Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

Музыка уксам болобу, молдоке?


Мен башка динди тутунган, исламга каршы пикирдеги адамдардан эмесмин. Ошон үчүн “чү” дегенде эле козголгон маселени унутуп коюп авторду баса калып, тытмалап кирбесеңиз деп суранат элем. Соңку күндөрү өзүм күбө болгон, интернеттеги социалдык тармактарда талаштын очогуна айланган маселелер боюнча ой бөлүшөйүн дедим эле.

Музыка - тозокпу?

Жакында эле жубайым экөөбүз Алматыдан Бишкекти көздөй таксиге отуруп калдык. Жеңил машинеге төрт адам сыят эмеспи, бизге болжол менен 25 жаштардагы эки жаш түгөй сапарлаш болушту. Жолго чыкпай жатып орундук тандоодо маселе чыкса болобу. Тиги сакал өстүргөн жигит менин жубайым башка эркектин жанында отурса болбойт деп мени ордуман тургузуп, алдыңкы орундукка отургузду. Анан менин жубайымдын жанына өзүнүн бети-башын чүмкөп алган аялын отургузуп, өзү четтен орун алды. Бул бул болду. Анан эле айдоочубуз өзү кошула кыңылдап ырдап, машинесинин музыкасын жандырса, тиги жигит музыка укса күнөө болоорун, аны уккандар тозокко түшөөрүн айтып, музыканы да өчүртүп салды.

Ошентип алыскы жолдо бири-бирибизди тиктешип, машиненин зыңылдаган гана үнүн угуп, унчукпай келдик. Жол ката тиги жигит музыка тозок экенин айтып баштаганда менде да бир нече суроолор пайда болуп, анан исламда эки аял алса болобу деп сурасам, алың жетсе үч аял алганга уруксат деп аялынын көзүнчө эле шар жооп берди.

- Сиз дагы бир аял алайын деген ниетиңиз барбы? - деп сурасам, - Аны мүмкүнчүлүккө карап көрөм, - деп жооп узатты. Аялы деле кың дебеди, чамасы анын мындай сөздөрүнө биротоло көнүп бүткөн окшойт деп ойлодум. Кыскасы, беш убак намаз окуп, ыйман жолунда жүргөн, бирок музыка укпаган, үч аял алса болот деп эсептеген бул жигит менен ушундайча жолугуштум.

Кантип саламдашабыз?

Акыркы учурда интернетте ассалляму алейким ва рахматтулоху ва баракатух деп акыбалды сурашкан досторум көбөйдү. Бул кадимки эле саламдашканы. Бир ирет ушинтип саламдашкан досума айттым, жөн эле “салам” же болбосо “кандайсың” деп кыргызча эле учурашса болбойбу десем мага таарынып калды. Анан ата-энеси ыйгарган ысымдарын өзгөртүп атап алгандар да көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Мисалы, аты Куштарбек Арзыбеков болсо, Абу Куштарбек аль-Арзымат болуп алгандар четтен чыгат. Динге берилип, намаз окуп, бирок аттарыбызды кыргызча бойдон эле калтырып, бири-бирибиз менен алик алышканда кыргызча, түшүнүктүү тил менен эле учурашсак кандай болот?

Кол тийгистерби?

Негизи, исламга таянып алып өздөрүнүн пикирин таңуулай берген, бир гана меники туура деп, башка бирөөнүн пикири менен эсептешүүнү каалабай, бир сөз менен айтканда сөзгө келбегендер көбөйүп, интернетте өзүнчө бир топ болуп алышканы таңкалыштуу. Жакында КТРКда көз ачыктардын таймашы тууралуу программаны талкууга алышып, КТРди жерден алып көргө ыргытып, көз ачыктарга эмне үчүн эфир берет деп чакчелекей түшүштү. Ал берүүнүн да көрөрмандары бар экенин, Кыргызстан диний эмес, эркин, светтик өлкө экенин жаза коём деп белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова талоондо калды. Аны исламга каршысың деп сынга алышып, чычаңына чейин асылып, балаңы порнографиялык тасмага тартайын деп турасыңбы дегенге чейин сындашты.

Айтор өтө радикалдашкан көрүнүштөрдү айта берсе чыга берчүдөй.

Айтайын дегеним эле досум жана кесиптешим жөнүндө. Экөө тең беш убак намаз окуйт, бирок сакал коюп, узун кийинбейт. Экөө тең ислам динин карманат, бирок сен эмне намаз окубайсың, сен эмне сыра ичесиң, сен эмне үчүн музыка угасың, сен эмне үчүн телевизор көрөсүң деп эч качан жээрибейт. Биз да алардын ишенимин сыйлап, түшүнүү менен мамиле кылабыз. Башка адамдардын да ишенимин сыйлап, намаз окуп же жоолук салынбаганы үчүн баса калбай жогорудагы эки жигитке окшоп толеранттуу болуп жашасак кантет?
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG