өкмөт убактылуу, президент туруктуу», «тышкы саясатты президент гана карашы керек» деген кошоматчылардын ырындай болгон аргументтерин биз 20 жылдан бери алиппедей эле жаттап калдык. Анын баары суу кечпеген аргументтер. Көпчүлүк демократиялык мамлекеттерде тышкы саясат өкмөттүн эле колунда. Алыс барбай Түркияны мисал кылсак болот.

Кадр маселеси

Президент Атамбаев мамлекеттеги бардык маанилүү кадр маселелерине де-факто кийлигише баштады. Анын далили катарында бир аз мурдараак социалдык өнүгүү министринин милдетин аткарууга Эдил Байсаловдун сунушталышы, азыркы жаңы өкмөттүн курамындагы бардык маанилүү жетекчилер президенттин адамдары экенин айтсак болот. Мисалы бүгүнкү өкмөттөгү экономикалык блокту алалы, биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев («Ата Мекен» деген аты гана болбосо толугу менен Атамбаевдин кишиси), вице-премьер Тайыр Сарпашев жана экономика министри Темир Сариев - Атамбаевдин креатуралары. Күч блогу толугу менен, коргоо министри Таалай Өмүралиев, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Шамиль Атаханов, башкы прокурор Аида Салянова, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев - Атамбаевдин адамдары. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев - Атамбаевдин администрациясынын кечээги эле жетекчиси. Башкаларын айтпай эле коёюн ушул адамдар аркылуу эле президент Атамбаев Кыргызстанда каалаганын жасоого мүмкүнчүлүгү бар.

Жогорку Кеңеш

Мурда Акаев, Бакиев заманында кой десе болбой эле алардын "президенттик курсун", "стабилдүүлүктү", "ынтымакты" колдогон дежур депутаттар болор эле. Алар азыр дагы өз кызматтарында бекем турушат. Болгон айырма азыр кожоюн гана башка болууда. Алар президент Атамбаевге каршы сөз чыкса эле төштөрүн тосуп колдоого даяр.

Азыркы Жогорку Кеңеште президент Атамбаев каалаган маселесин өткөрүп, каалаган маселеге каршы чыга алат. Себеби биринчиден, коалицияга кирип, кадрдык жана материалдык ресурстарга жетүү үчүн фракциянын лидерлери президенттин айтканынын баарын аткарууга даяр. Экинчиден, мен жогоруда айткан дежур депутаттар кантип эле президент Атамбаевдин саясатын колдобой койсун?! Анын үстүнө Жогорку Кенештин төрагасы Асылбек Жээнбеков толугу менен президенттин адамы.

Сот бийлиги

Бир караганда сотторду Жогорку Кенеш өзү түзгөн «Сотторду тандоо кенеши» аркылуу тандайт жана бекитет. Ал эми реалдуулук бир аз башкачараак. Албетте Сотторду тандоо кенеши жана Жогорку Кенеш соттор үчүн маанилүү органдар. Бирок «сот болом» деген адам биринчи кезекте президенттин көзүн кароого туура келет. Анткени президенттин кайсы бир талапкерге вето коюу укугу сотторду толугу менен президентке күнкөр кылат. Себеби президент каршы болгон сот кайрадан талапкерлигин ал кызматка көрсөтө албайт.

Тышкы күчтөр

Тышкы күчтөргө өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда бир гана ррезиденттин күчтүү бийлиги болгону ыңгайлуу. Анткени аларга президент аркылуу кимдир бирөөнү кызматка коюу же алуу, мамлекеттин жаратылыш байлыгына ээлик кылуу, эл аралык саясатта Кыргызстанды курал катары пайдалануу бир топ жеңилге турат. Мунун баарын күчтүү президент аркылуу ишке ашырса болот. Ал эми парламентаризм, бийликтин тең салмактуу бөлүнгөн системасы, алардын Кыргызстандагы кызыкчылыгын ишке ашырууга жолтоо болгон система. Андыктан алар дагы бийликти президенттин колуна топтоп берсек дегенде ак эткенден так этип отурушат. Президент Атамбаевдин бийликти бир колго топтоо аракетине алар пикирлеш жана жардамчы десек жарашат.

Күнүмдүк турмуш

Акаев жана Бакиевдин мезгили менен азыркыбыздын анчейин деле айырмасы жок. Мисалы мурда өлкө башчылары жолдо жүрсө милисалар тапырап, жолдор жабылчу; аларды толгон токой сакчылар жана снайперлер кайтарчу; чурулдаган 10 чакты машина коштоп жүрчү; жүздөгөн миллион сомдор президентти жана анын структураларына сарпталчу (учурда андан да көп); тегерегиндеги кошоматчы, интригандар бийлик топтогонго жардам берчү жана өкмөткө каалаган кишисин койчу - азыр деле ошондой. Санап отурсак бир канча...

Бирок адилеттик үчүн айта кетүүм керек, азырынча президент Атамбаев жана анын жакындары коррупцияга аралашканын уга элекмин.

2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде Кыргызстан, эл аралык коомчулук жана эксперттер тарабынан парламенттик же болбосо парламенттик-президенттик мамлекет деп таанылган. Жөнөкөй тил менен айтканда мамлекетти негизинен Жогорку Кенеш бекиткен премьер-министр башында турган өкмөт башкарат. Бирок мен жогоруда белгилегендей, бүгүн өкмөт дагы, Жогорку Кенеш дагы, Сот бийлиги дагы толугу менен президентке көз каранды болуп калды.
Жумшак авторитардык бийлик пайда болду. Ошондуктан мындан ары мамлекеттеги саясый, социалдык-экономикалык абалга жоопкерчиликти президент Атамбаевге жүктөгөнүбүз туура болот. Эми мамлекеттеги бардык нерселерге: жакшысына да, жаманына да жоопкерчиликтүү адам - Алмазбек Атамбаев.

Менин жеке көз карашымда, эгер биз өнүгөлү десек авторитардык ыкманы, күчтүү президентти жана улуттук мифологиябыздагы элибизди баккан баатырды эмес, күчтүү жана адилеттүү мамлекеттик институттарды түзүү зарыл. Азыркы шартта ал максатка жетүү үчүн күрөшүүбүз керек. Алар биринчи кезекте: күчтүү парламент, көз карандысыз өкмөт, күчтүү жарандык коом, адилеттүү сот жана таза шайлоо.
Урматтуу окурман, эгер байкасаңыз, жогорудагы саналган институттардын арасында "күчтүү президент" жок. Биз эгер аталган институттарды бекемдөөнүн ордуна президент Атамбаевди канча күчтүү кылбайлы, анын мамлекетке пайдасы деле тийбейт. Аны эки гана жыл мурдагы тарыхыбыз далилдеп турат.

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG