Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22
Ошентип апрелди да узаттык. Бирде ысып, бирде муздап жатып билинбей өтүп кетти. Айрыкча, акыркы күндөрү жаан тынган жок. Сабалап төгүп, кимдир бирөөнү жоктогондой. Анткен сайын үч жыл мурда, дал ушул айда болгон окуя көз алдыма келе берди. Бишкектин чок ортосу, топураган калың эл, аларга карай атылган октор, кыпкызыл кан...Анда да жамгыр куюп турган...

Ошол күнү кара ниет менен адилеттүүлүктүн бетме-бет кезигүүсү болорун, чындык деген чырактай өмүрлөр жалп өчөөрүн табият алдын ала билиптир. Таң жапжакшынакай атып эле аздан соң шолоктоп ыйлаган энедей нөшөрлөп жаан жаады. Ачылды да кайра түнөрдү. Мындай сырдуу кубулуш эртесине чейин кайталанып турду. Көрсө, ошол күнү Ала-Тоо аянтында бүткүл дүйнөнү суктандырган да, кейишке салган да бир окуя болорун боолгологон тура табият жарыктык...

2010-жылдын 7-апрели. Кыргызстандын аймактарында эл бийлигин өзүнө энчилеп, эл менен эсептешпей калган Бакиевдин системасын сындап, “эсиң барда этегиңди жап” дегендей ниетте кеп-кеңешке, адилеттүүлүккө чакыра турган тынч жыйындар өтмөк.

Бирок кургур Бакиев жана анын сыйын, жардамын татып калган жан-жөкөрлөрү калың элдин мүдөөсүн, ой-пикирин уккусу келбеди. Нарын, Таласта өткөн элдик жыйындарды кара күч менен басууга жан далбастады. Калыстык, чындык эл тарапка оой берди. 7-апрель күнү аянтка чогулган эл менен ачык сүйлөшүүгө кудурети жетпеди, эси жок бийликтин. Акылга сыйбаган иш кылып, ок менен тосуп алды. Ойлосо керек, он чактысын атсам, калганы качат, анан тың чыкмаларын мыйзамга такап, чекесинен олтургузуп жок кылам деп.

Канында беттегенин бербеген көк жалдык, өктөмдүк, чындык үчүн өлүмдөн да тартынбаган баатыр Манастын урпактары болчубу, карап турчубу? Мөндүрдөй жааган окту тоготуп да коюшкан жок. Чындык, Келечек, Кыргызстан үчүн деген көкжал азаматтар “Качпагыла, коркпогула, алга” деп ураан чакырып жыла берди.

Ошол күнү алысты көрө билбеген мажирөө бийлик менен элдин ортосундагы кармаштан 86 азаматтын өмүр гүлү соолуду. Кайран гана кыраандар. Кудай берген жашты жашасаңар эмне. Тагдыр экен эртелеп учуп кеттиңер оо дүйнөгө, октон, өлүмдөн коркпой. Чындыктын жүзү кандай болорун далилдедиңер! Бүтүндөй өлкөнү өзүм, үй-бүлөм менен кыңк эттирбей башкарам деген бийлик системасынын башын алдыңар. Келечек, гүлдөгөн Кыргызстан деп бул жарыкчылыктан эртелеп узадыңар. Эмне дейбиз. Силер түбөлүк даңктуусуңар, силер түбөлүк жашайсыңар. Таазим силерге баатырлар.

Бир гана сураныч. Силердин жашоого болгон укугуңарды жокко чыгарып, кырчындай өмүрүңөрдү кыйып кеткендер жазалана элек. Алар баары бир жазаланат. Кечире тургула берендер.

Ошентип апрелди да узаттык. Аянт бүгүн тынч. Тек гана энелердин жашына окшоп жаан төгүп турат. Жүрөгүм сыздап турат...

7-апрель күнү окуяга түздөн-түз катышып, ушул саптарды ыйлап олтуруп жазган, “Азаттыкты” баалаган Өндүрүш Токтонасыров.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG