Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Ала качуу романтика эмес, адам уурдоо


Кыз ала качууга каршы акциядан, Каракол, 9-октябрь, 2012.

Кыз ала качууга каршы акциядан, Каракол, 9-октябрь, 2012.

Жакында аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн (25-ноябрдан 10-декабрга чейин) өнөктүгүнүн алкагында өлкөнүн бардык аймактарында ар кандай иш-чаралар өттү. Ошолордун бири - “Аялдарды колдоо борборунун” кызматкерлери тарабынан Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун курсанттары жана Кыргызстандагы Ислам университетинин студенттери арасындагы окуулар болду. Жалпысынан бул семинарга аталган окуу жайларында билим алып жаткан 347 уландар катышты. Аларга аялдарга карата зомбулук түшүнүгү, анын бүгүнкү күндөгү улам күчөп баратканы, айрыкча кыз уурдоо зомбулугу кеңири талкууга алынды.

Студенттердин катышуусу менен кыз уурдоо көрүнүшү ролдук оюн катары уюштурулду. Семинар соңунда алардын ичинен 186 студент-жигиттер кыз уурдоону канип токтотуу керек деген маселе боюнча Кыргызстан элине жазуу түрүндө өздөрүнүн кайрылуусун беришти.

Мына ушул конверт ичиндеги чын-дилден жазылган ой-сунуштарды окуп чыккан соң, алардын негизинде ушул макаланы жазууну туура таптык.
Кайрылуу мазмуну боюнча негизинен 3 багыттагы пикирлерди, сунуштарды камтыган. Биринчиси – кыз уурдоону токтотуу керек, бул - кылмыш, мындай кылмышка баргандарды жазалоону да күчөтүү зарыл деген пикирди айткандар. Булар курсанттар арасында 50%, ал эми Ислам университетинин студенттери арасында болгону 6,1% түзгөн.

Ошол ой-пикирлердин айрымдарына орун берели:

- Менин атам менен апам да ала качуу жолу менен баш кошкон. Азыркы учурда ажырашып кетишкен. Менин айтаарым, эч ким мындай жолго барбасын. Чоң энем: “сен да атаңа окшоп ала качып келсең өзүңдү да, аялыңды да үйдөн айдап жиберем”, - дейт. (аскер окуу жайынын курсанты)

- Менин сүйлөшкөн кызымды ала качып кетишкен. Артынан барсам кеч болуп калыптыр, аны отургузуп коюшуптур. Кыздардын сүйүүсүнө балта чапкан балдарды 155-берене менен 5-7 жылга эмес, 10-15 жылга деле кессе туура болот. (аскер окуу жайынын курсанты)

- Менин ата-энем бул кызды ала качып кел десе да андай жолго барбайм, колуман келсе өзүм сүйүп, сүйлөшкөн кызды гана алам. (аскер окуу жайынын курсанты)

- Мен азыр эле кызды зомбулук менен уурдаганды сүрөттөгөн оюнда кыздын ролун аткардым. Абдан ыза болдум, кордукту сездим. Мен ала качууга абдан каршымын, булл - зомбулук! ( аскер окуу жайынын курсанты)

Бирок семинарга катышкан Ислам университетинин студенттеринин көпчүлүгү (62%) ала качуунун, дегеле аялга карата зомбулуктун эң негизги себеби - динсиздик деген пикирди айтышкан. Ала качууга кыздар өзү күнөөлүү, алар кыска кийимдерди кийип, бейадеп жүрүм-туруму жана жигиттерди тоотпой койгондугу, же “сенин үйүң, машинең жок” дегендери, же болбосо ала качкан жерде каршылык көрсөтпөй отуруп калгандыгы буга себеп болот, кыздардын өзү менен да иштөө керек, аларды тарбиялоо зарыл дегендер курсанттар арасында 34%, ал эми Ислам университетинин студенттери арасында 13% түзгөн.

Мындан тышкары студенттердин калган бөлүгү үйлөнүүнүн башка ылайыктуу жолун табуу керек (уялчаактар эмне кылат, ала качпаса, жигиттердин көбү бойдок болуп калбайбы), дин да, мыйзам да бул багытта чогуу иштеши керек, кедейликтин айынан жигиттер ушуга барат, ата-эненини пикири, ыраазычылыгы, ата-эне, кыздар менен да иштөө керек, анткени көп ата-эне кыздарды отур деп коёт деген сыяктуу ойлорун жана сунуштарын билдиришкен.

Биз пикирин билген жаштар 18ден 25ке чейинкилер, тактап айтканда үй-бүлө курууга камынып жаткандар. Алар өздөрүнүн иш-аракеттери менен кыз уурдоо көйгөйүн азайтуучулар, ошол эле учурда көбөйтүүчүлөр да болуп саналат. Булардын пикири Кыргызстандын жаш жигиттеринин жалпы пикирин кайсы бир деңгээлде чагылдырып турат. Буга негиз бар, анткени алардын дээрлик көпчүлүгү айылдык жигиттер.
Жаш жигиттердин пикирине таянсак, тилекке каршы алардын арасында кыздарды зомбулук менен уурдап кетүүнү актагандар, аны ар кайсы себептерге шылтоологондордун да арбын экени байкалды.

Мисалы, Ислам университетинин студенттеринин көпчүлүгү ала качууну динди тутпагандык, кыздардын ыймансыздыгы менен байланыштырат.

- Азыркы учурда аялдардын кадыр-баркы калбаган, урмат-сыйдан куру, анткени алар исламдан алыстап кетишкен. Эгер ислам эрежелерин билсек бирөөнүн кызын уурдамак турсун колуңду тийгизе алмак эмессиң. Эгер аялдар исламдын буйруктарын карманса, хижабын кийсе эч ким уурдай албайт. (Ислам университетинин студенти)

Ал эми Аскер институтунун студенттеринин 34% (41 студент) буга кыздар өзү күнөөлүү деп айтышат. Тактап айтканда, кыздар бой көтөрүшөт, сырт келбети сулуу эмес жигиттерди, акчасы, дүйнө мүлкү жокторду тоотушпайт, зомбулук менен ала качышса да каршылык көрсөтпөй отуруп калышат, тамеки тартып, кыска юбка кийип түнкүсүн да көчөлөрдө жүрүп, жигиттерди ала качууга өздөрү түртөт дейт. Кыскасы, кыздар менен да бул маселеде иштешкиле, бул жерде жигиттер эле күнөөлүү эмес дегендей пикирлерди айтышкан. Бул сунуштар кыз уурдоочулар дагы эле болсо көп болоорун каңкуулап турат.

Төмөндө курсанттардын типтүү мүнөзгө ээ болгон (бир нече ирет кайталанган) пикирлерин келтиребиз:

- Ала качуу туура эмес, бирок бүгүнкү жашоо-шарт ошого алып баратат.Азыр кыздар менен таанышсаң эле “үйүң, машинең барбы?” деп сурайт, жок десең көңүлү чөгүп, маанайы пас болуп калат. Эгер бар десең: «мени ала качып кет, ата-энеме өзүм айтам, алар мени отургузушат» дейт.

- Ала качуу туура эмес, бирок кыздар өздөрүн эркекке теңебей,эркектерден өйдө сезишип, аны карабаса эркектин да намысы бар да, туурабы? Намысына чыдабай анан кызды уурдайт.Эркек: “Мен деген баарынан сулуусун алам» деп калат да…

- Кыргыздын кыздарынын эч качан эркекке теңелем деген ою болбош керек. Баари бир үйдү эркектер башкарыш керек деп ойлойм.

- Кыздар, бир жигитти алдап, экинчиси менен сүйлөшпөсөңөр, эки жигит бири-бирин байкап калса сөзсүз ала качуу болот.

- Кыргызстан кыздарына: кыздар өзүңөрдү жакшы алып жүрүшүңөрдү каалайбыз, биз жигиттер жинди эмеспиз да силерди ала качкандай.Мен мекенимди коргогон соң, силерди да коргоймун. Намаз окуп, кудайга ишенип жакшы жүрсөңөр, силерге ким тийишмек эле. Силер өзүңөр кыска юбка кийип, тамеки чегип,арак ичип жана башка нерселер менен эркек адамды кызыктырып…

-Эгер мен кыз алып качып келсем, аны бактылуу кылууга милдеттүүмүн, анткени менин да эже, карындаштарым бар…(Аскер окуу жайынын курсанты)

-Үйлөнө турган жигит сырткы көрүнүшү жаман болсо, ал үйлөнө турган куракта болсо, эч бир кыз аны жакпайт деп тийбей койсо, анда эмне кылат, айласы жок ала качат…

- Ала качуу - менин оюмча бул салт, муну такыр токтотууга болбойт, кыздарды уурдаганда жигиттер эле эмес, кыздардын ата-энеси да күнөөлүү, алар кыздарын зордоп отургузуп коюшат, намыстанышат.

- Кыздар менен балдарды тааныштырчу, табыштырчу уюм ачылса, ала качуу болбой калат деп ойлоймун.

- Кыз ала качууну токтотуу кыйын деп ойлоймун, себеби той берип үйлөнсөң кыз бергенге да, келин алганга да оор. Андан көрө ала качып келсең баары жеңил болот.

Ата-энелер да бул маселеде чоң роль ойнойт, алар менен да иштөө керек, ошондой эле мамлекет жана дин да биргелешип бул көйгөй менен күрөшүшү керек деген пикирди Ислам университетинин 10 студенти билдирген.

