Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Пулуң болсо - кулуңмун


“Жашоодо баары сатылат, окууңду бүтүп кай жерге жумушка барба - каалгасын жаап коюшат. Эгер капчыгың жука болсо - сага эч ким эшик ачпайт. "Аракет кыла бер, бирок бир күнү өзүң эле артка чегинесиң” - келечектен көптү үмүттөнгөн, чоң максат артынан түшкөн кыялкеч кыздын абалы ушул сөздөрдү укканда кандай болду деп ойлойсуз?

Мага окшогон Чоң турмушка сапар алгандардын жаңы кыял-максаттары, ой-тилектери ушинтип жабык каалгаларга келип такалат. “Акчаң болсо - барсың, жок болсо - малсың” - бул жаңы замандын ылакабы, бул ойду элибиз мурда эле “пулуң болсо - кулуңмун” деп айтып койгон тура. Коррупцияга белчебизден батып калган кезде эми мен эле калгансып “паракорчулукту токтотолу” дегеним таң калтыраарлык болушу мүмкүн. Азыр баскан-турган жерден алмай-бермей болуп калбадыбы. Жоро-жолдошторумдун пара бергендеринен да, алгандарынан да бир-эки мисал.

50 сомдук агай

- Сен сабактарыңды “развод” кылдың беле?

- Ооба, көп эле жолу бергенмин. Бир жолу жайында экзамен берип жатабыз, баары эле сессиясын жаап айылдарына кетип жатышат. А биздин группа бир агайды күтүп калды мини сессияга. Телефон менен байланышсак үй-бүлөсү менен Көлгө кеткен болот, тойдо же тоодо жүргөн болот. Биз тарапка да күн тийген окшойт, бир күнү агай экзамен алам деп келип калды. Мени биринчи эле чакырып, түшүмдө көрбөгөн суроолорду бере баштады. Ынандыраарлык жооп укпашына көзү жеттиби, мага карап: “Телефонума 200 бирдик салып кой, коюп коём”, - деди.

Иштебесем менде кайдагы акча? “Макул, 100 бирдик салып койчу”. Менде 50 эле сом бар экенин айттым. “50 сом салып кел, коюп берем”. “Соодалашып” түшүрүп алдым да, кудуңдаган бойдон барып агайдын номерине бирдик жүктөп келип, баа алдым.

Эжейге пара алганды биз үйрөткөнбүз

- Бизге эжей сабагын үйрөтө албай койду эле, биз эжейге пара алганды үйрөтүп койдук.

- Кантип, ушундай да болмок беле?

- Жаңы эле жумушка орношкон жаш эжей болчу. Азыр иштебейт, башка окуу жайда сабак берип жатат деп угабыз. Экзаменге эки күн калганда эжейге жолугуп, “даяр эмеспиз, “мындай” эле бүтүрөлү” дегениме алгач түшүнгөн жок. Сөздүн төркүнүн түшүнгөн соң эртең кабинетке кел деди. Эртеси акчаны чогултуп, мынча студенттин акчасы деп сунсам, эжейдин көздөрү алаңдайт. Эч нерсе сүйлөбөй эле журналдын артына акчаны катып, сумкасына салып койдум. Ошол күнү калтырак баскан эжей арадан бир канча күн өткөндөн кийин жолугуп калсам, бир студенттин акчасы кем экенин айтты. “Эже, акчаны чогулткан староста өзү кошпойт. Эми аны жөн эле койбойсузбу?” - деп колун кыса кармап, күлүп басып кеттим. Ошентип “апакай” эжекейге пара алганды да үйрөткөнбүз.

Кол койгонго да төлөй жүр

- Жумушка орношоордо медициналык кароодон өтүшүң керек дегенинен түз эле поликлиникага бардым. Эки күн дегенде араң анализдеримди алып, акыркы мөөрдү койдуруу үчүн баш дарыгерге кирдим. Бул туура эмес, тигинин колу керек, мындай кылышың керек болчу десе, ии калганын бүткөрөйүн деп, кагаздарды көтөрүп чыгып баратсам: “Алтыным, тыйын берсең азыр эле бүтпөйт беле?” дебеспи артыман.

Асмандан издегеним жерден табылып, чөнтөгүмдө болгон тыйынымды бере салдым. Баш дарыгер колун балчайта коюп, мөөрүн басып, мени жолго салды.

Акча деп кантип алтын баласынан айрылды?

Бул окуяны социалдык тармактардын биринен окуган элем: “Мен шаардагы ооруканада мээрбан айым болуп иштейм. Эртең менен нөөмөттү кабыл алып, жумуш күнүбүз башталат. “Тез жардамдын” келип кеткенин көрө берип, көңүл бурбай деле калганбыз. Бир жолу бир жигит мектепке бараткан жолдо кичинекей баланы сүзүп, машинасына салып бизге алып келип, эки жакка чуркап жүргөнүнө көзүм түшүп калды. Башкы дарыгерибизге барганда баланы столго жаткырып коюшту. “Балага карап коюңузчу” деп суранган уландын жалбарганына карабай дарыгер өз ишин уланта берди.

Акча үмүттөнүп жатканын түшүнүп, чуркап чыгып кеткен жигит жарым саатта кайра келип, дарыгердин чөнтөгүнө акча салганда гана бизге баланы операциялык столго алып киргиле деген буйрук келди. Баланын бетиндеги канды тазалап жатып, кеч болуп калганын түшүндүк. Капыстан ажал тапкан наристени карай салып эс-учун жоготкон баш дарыгер “бир боорума жашоо берип, кайра алдымбы!” деп өз баласын кучактап боздоп жатты...

Паракорчулук качан токтойт? - бул мени да кызыктырган суроо. Өзүбүз пара алабыз, беребиз, алганды үйрөтөбүз, бергенге мажбурлайбыз кичинелерге үйрөтөбүз, каныбызга сиңип калыптыр. Кантип эле бул балээни жеңүүгө болбосун? Же дарыгердей өз баласынын жанын алып токтотобузбу?

Айпери Ганыжан кызы, Бишкек
XS
SM
MD
LG