Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Ташиевди таш күзгүдөн карасам...


Кечээки Ак үйдүн жанында болуп өткөн окуяны журналисттердин баары жазышты. Ар кандай өңүттө. Мындан бул нерсе эч кимди кайдыгер калтырбаганын билүүгө болот. Ошолордун катарында мени да жөн калтырбады. Бул митинг тууралуу эмес, мен Ташиев тууралуу ойлондум...

Айрыкча, 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин депутат Камчыбек Ташиевдин “Түштүктө 10 миң эл көтөрүлөт. Ошто жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Кырдаал оор болуп турат” деген сыяктуу сөздөрүн уккандан жөнөкөй жаран катары, чынын айтканда, коркчумун. Дагы бир балээ чыгып кетет экен деп. Ошондой эле күндөрдүн биринде, Оштун жергиликтүү кеңешине шайлоо жүрүп аткан учурда дагы улуттар ортосунда жаңжал чыгып кетиши мүмкүн экенин, азыркы бийликке нааразы болгон он миңден ашык адам мөөнөтсүз нааразылык акциясына чыгарын айтты. Бул тууралуу гезитке макала даярдап атып саясый серепчи Орозбек Молдалиев менен “Улуттар ортосунда жаңжал чыгып кетпейби?” деп сүйлөшүп калдым. Ал киши “Камчыбек Ташиев айтып аткан болсо эл ойлонбой деле койсо болот, себеби ал сөзүндө турбаган жигит, айтканын бир жолу да аткарган эмес. Бакиевди алып келем деп айтты эле, алып келдиби?” - деген пикирин айтты. Кийинчерээк опузалап коркутмай, аткарылбаган куру убадалар, ойлонбой балп эткизип сүйлөп коймой - бул Ташиевге таандык мүнөз, сапаттар экенине ынанып, анын билдирүүлөрүнөн чочулабай калдым.

Жакында эле “Де-факто” гезитиндеги маегинде: “Бабановдун ким экенин элдин баары билет. Мен ачык эле айтайын, таарынышпасын, өкмөт башчылыкка таза кандуу, кыргыз улуту, кыргыз мамлекети үчүн чындап күйгөн адамды алып келиш керек. Биз татарлардын, еврейлердин, орустардын жана башка улуттардын артынан жүрүп келдик. Эми күрттөрдүн артынан жүрө баштадык. Ошого келип атабыз. Чындап улутту ойлогон адам, таза кандуу кыргыз болууга тийиш”, - деп айтты эле. Бул сөзүн улуттар ортосуна от тамызган жокпу (?) деп Баш прокуратура экспертизадан өткөрүп баштаганда депутат айткан сөзүн дароо эле танып кетти. “Таза кандуу деген сөздү айтып атканда Бабановду генетикалык жактан басмырлайын деген эмесмин, мен мамлекет үчүн күйгөн адамды таза кыргыз деп эсептейм” деп чыкты. Ошол эле “Бакиевди алып келем” деген видеосун “бул монтаж, мен антип айткан эмесмин” дей салды...

Эми кечээки митингде бийликти басып алууга ачык эле үндөгөнү көрүнүп турат, эми муну тана албаса керек деп ойлодум эле. Жаңылышыпмын. “Чыңгызхан деле 17 адам менен бийликти алган. Биз деле 20 адам менен бийликти басып алабыз. Ошту, Жалал-Абадды алабыз» деп, артынан элди ээрчитип Ак үйдү көздөй жүткүндү. Ал жерден өзү биринчи болуп темир тосмодон короого ашып өттү. Эми адатынча “Мен бийликти басып алууга чакырык жасаган эмесмин. Мен жумушка келгем. Ак үйгө киргизбей коюшкандан кийин жумушка ашып өтүп кирейин дегем” деп чыкты. Анысы ал болду. Эң кызыгы депутат маалымат каражаттарына бутуна ок тийгенин жарыялап жиберди. Эртесинде эле ал кайрылган президенттин алдындагы оорукананын дарыгери Ташиевдин санынын жогору жагына операция жасаганын, ал октон эмес, темирден жаракат алганын (ашып атканда шиш сайылып кетсе керек да) билдирди. Бир туруп күлкүң келсе, бир туруп биздин депутаттар ушинтип оюна келгенин сүйлөп отурганын көрүп зээниң кейийт. Биздин президент болом деген дымагы бар саясатчыларыбыздын кылары ушул болсо...

Дилбар АЛИМОВА, журналист
XS
SM
MD
LG