- Аялдарга карата зомбулук болбош үчүн ата-эне уулуна акылына кирген күндөн баштап эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Биздин бийлик да кыз уурдоого каршы мыйзам чегинде катуу жаза колдонсо, балким кылмыш токтойт.

- Ата-эненин тарбиясы керек. Алар динди да, мыйзамды да билиши зарыл. Жуучу түшүп барганда бай-кедей деп теңсинбей койгондор бар, ошол учурда балдар жини келип зомбулукка барышат.

Бүгүн же эртең турмуш курам деп жаткан жаш жигиттердин пикирлеринин баарын талдаган соң төмөнкүдөй жыйынтык чыгара алдык:

• Бизге пикирин билдирген жаштардын теңи кыз уурдоону кылмыш деп түшүнөт жана ага барбоого бардык жарандарды чакырат.

• Кыздарды зомбулук менен уурдоо жакын арада токтобойт, анткени жаш жигиттердин теңи бул зомбулуктун болушун ар кандай социалдык-экономикалык, моралдык жана этикалык мотивдер менен актап жана шарттап жатышат.

• Негизинен ата-энелер кыз уурдоого каршы эмес, аларга кызынын кандай жол менен болсо да барган жери жакшы болуп, орун-очок алганы туура, аларга кызынын бактысына караганда өздөрүнүн намысы бийигирээк.

• Жигиттердин ою боюнча кыз уурдоону болтурбай коюш үчүн алардын эркиндигин, укуктарын чектөө зарыл. Алар эркектерге теңелбеш керек, кыска юбка кийбеш керек дагы ж.б, у.с.

• Диний эрежелерди бекем тутуу гана аялга карата бардык зомбулуктан куткарат деген көз караш да жаштар арасында жайылган.

  • Бул азыноолак пикирлерди билүү бизге кыз уурдоо көйгөйүн чечүү жолунда аз да болсо айрым ишмердиктердин багыттарын тактоого жана аныктоого мүмкүндүк берип отурат. Бул проблеманын тегерегинде айтылган пикирлердин көп түрдүүлүгү да кыз уурдоо көйгөйүнүн тереңдигин, оордугун жана татаалдыгын дагы бир жолу ырастады.

Ошондуктан, бул көйгөй менен күрөшүүдө мезгил-мезгили менен болгон кампаниялар менен гана чектелбестен, мамлекеттик деңгээлдеги системалуу мүнөздөгү иш-чараларды тынбай жүргүзүү зарыл. 16 күн эмес, айлап, жылдап созулган кампанияларды уюштуруу абзел. Буга бейөкмөт уюмдар гана эмес, мамлекеттик структуралар, жергиликтүү бийлик, жамааттар, мектептер, жогорку жана кесиптик орто окуу жайлары, ММКлар жарандык активдүү позициясын көрсөтүшү керек.

  • Кызды уурдагандыгы үчүн мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү, укук коргоо органдарынын кыз уурдоо көрүнүшүнө карата көңүл буруусун, ошол эле учурда жабырлануучулардын да өз укуктарын коргоо багытында кайдыгер болбоосун камсыздоо

  • Биздин менталитетке ылайык жаштардын жар тандап, бүлө куруусунда ата-энелер чоң роль ойнойт. Алардын пикири, берген батасы, колдоосу жаш үй-бүлөнүн андан аркы тагдырында чоң мааниге ээ. Ошондуктан, ата-энелер арасында да кыздарды зомбулук менен уурдаган көрүнүшкө каршы мыйзамдык жана моралдык жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
  • Үй-бүлө баалуулуктарын даңазалаган теле-радиоберүүлөрдү тынбай уюштуруу үй-бүлө куруу жоопкерчилигин жаштар арасында күчөтүү үчүн өбөлгө болот.

  • Турмуш жолуна аттанууда турган жаштарга жардам берүүнүн заманбап стандарттарына (мыйзамдык да, моралдык да жактан төп келген) өтүү эчак эле бышып жетилди. Тактап айтканда, турмуш курууга умтулган кыздарды жана жигиттерди тааныштырып, табыштыра турган атайын, расмий десек да болот, уюм же мекеме ачуу да мезгил талабы болуп отурат. Мындай мекеменин кызматынан жарандар эч кандай уялбай-этпей пайдалана ала тургандай шарт түзүп, ал мекеменин кадыр-баркын көтөрүү зарыл.

  • Кыз уурдоо – романтика эмес, ал эбак эле кадимки адам уурдоого айланып калган. Анын арты өлүм менен аяктаган учурлар акыркы маалда көбөйүп жатат. Коомчулук, жамы журт буга каршы түп көтөрүлчү мезгил келди деп ойлойбуз.

Топчугүл Шайдуллаева, социолог-журналист.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG